Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Ирак тарсалары: келечекке кепилдик жок


Багдад -- Ирактык тарсалар чиркөөдөгү террордук балааматта курман болгондорду акыретке узатып жатышат.
Багдад -- Ирактык тарсалар чиркөөдөгү террордук балааматта курман болгондорду акыретке узатып жатышат.

Иракта диний азчылыкты түзгөн тарсалар – христиандар - өткөн айдын этегиндеги кандуу булоондон соң бул өлкөдө алар үчүн келечек барбы же жокпу деп ой жоруй башташты. Бир апта мурда Багдаддагы католик чиркөөсүндө кечки ибаадатка чогулган жүзгө чукул испарас диндарларын террорчулар барымтага басып алып, бошотуу операциясы маалында алардан 58 киши мерт болгон эле.

Багдаддагы католик чиркөөсүндөгү бул окуянын жоопкерчилигин "Ирак ислам мамлекети" деп аталган топ өзүнө алды. "Ал-Каиданын" Ирактагы уюгун да сүннүлөрдүн аскерлештирилген ушул уюмуна телип жүрүшөт. Коопсуздук күчтөрү ырасташкандай, тарсалардын чиркөөсүн басып алган террорчулар арасында жергиликтүү жарандар жок экен, баары башка арап өлкөлөрүнөн келген жалданма лашкерлер дешти.

Бирок мындан ирактык испарастардын маанайы жоошуп, көңүлү тынчып калган жок. Буга чейин деле алардын ибаадат жайларына кол салып, диний кызматчыларын уурдап кетип, көзүн тазалап салышкан окуялар көп болгон. Анын үстүнө "Ирак ислам мамлекети" уюму мындан ары да испарас ыкыласмандарын жөн койбобуз деп кесеништи.

Багдаддагы христиан фондусунун кеңсе башчысы Раад Аммануэл чиркөөдөгү кызыл кыйма кыянатта жарадар болгондор менен жакындарын жоготкондор арасында Ирактан кетүүнү көздөгөндөр көптүгүн ырастап, аларды бул чечимден айнытыш кыйын экенин моюнга алды.

Ошол эле учурда эч кайда кетпейбиз дегендер да аз эмес. Математика мугалими Ханан Фаделдин бир тууган агасынын уулу чиркөөдө набыт болду. "Бузукулар өлкөнү бүлүнтүп, калкты өз ара кайраштыргысы келет. Бирок биз баары бир бу жерден кетпейбиз. Бу биздин өлкөбүз, мен ушу жерде төрөлгөм. Эми жашым элүүдөн ашканда кайда бармак элем?!" –дейт ал.

Халдей чиркөөсүнүн динаятчысы Эл-Шааби өлкөдөгү бардык диний жамааттардын өкүлдөрү өткөн аптадагы кыянатты кылмышкерлер менен экстремист-фанатиктерге жүктөп жатканын белгиледи. "Мусулмандар мындай ишти жасабайт, -дейт ал. – Буга окшогон жексурлукка не исламга, не христианчылыкка, дегеле Кудайга ишенбегендердин гана дити барат. Ошону үчүн алар динине карабастан көп адамдарды өлтүрүп жатышпайбы".

28 жаштагы Абу Гайш сүннүлөрдүн өкүлү. Католик чиркөөсүндөгү балаамат үчүн ал "Ал-Каиданы" айыптады жана өлкөдө кырдаал жакшырган сайын террорчулар бүлүк-бүлгүн салганга умтула баштаганын кошумчалады.

Батыштагы аналитиктер да "Ал-Каида" өзүнүн алсырап баратканын байкатпас үчүн акыркы кездерде активдеше баштады деп эсептешет. Ошол эле учурда чиркөөдөгү кызыл жайма окуя үчүн Ирактын коопсуздук күчтөрүн айыптагандар да аз эмес.

"Чиркөөдө, дегеле күн сайын болуп жаткан кыянаттардын бир гана себеби бар, ал колунан эчтеме келбеген коопсуздук күчтөрүнүн шалаакылыгында",-деп билдирди шийит мусулман өкүлү Ахмед Жассим.

Ибаадатканадагы испарастарды барымталап алган террорчулар менен эки сааттай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжа чыкпаган соң коопсуздук күчтөрү чиркөөгө жапырык салып кирүүнү чечишкен. Адамдардын көбү ошол операция маалында жайран болгонун кызыл кыйма балааматтан аман калгандардын бири ырастады. Анын айтымында, операция учурунда таатканадагылардын баары төрт-беш саттай канга жуулуп, жардамсыз жатып калышкан.

Ирактын коргоо министри Абдел Кадер ал-Обейда операцияны коопсуздук күчтөрүнүн "чоң ийгилиги" деп атаган.

Иракта Саддамдын тушунда христиан динин туткан жарандар 1,5 миллионго чукул эле. Алардын көпчүлүгү 2003-жылы америкалыктар басып киргенден кийин башка өлкөлөргө көчүп кетишти. Азыр тарсалардын так саны белгисиз. Болжолдуу санактарда 450 миңдей бар делинет.

XS
SM
MD
LG