Иракта жалпы шайлоочулардын саны 14 миллиондон ашат, кечээ алардын 7,5 миллиону же 51 проценттен ашыгы добуш беришти. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары ушул жуманын этегинде чыгарылат.
Жекшемби күнү он сегиз провинциянын он төртүндө жергиликтүү бийликтерге 440 депутат шайланды. Регионалдык кеңештер провинциялардын губернаторлорун дайындайт, аймак башчылары болсо өз провинцияларындагы финансы жана кайра куруу иштерине жооп беришет. Калган төрт аймакта - Дахук, Эрбил, Сулеймания жана Тамим провинцияларында шайлоо кийин болот.
Кечээки шайлоодо сүннүлөр өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Алар көпчүлүктү түзгөн Анвар провинциясында, мисалы, бүллүтөн таштаганы келгендер 60 проценттен ашты. 2005-жылдагы шайлоодо бул жерде сүннүлөрдүн 2 процентке жетпегени гана добуш беришкен эле.
Байкоочулардын баары шайлоо бейкалба, тынч өткөнүн белгилешүүдө. Добуш берүүчү жайларды миңдеген полицмендер кайтарышты, бийликтер болуп көрбөгөндөй коопсуздук чараларын көрүштү.
Багдаддын тургуну “Азаттыктын” кабарчысына коопсуздук өтө мыкты камсыз кылынганын, шаардыктар шайлоо жайларына ээн-эркин келип, өздөрү каалаган тизме үчүн добуш беришкенин, аларга эч ким кысым жасабаганын билдирди.
Өкмөттүн премьер-министри Нури ал-Малики шайлоочулар кечээ кайсыдыр бир саясий топтор үчүн эмес, өлкөнүн биримдиги үчүн добуш беришкенин белгиледи жана муну “бүткүл ирактыктардын жеңиши” деп жарыялады.
Шайлоонун натыйжалары саясий процессти улантканга дем берерине, буга чейинки проблемалар унутуларына, өлкөнүн келечегин куруу иштери башталарына премьер ишенет.
Ирактыктарды АКШ президенти Барак Обама куттуктап, кечээки шайлоону прогресс жолундагы дагы бир кадам деп атады. Ирактыктарды Улуттар Уюму да куттуктады.
Кечээки шайлоону Улуттар Уюму жана Ирактын Көз карандысыз комиссиясы биргелешип өткөрдү. Добуш берүүнүн жүрүшүнө чет элдик жүздөгөн байкоочулар көз салышты.