Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Иранда элдик майрам кагылышка айланды


Иранда ислам ыңкылабынын отуз бир жылдыгына арналган майрамдык иш чараларга полиция күчтөрү чакчыгайдай сак туруп көз салышты.
Иранда ислам ыңкылабынын отуз бир жылдыгына арналган майрамдык иш чараларга полиция күчтөрү чакчыгайдай сак туруп көз салышты.

Иранда ислам революциясынын кезектеги майрамы белгиленди. Өкмөттүн тарапкерлерине катарлаш өздөрүнчө демонстрацияга чогулган "жашылдар" кыймылына, алардын лидерлерине аламан топ кол салып, ондогон кишилерди сабап салышты. Көбү камакка алынды.

Тегерандагы кагылыштар тууралуу "Азаттыкка" оппозициядагы лидерлердин бири Мехди Каррубинин уулу Хуссейн кабарлады.

"Коопсуздук агенттери Каррубиге жакын турган адамдар менен сакчыларды союл менен уруп киришти, алар Каррубиге катыла алышкан жок, бирок анын жака-бакасындагыларды ур токмокко алышты, агенттер ошондой эле адамдарды бойок шарлар менен атышты, андан соң өңү-башы кызылга бойолгон кишилерди топтон бөлөктөп сүрүп чыгарып алып сабашты",-деп билдирди Хуссейн Карруби.

Кара кагылыштан улам Мехди Каррубини сакчылары машинага отургузуп, ал жерден алып кеткенге аракет кылышты. Коопсуздук агенттери жабыла машинага асылып, анын айнектерин талкалап, аласалдырып ташташты. Карруби жабыркаган жок.

Бирок Хуссейн кагылыш маалында иниси Али Каррубини коопсуздук күчтөрү кармап кетишкенин бышыктады.

Оппозициялык сайттардын бири өлкөнүн мурдагы президенти Мохаммед Хатами да шаардын борбордук Азади аянтына бараткан көчөдө жаалданган сүрмө топтун тепсендисине кала жаздап, кайра артка кайтканга аргасыз болгонун кабарлады.

Экс-президенттин иниси, межилистин депутаты Реза Хатами менен анын аялы Захра Эшрагини да коопсуздук күчтөрү бир нече мүнөт кармашып, экөөнө тең "керт башынын амандыгы үчүн" үйдөн чыкпай отурууну эскертишти. Эшраги азыркы Иран ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Али Хомейнинин небереси болот.

Иран бийликтери апта башында оппозиция элдин "майрамдык маанайын" буза албайт, кокус коомдук тартипке кооп туудурса, катуу жазаланат деп эскерткен жана Тегеранды бир нече күн мурда эле полицияга бастырып салган.

Бүт өлкө боюнча интернет жана башка байланыш каражаттары иштебей калды. Бийликтердин коркутканына жана кысымына карабай оппозициянын миңдей тарапкерлери шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө көчөлөргө чыкканын оппозициянын экинчи бир лидери Мир Хоссейн Мусавиге санаалаш сайттардын бири маалымдады.

Эрте шашкеде Тегерандын борбордук аянтында азыркы өкмөттүн он миңдеген мыяткерлери митинг өткөрүп, алардын алдында президент Махмуд Ахмединежад сөз сүйлөдү жана Иран 20 процент байытылган уран өндүргөнүн жарыялады.

1979-жылдагы ислам революциясын ирандыктар жыл сайын майрамдашат. Быйыл ал коомго жик салган былтыркы шайлоонун алиге чейин басыла элек коога-шарпоосу менен белгиленди.

XS
SM
MD
LG