Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Иран: Каршылыктын жаңы түрлөрү чыкты


Оппозициянын колдоочулары үнүн «башкача» чыгара башташты
Оппозициянын колдоочулары үнүн «башкача» чыгара башташты

Ирандагы президенттик шайлоодон үч аптадан кийин массалык демонстрациялар басыла түшкөндөй. Бийликтер гезит-журналдарды жаап, митингчилерди четтен камап чыкканы оппозициянын позициясын бошоңдотуп койду. Бирок Ирандын ичинде көпчүлүк ачык демонстрацияга чыкпаса да, расмий саясатка каршылык көрсөтүүнүн башкача жолдорун колдонуп жатышат.

Мындан бир жума мурдараак эле Тегерандын көчөлөрүндөгү демонстрацияларга он миңдеген адамдар чыгып жатышкан. Алар полициянын күчү менен таркатылып, реформачыл маанайдагы оппозициянын жүздөгөн колдоочулары камакка алынышты.

Мунун баары 12-июндагы шайлоо президент Махмуд Ахмединежаддын утушу үчүн бурмаланды деп эсептегендер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектеп койду.

Ошол эле учурда Ахмединежаддын жеңиши расмий түрдө таанылды: шайлоонун жыйынтыктарын ушу дүйшөмбүдө Сакчылар кеңеши ырастады.

Бирок аны менен эле нааразылык билдирүү токтоп калды дегенге да болбойт. Болгону ал буга чейинкидей орой эмес, башкача жолдор менен жүрө баштаган.

Мындан 30 жыл мурда Ирандагы ислам революциясы учурунда «Аллаху акбар» деп, кудайдын улуулугун даңазалаган билдирүү белгилүү болгон эле. Дал ушул жаңырык азыр да түнкүсүн Тегеранда көп жаңыра баштады. Аны менен кошо «Диктаторго өлүм!» деп кыйкыргандар да көп.

Бир топ маалымат каражаттары жабылганына карабай, шайлоого нааразы болгондор өз оюн билдирүүнүн жаңы формаларын чыгарып жатышат. Мисалы, адамдар машинелеринин жарыгын күйгүзүп алып, үн күчөткүчтөр менен кыйкырып жүрүшөт. Же колдо жасалган жашыл шарларын көтөрүп алышкан.

Дагы бир топ жашыруун гезиттер басылып, алар митингдин катышуучуларына колмо-кол таркатылууда, интернетке да басылып жатат. Өзү теги ирандык, бирок азыр чет-өлкөдө жашаган журналист Хусейн Бастани: «Азыр ал жерде көз-карандысыз журналистикага орун жок. Буга чейинки жана азыркы кысымды, ага кошумча цензураны эске алганда, эркин журналисттердин иштешине мүмкүн болбой калганына ынанасың».

Азыр жашыруун басылып жаткан гезиттердин арасында «Сабз» («Жашыл»), «Каламе Сабз» («Жашыл сөз»), «Кьябан» («Көчө») деген басылмалар бар.

Аятолла Мухаммад Али Аязи
Мындан сырткары, Ирандын өзүндөгү руханий жетекчиликте да каршылык көрсөткөндөр бар. Бир топ клериктер шайлоонун жыйынтыктары менен макул эмес экендиктерин айтышты.

Алардын бири, аятолла Мухаммад Али Аязи биздин радиого сүйлөп жатып: «Мен мүчө болгон теологдордун Ком деген жыйынында бир топ динаятчылар 12-июндагы шайлоодо толгон-токой көз боемочулук болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыктарын көзкарандысыз топ иликтеши зарылдыгын билдиришти. Исфахандагы белгилүү диний илимпоздордун бири аятолла Тахири да ушундай ойдо. Менимче, азыр динаятчылар минтип элдин укугун коргоп чыгышканы - табигый көрүнүш». – деди.

Ирандагы шайлоодон кийин камакка алынгандардын арасында оппозиция менен байланышы бар белгилүү адамдар, көчөлөрдөгү демонстрацияларга катышкандар жана чет-өлкөлүк кабарчылар бар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG