Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Дүйнө Ирандагы шайлоого сересеп салууда


Талапкер Мир Хусейн Мусавинин жактоочуларынын бири Тегерандагы нааразылык чаралары маалында. 2009-ж., 13-июн.
Талапкер Мир Хусейн Мусавинин жактоочуларынын бири Тегерандагы нааразылык чаралары маалында. 2009-ж., 13-июн.

Ирандагы жума күнкү шайлоонун расмий жыйынтыгын айатолла Али Хаменейи баш болгон бийликтеги динятчылар колдоого алган чакта, Тегеранда миңдеген ирандык атуулдар бул жыйынтыкка нааразы болуп, полиция менен кагылышууга чейин барды. Батыш өлкөлөрү шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун пикирин эске алууга чакырып, кырдаалга тынчсыздануусун билдирсе, Сирия, Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдүн президенттери Ахмадинежадды жеңиши менен куттуктап чыгышты.

Тегеран тынч эмес

Ишемби күнү Иран бийлиги 12-июндагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган соң, бул жыйынтыкты бурмалоо жолу менен жасалды деп нааразы болгон миңдеген демонстранттар Тегерандын көчөлөрүнө чыгышты.

Кээ бир көчөлөрдө алар полициянын унаасын өрттөгөнгө чейин барышты. Айрым жерлерде котолоп топтолгон нааразы кишилер дүкөндөргө кол салып, талап-тоногонго чейин барганы маалымдалды.

Полиция Тегеран университетинин жанына чогулган студент демонстранттарды көздөн жаш агызчу газ менен аткылады.

Экинчи мөөнөткө шайланганы расмий жарыяланган президент Махмуд Ахмадинежаддын негизги атаандашы, мурдагы өкмөт башчы жана реформачыл саясатчы Мир Хусейн Мусави расмий жыйынтыкты тааныбай турганын айтып, жума күнкү шайлоону “коркунучтуу сөз оюнуна” теңеди.

Ал эми президент Ахмадинежад болсо ишембиде сыналгыда чыгып сүйлөп, бул шайлоо эркин жана дурус өттү деген баасын берди. Аны колдоого алган өлкөнүн руханий жетекчиси, айатолла Али Хаменейи ирандык атуулдарды шайлоо жыйынтыгын урматтоо менен кабыл алууга чакырды.

Иран Ички иштер министрлигинин расмий маалымдашынча, учурдагы президент Ахмадинежад үчүн жума күнү добуш берүүгө катышкандардын 62 пайызы колдоо көрсөткөн, ал эми Мусави – болгону 34 пайыз добуш алган. Жалпысынан, 46 миллиондой шайлоочунун дээрлик 85 пайызы добуш берүү жараянына катышып, бул - өлкө тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Бул расмий көрсөткүчтү сынга алгандар Ахмадинежаддын жеңишке жеткени тууралуу алдын-ала жарыя ушунчалык тез убакытта расмий жасалганына шектенүү менен кароодо.

Алардын айтымында, айрым вилайеттердеги жергиликтүү көрсөткүчтөр шек туудурбай койбойт. Маселен, реформачы талапкерлердин бири Мехди Карруби өзү туулуп-өскөн Олигударз шаарында Ахмадинежаддыкына караганда алда канча аз добуш алып калганы ишенбестикти туудурууда.


Дүйнө жүзүндө Ирандагы шайлоо жыйынтыгына карата ар кыл баалар айтылууда.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кошмо Штаттар Ирандагы кырдаалды кылдат байкоого алып жатканын айтып, шайлоо жыйынтыгы иран калкынын чыныгы каалоосуна төп болсо экен деген үмүтүн билдирди:

- Кошмо Штаттар Ирандагы шайлоого комментарий берүүдөн өзүн оолак тутту. Албетте, биз шайлоо жыйынтыгы иран элинин чыныгы каалоосун жана тилегин чагылдырса экен деп үмүттөнөбүз.

Ал эми Британиянын Тышкы иштер катчысы Дэвид Милибэнд болсо расмий Лондон Ирандын бийлиги добуш бурмалоолор тууралуу айыптоолорго астейдил мамиле кылат ко деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Европа Биримдигинин жетекчилиги болсо шайлоонун талаш-тартыштуу жыйынтыгы жана калайыктын нааразылыгы боюнча өз тынчсыздануусун билдирди.

Сириянын президенти Башар ал-Асад жана Венесуэланын солчул президенти Уго Чавес Ирандын президенти Ахмадинежадды жеңиши менен куттукташты.

Мусавинин колунан эмне келмек?

Серепчилердин бир даарынын айтымында, эгерде Мусави Ирандагы президенттик шайлоодо жеңген болсо, анда Ирандын өзөктүк долбоору тууралуу болочокку сүйлөшүүлөр үчүн жагымдуу жагдай түзүлүшү ыктымалдан алыс эмес эле.

Батыш өлкөлөрү Ахмадинежаддын өкмөтү тынчтык максаттагы өзөктүк долбоорго жамынып алып, иш жүзүндө өзөктүк согуш куралын өндүрүү үчүн тымызын аракет кылууда деп шек санап келет. Расмий Тегеран болсо мындай доолорду эч жуутпай четке кагып келет.

Бирок, башка бир серепчилер тобунун оюнча, өзөктүк долбоор боюнча негизги чечим Ирандын президентинин колунда эмес. Мындай олуттуу маселенин ачкычы – айатолла Али Хаменейи жетектеген бийликтеги шийи диниятчылардын колунда. Балким, Мусави жеңгенде деле акыбал олуттуу өзгөрмөк эмес.

Маселенин өзөгү – Ирандагы президенттик ат салышууга катышкандардын баары тең оболу бийликтеги диниятчылардын “батасын” алгандыгында, ал эми режимдин алкагына таптакыр сыйбай турган саясатты көздөгөндөр бул “ат салышууга” эч жолотулган жок, дешет бул серепчилер.

Видео тасма.


Ирандагы шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

XS
SM
MD
LG