Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Иран сүйлөшүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт


Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки (солдо) Тегерандын сунуштарын 6 өлкөнүн өкүлдөрүнө тапшырып жаткан учур. Тегеран 9-сентябрь 2009-жыл
Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки (солдо) Тегерандын сунуштарын 6 өлкөнүн өкүлдөрүнө тапшырып жаткан учур. Тегеран 9-сентябрь 2009-жыл

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Тегеран атомдук (өзөктүк) программасын эң кубаттуу мамлекеттери менен талкуулоо мүмкүн экенин айтты.

Ошол эле маалда Моттаки мырза Иран атомдук программа жаатында өз укугунан баш тартпайт деп белгиледи.

- Батыш 4 жылдан бери Иранга каршы колдонгон санкция саясаты ийгиликсиз болуп келди. Алар аны уланткылары келсе, өздөрү билишсин. Бирок Иран элинин талашкыс укугуна келгенде эч кандай компромисс боло албайт.

Анын алдында, жума күнү АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроулей Тегерандын жаңы сунуштары күтүлгөндөй болбогону менен, ал баарлашуу (диалог) үчүн мүмкүнчүлүк ачат деген.

Иран жетекчилигинин өзөктүк программасын талкуулоого канчалык даяр экенидигин түшүнүү үчүн АКШ сүйлөшүүлөрдө ал маселени козгошу ыктымал, - деди Мамдепарттаменттин өкүлү.

- Биз Иран менен жолугушууну каалайбыз жана андай жолугушууга үмүттөнөбүз. Өзгөчө өзөктүк проблема боюнча олуттуу кызматашууну каалайбыз. Ошол сүйлөшүүлөрдүн алкагында алар маанилүү деп эсептеген бардык башка маселелерди сөз кылууга даярбыз. Бирок Иран сүйлөшүүлөрдөн баш тартса, Кошмо Штаттары, эларалык коомчулук жана (БУУнун) Коопсуздук кеңеши андан тиешелүү жыйынтык чыгарабыз.

Быйыл июлда АКШ президенти Барак Обама Иран сентябрга чейин атомдук программасын талкуулоого көнбөсө, өлкө мындан да катаал санкцияларга туш болот деп эскерткен.

Ошол мөөнөт, башкача айтканда, “Чоң Жыйырманын” 24-25-сентябрда өтө турган саммити жакындаган маалда Ирандын сунуштары жөнүндө белгилүү болду. Документ кеңири коомчулук үчүн шардана кылынган жок. Бирок расмий Тегерандын Батыш менен глобалдуу гана маселелерди талкуулоого даярбыз деп айтканы дайын болду. Ошентип, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана жума күнү (11-сентябрда) белгилегендей, негизги суроолор жоопсуз калды.

АКШ, Франция, Германия жана Британия Иран уранды байытуу иштерин токтотпосо, кошумча санкциялардын киргизилээрин айтып келатышат. Бирок Коопсуздук кеңешинин туруктуу дагы 2 мүчөсү - Россия жана Кытай ал сунушка этият мамиле жасашууда. Жума күнү орус премьер-министри Владимир Путин жаңы санкциялар каалагандай натыйжага алып келбейт ко деген күмөн саноосун ортого салды.

Батыш расмий Тегеран тымызын түрдө өзөктүк куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенсе, Иран аны четке кагып, өзүнүн тынч максатта атомдук изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун коргоп келатат.

XS
SM
MD
LG