Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Иран: Аятолла Хаменейи «эл душмандарын» тапты


IИрандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи
IИрандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи

Ирандын рухий көсөмү оппозицияны өлкө жетекчилигин бөлүп-жарчу аракеттен этият болууга үндөcө, экс-президент Рафсанжани элдин көбү бийликке ишенбестигин айтты.

Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда коопсуздукту бузууну “чоң күнөө” деп, ким коомду баш аламандыкка түртсө, “андай адам ким болбосун Иран эли үчүн жек көрүндү бейдаба” экенин айтты:

- Душманга жардамдашчу ар кандай комментарий, ар кандай аракет, ар кандай анализ улуттук кыймылга каршы экенин элита билиши керек. Биз баарыбыз өтө этият болушубуз абзел.

Үч күн мурда, Тегерандагы жума намазда мурдакы президент Акбар Хашеми Рафсанжани 12-июндагы президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыгы көпчүлүк жарандардын жетекчиликке болгон ишенимин жоготту деген. Шайлоо кризисинен бардык тараптар зыян тартты деген Рафсанжани абалды оңдоо үчүн бир катар чараларды, анын ичинде шайлоодон соңку толкундоолордо камакка
Ирандын эксперттер кеңешинин төрагасы Акбар Хашеми Рафсанжани (ортодо).
алынган бардык адамдарга эркиндик берүүнү сунуш кылган.

Таасирлүү Эксперттер кеңешинин башчысы Рафсанжанинин жума намаздагы сөзү эскичил динаятчыларды кыжырдантса, реформачыл саясатчылар менен топторду шыктандырды.

Экс-президент Мохаммад Хатами 19-июлда Рафсанжани айткан сунуштарды элди тынчытууга зарыл минималдык чара катары сыпаттап, көпчүлүк кырдаалга канааттанабы же жокпу, аны билүү үчүн бейтарап уюмдун, анын ичинде Рафсанжани жетектеген Эксперттер кеңешинин көзөмөлү астында жалпы элдик референдум өткөрүүга чакырды. Эксперттер кеңеши Ирандын руханий көсөмүн шайлоого жана кызматтан алууга жооптуу мекеме.

Реформачыл Күжүрмөн диниятчылар партиясы да референдум элдин бийлик чөйрөлөрүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүнүн бирден бир жолу деп санайт. Ирандын руханий көсөмү аятолла Хаменейи 19-июндагы жума намазда шайлоонун жыйынтыгын элдин Ислам системасына болгон ишениминин жеңиши деп баалаган.

Хаменейи дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда не Рафсанжанинин, не Хатаминин сунушуна өз пикирин айтпады жана алардын ысымдарын да атабады:

- Кээ бир нерселер айтылбоого тийиш. Аны биз айтчу болсок, биз өз жоопкерчилигибизге каршы аракеттенебиз. Иран элитасы сыноо алдында турат. Бул чоң сыноо.

Аятолла Хаменейинин бул сөздөрү, байкоочулардын айтышынча, президент Ахмединежаддын күмөндүү жеңиши Ирандын башкаруучу чөйрөсүн эки лагерге бөлүнгөнүн тастыктайт.

Ирандын саясый элитасы. Солдон оңго: президент Ахмединежад, экс-президент Рафсанжани, Күзөтчүлөр кеңешинин төрагасы Жанати, парламент төрагасы Ларижани, Жогорку соттун төрагасы Шахруди, экс-спикер Нури, мурдакы премьер-министр Мусави. Булар азыр эки жаатта.
Президенттикке талапкерлер Мир Хусейн Мусави жана Мехди Каруби жаңы өкмөттү мыйзамсыз деп аташкан.

Ахмединежад азыр жаңы өкмөттү түзүүдө жана августтун ортосунда болчу президенттин ант берүү аземине даярдык көрүүдө. Серепчилер оппозицияда да, бийликте да мунасага барчу түрү жок дешет.

Торонтолук серепчи Алиреза Хажижинин айтышынча, ким шайлоо маселесин куткуласа, ал Ирандын башкаруучу чөйрөсүнө коркунуч жаратат деп ишенет Хаменейи:

- Анын көз карашы боюнча, Рафсанжани жума намазда жасагандай комментарийлер системага ишенбөөчүлүктү жаратат. Аны дагы башка проблемаларды жетекчиликтин өлкө ичиндеги жана тышындагы душмандары, Ирандын ядролук программасына каршы өлкөлөр кризисти оорлотуу үчүн пайдаланышы мүмкүн деп ойлойт Хаменейи.

Оппозиция шейшемби күнү шайлоодон кийинки тынч демонстрациянын катышуучулары менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунда мерт болгон адамдарды эскерип, дагы бир көчө жүрүшүн өткөрүүнү мерчемдөөдө.

17-июлда Рафсанжани жума намазда сүйлөгөндөн кийин Тегеранда миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышкан.

XS
SM
MD
LG