Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

FT: Ирандагы режимдин келечеги кертилди


Ирандын Керман шаарындагы нааразылыктан бир көрүнүш.
Ирандын Керман шаарындагы нааразылыктан бир көрүнүш.

Улуттар Уюмунун баш катчысы иран бийликтерин нааразылык билдиргени чыккан өз жарандарына каршы күч колдонууну дароо токтотууга чакырды. Тегеранда дүйшөмбү күнү да оппозициянын тарапкерлери демонстрацияга чогулуп, полиция аларды кууп таркатты.Кагылышта жабыркагандар болгон-болбогону белгисиз.

Ирандагы ар түрдүү булактардан алынган маалыматтарда оппозициянын тарапкерлери нааразылык билдирүүнүн ар түрдүү ыкмаларын колдоно баштаганы айтылат. Тегерандын айрым райондорунда алар көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып алып, жашыл тууларын булгалап,өкмөткө каршы ураан-чакырыктарды айтышты.Алардын дагы бир жамааты көчөлөргө жеңил машиналарын айдап чыгып, бапылдатып үн чыгарышты, жарыктарын өчүрбөй,шаарды аркы-терки айланып, аламан салышты.

Нажат районуна миңдей киши чогулуп,аларга каршы бийликтер полициянын отряддарын айдакташты. Демонстранттар аларды таш бараңга алып,айрым жерлерде жөөлөшүп, чабыша кетишти. Полиция жаш агызма газ колдонуп, асманга ок атканга аргасыз болду. Медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылган адамдар тууралуу маалымат бергенге дарыгерлерге катуу тыюу салынгандыктан кагылышта жабыркагандар болгон-болбогону белгисиз бойдон калды.

Англис тилиндеги мамлекеттик Press TV каналы шейшемби күнү эрте мененки жаңылыктар топтомунда конституциялык көзөмөл органы – сакчылар Кеңеши шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын жокко чыгаргандан баш тартканын маалымдады.

Андан бир күн мурда ислам революциясынын сакчылар Корпусу нараазылык жүрүштөрүн аёосуз басканга даяр экенин билдирип, батыш өлкөлөрүнө "козголоңчулар менен террорчуларды" колдогонун токтотууну эскерткен эле.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун өз кезегинде демонстранттарга ашкере күч колдонуп жатканы үчүн иран бийликтерин сынга алды жана алардын укуктарын урматтоону Тегерандан талап кылды.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Сюзан Райс Ирандагы окуялар үчүн чет өлкөлөрдү, биринчи кезекте АКШ менен Британияны айыптаган Тегерандын дооматтарын четке кагып, Кошмо Штаттары жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү иран эли өз пикирин эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалай турганын ырастады.

"Бирок АКШны же башка бир тышкы күчтөрдү Иранда болуп жаткан окуялардын кыймылдаткыч күчү катары караган таптакыр туура эмес болор эле. Чындыгында – бул окуялар иран элинин өзүнүн реалдуу кооптонуулары менен үмүт-тилектеринин натыйжасын билдирет",-деп айтты Райс.

Айрым кабарларда Россия Ирандагы шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын тааныганы айтылат.

Бул темага кайрылган макаласында The Financial Times гезити өз жарандарына ок атып, алардын өмүрүн кыйып, иран өкмөтү өзүнүн легитимдүүлүгүн жоготконун көрсөттү. Басылма шайлоо натыйжаларына нааразы болгон жарым миллионго чукул калктын каршылыгын күчкө салып басканга болот, бирок орто мөөнөттүн көз карашынан алганда мындай режимдин келечеги өтө тайкы экени талашсыз деп жазат.

XS
SM
MD
LG