Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Журналист АКШ-Иран саясатынын курмандыгы болуп калабы


Акико Сабери, Роксана Саберинин энеси кызынын сүрөтүн кармап турат. Тегеран, 18-апрель, 2009-жыл
Акико Сабери, Роксана Саберинин энеси кызынын сүрөтүн кармап турат. Тегеран, 18-апрель, 2009-жыл

Кош жарандыгы бар америкалык-ирандык журналист Иран түрмөсүндө ачарчылык акциясын улантууда. Бирок түрмө дарыгери Роксана Сабери ачка болгон жок деп ырастады. Байкоочулар АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен 8 жылга кесилген Роксана Саберинин тагдыры АКШ менен Ирандын мындан аркы алакасына көз каранды экендигин белгилешүүдө. Анын аралыгында Францияда Сабирини бошотуу талабы менен Чек арасыз журналисттер уюмунун төрт өкүлү ачарчылык жарыялады. Алар Париждеги Иран Аба жолдорунун кеңсесинин алдында отурушат.

Саберинин атасы Реза Сабери ушул дүйшөмбүдө кызына түрмөдө барып жолукту. Ал шекер аралашкан суудан башка эч нерсе оозанбай жаткан кызынын абалын мындайча сүрөттөдү:

- Турганда колдору калтырап атты. Алы жок экени көрүнүп турду. Ал отуруп, анан сүйлөштүк. Маанайы жакшы эле, бирок 8 күндөн бери наар татпагандыктан, алы кетип калыптыр.

Саберинин ата-энеси

Реза Сабери 32 жаштагы кызы «эркиндикке чыкмайынча тамак оозанбайм» деп катуу тургандыгын кошумчалады.

Ачарчылык акциясы анын ишин аппеляциялык сотто кароону тездетиши ыктымал, бирок аналитиктер анын бошоп чыгышы үчүн көп башка факторлор да таасир этээрин айтышууда.

Саде Зибакалам Тегеран университетинде сайсий илимдер профессору:

- Маселе саясий соодалашуудан, аны камакка алгандардын көздөгөнүнөн көз каранды. Бул иште Ирандын АКШ менен алакасы жана башка көптөгөн параметрлер да рол ойномокчу, - дейт Саберинин тагдырына жакындан көз салып жаткан ирандык профессор.

АКШнын Улуттук коомдук сыналгысы жана башка бир нече батыштык маалымат каражаттарынын штаттан тышкаркы кабарчысы болгон Сабири 31-январдан бери иран түрмөсүндө.

Роксана Сабери


Ал алгач бир шише шарап менен кармалган, Иран исламдык жумуриятында бул кылмыш деп саналат. Кийин бийликтер анын журналисттик акредитациясынын мөөнөтү бүтүп калган дешти, акыры тыңчылык айып коюлду.

Саберинин коргоочусу Абдолсамад Хорамшахи Саберинин аппеляциялык арызы ушул аптада Жогорку Сотко жөнөтүлөт деп күтүп жаткандыгын билдирүүдө.

Кошмо Штаттары, эл аралык укук коргоочу уюмдар жана Сабирини журналисттик ишинен билген бир нече адам ага жалган жалаа коюлганын айтышууда.

Анын сот иши жабык эшик артында өткөн жана бийликтер айыптоолор боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарышкан эмес.


Байкоочулардын бир катары Роксана Сабери Тегеран менен Вашингтондун талаш-тартыштуу алакасынын курмандыгы болуп калды деп эсептешет. Башкалар аны Иран бийликтери АКШ президенти Барак Обаманын Иран менен алакалашуу аракетин үзгүлтүккө учуратуу үчүн пайдаланып жатышат деп шектенишүүдө. Ал эми үчүнчүлөр журналистти Иран бийликтери АКШ менен келечек сүйлөшүүдө соодалашуу үчүн пайдалангысы келет деп жатышат.

Соңку жылдарда Иранда кош жарандуу бир нече америкалык-ирандык камакка алынган. Анын ичинде Хале Эсфандяриге коопсуздук жаатында оор айыптар тагылган. Бирок кээ бири узак мөөнөт жалгыз кармалганы менен, алардын бири да эркинен ажыратылган эмес.

XS
SM
MD
LG