Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Ирандын жаңы өкмөтү шаршембиде каралат


Махмуд Ахмадинежад ушул аптада жаңы кабинетин парламенттин кароосуна сунуш кылмакчы.

Жекшембиде Ахмадинежад 21 кишиден турган өкөмттүн курамына 2 аялды сунуш кылаарын билдирди. Алардын талапкерлиги парламентте жактырылса, алар 1979-жылкы Ислам революциясынан берки алагчкы аял-министр болуп калышмакчы.
Депутаттар жаңы өкмөттүн курамын ушул шаршембиде карашат.

Ахмадинежад 16-августта жарыялаган талапкерлердин тизмесинде жаңы адамдар менен катар азыркы министрлердин ысымдарын да көрсө болот. Арийне, байкоочулар анын экинчи президенттик мөөнөтү оңой болбойт деп комментариялашууда. 12-июнь күнкү президенттик шайлоодон кийин Иран саясий кризиске батты. Добуш берүүнүн жыйынтыктарына нааразы болгон ирандыктар митинг демонстрацияларга чыгышкан. Миңдеген адам камакка алынды. Оппозиция кагылышууларда бери дегенде 70 кишинин мерт кеткенин ырастоодо.

Оппозиция лидерлери, шайлоодо уттурган Мир Хосейин Мусави жана Мехди Каруби Ахмадинежаддын шайланышы канчалык легитимидүү деп, анын жеңишин таануудан баш тартышууда. Каруби демонстранттардын айрымдары түрмөлөрдө зордукталып, кыйноолорго учураган деп айыптагандан кийин, ал жетектеген партиянын гезитин бийликтер жаап салышты.

Ирандын маалымат каражаттары президент менен консерваторлор ортосундагы тирешүү да күчөшү ыктымал деп жазып чыгышты. Өткөн айда Ахмадинежад жардамчысы Эсфандияр Рахим Машайини биринчи вице-президент кылып дайындап, бир топ консерватор саясатчылардын кыжырына тийген. Машайи ирандыктарды Израиль элинин досу катары сүрөттөп, маселенин бардыгы Израиль өкмөтүндө жатат деп айтканы бар. Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи президентке аны кызматынан алууга буйрук берген, бирок Ахмадинежад ага 1 жума өткөндөн кийин гана баш ийди.

Реформачылардын вебсайттарынын биринде жарык көргөн маалыматка ылайык, сот тармагынын жогорку жетекчиси Садех Ларижани Ахмадинежад кызматтарынан алган 2 министрди өз командасына алып келгени жатат. Алардын бири чалгындоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Голям Хусейин Мохсени Эжи Машайинин дайындалышын сындаган жана демонстранттардын үстүнөн болгон сот процессин түз эфирде көрсөтүүгө каршы чыккан. Мурдагы ички министри Мустафа Пур-Мохаммади президенттик кампаниянын жуп алдында кызматынан алынган.

Саясат талдоочу Тагхи Рахмани президент менен сот тармагынын жетекчилери ортосунда тирешүүгө күбө болобуз деп азыртадан эле болжолдосо, Иран боюнча британиялык эксперт Реза Тагизадех Хаменеи бийликтеги консерваторлор лагеринде араздашууну алдын алуу аракетин көрөт деген пикирин ортого салат:

- Жогорку лидердин айланасындагылар өздөрүнүн монархияга ыктаган системасынын келечегине көбүрөөк камтама болушат. Өкмөттүн айрым агрессивдүү кадамдарын жогорку жетекчилик социалдык стабилдүүлүккө залака тийгизген фактор катары кабыл алат. Андыктан алар коомдогу тең салмактуулукту сактоо үчүн өкмөттү айрым учурларда ооздуктап турууга аргасыз.

Хаменеинин буйругу менен парламент абактагы шарттарды иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Дүйшөмбүдө Ирандын улуттук полициясынын башчысы, Тегерандагы Кахризак түрмөсүнүн 13 кызматкери жана жергиликтүү прокурор комиссиянын суроолоруна жооп беришти.

Кахризакта кармалган бир катар туткун уруп сабоолордон көз жумду деген айың кеп тарагандан кийин, түрмө жабылган. Бирок жүздөгөн саясий активист, журналист, демонстранттар баш калаадагы Эвин абагында кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG