Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Иран Батыш менен басташпайт


Оппозиция лидери Мусавинин тарапкерлери бийликтер тыюу салганына карабай жекшемби күнү кайра жыйынга чогулушту.
Оппозиция лидери Мусавинин тарапкерлери бийликтер тыюу салганына карабай жекшемби күнү кайра жыйынга чогулушту.

Тегеран эч бир өлкө, анын ичинде Британия менен дипломатиялык мамилесин үзгүсү келбейт, ошол эле учурда өзүнүн ички иштерине эч кимдин кийлигишкенин да каалабайт. Бул тууралуу кечээ Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди. Ошол эле күнү шайлоодогу добуштардын он проценти кайра саналып чыкты.

Fars маалымат агенттиги кабарлагандай, Караз, Керман, Баболсар, Сарабишеш жана Нахбандан шаарларындагы бүллүтөндөр эки апта мурдагы санактардын жыйынтыгы менен төп чыкты. Бирок бул санактарда кайсы талапкер көп добуш алганын Fars тактаган жок.

Бүллүтөндөр Батыш Азербайжан провинциясында да кайра саналды. Анын жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Оппозициянын башкы талапкери Мир Хоссейн Мусави кечээ Сакчылар кеңешиндеги жолугушууда добуштардын он процентин кайра санап чыкканга каршы болуп, баштагыдай эле жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган эле. Сакчылар кеңеши бүгүн шайлоонун ырасмий натыйжаларын жарыялашы керек.

Ошол эле күнү президент Махмуд Ахмадинежад Тегерандагы тополоңдор маалында мерт болгон Неда Ага Солтан аттуу жаш аялдын ишин териштирип чыгууну табыштады. Жогорку судьяга жөнөтүлгөн катта Неданы белгисиз бирөөлөр өтө "күмөндүү" жагдайда мерт кылып кетишкени, "душмандар" болсо муну Ирандын "кадырына" көө жабуу үчүн пайдаланышканы айтылат.

Неда 20-июнда полиция менен аскерлештирилген президентчил "Басиж" отряддары оппозициялык талапкер Мусавинин тарапкерлерин кууп таркаткан учурда ок жаңылып, жайран болгон эле.

Иран бийликтери ошондой эле британ элчилигинде иштеген тогуз кызматкерден бешөөнү түрмөдөн бошотушту. Калган төртөө сурак берип жатышат. Алардын баарын шайлоодон кийинки тополоңдордун активдүү шыкакчылары катары камашкан эле.

Лондон бул айыптарды четке кагып, кармалгандардын баарын тезинен бошотууну талап кылган. "Тегерандагы нааразылык акцияларына британ элчилигинин кандайдыр бир өлчөмдө тиешеси бар деген идеянын өзү таптакыр негизсиз",-деп айткан Лондон өкмөтүнүн тышкы иштер министри Дэвид Милибанд.

Британиянын бул билдирүүсүн Тегеранда тышкы саясий мекеменин өкүлү дурус жышаан катары баалады. "Манучехр Моттаки (тышкы иштер министри) эгер алар өз сөздөрүн иш жүзүндө ырасташса, анда бул позитивдүү кадам катары каралышы мүмкүн экенин айтты",-деп билдирди маалымат жыйынында тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Буга кошумчалап ал чет элдик элчиликтерди жапканга жана башка бир мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтүүгө Ирандын дегеле ниети жоктугун да бышыктады.

Мунун алдында Иран өзүнүн Азербайжандагы элчисин масилет-мастет өткөргөнү Тегеранга чакыртып алды. Андан бир күн мурда Израил президенти Шимон Перес ырасмий визит менен Бакуда болуп кеткен эле.

XS
SM
MD
LG