Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Иракта шайлоо кечеңдеши мүмкүн


Ирак -- Вице-президент Тарик ал-Хашеми шайлоо мыйзамынын айрым жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды.
Ирак -- Вице-президент Тарик ал-Хашеми шайлоо мыйзамынын айрым жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды.

Ирактын вице-президенти Тарик ал-Хашеми жакында эле кабыл алынган шайлоо мыйзамына вето салды. Буга байланыштуу Көз карандысыз жогорку комиссия шайлоого даярдык иштерин токтотту.

Ирак парламенти жаңы шайлоо мыйзамын узакка созулган талкуу-талаштардан соң өткөн аптада эле жактырган болчу. Анда эмдиги жылдын биринчи айында өлкөдө жалпы элдик шайлоо өткөрүү каралган. Бирок шаршемби күнү мыйзамдын айрым жоболоруна вице-президент Тарик ал-Хашеми вето салды.

Хашеми өлкөнүн Саясий кеңешине кирет, анын бардык мүчөлөрүнө - президентке, вице-президентке, премьер-министр менен анын орунбасарларына мыйзамдарга,алардын айрым жоболоруна вето салганга укук берилген.

"Менин каяшам бүткүл мыйзамга эмес, анын биринчи жобосуна байланыштуу",-деп айтты Хашеми өзү. Вице-президент чет жактарда жашаган ирактыктарга да өкүлчүлүктүү бийлик органдарынан көбүрөөк орун бөлүнүшүн каалайт. "Менимче, мыйзамга түзөтүү киргизүү көп деле убакыт албайт, депутаттар кеңеши аны бир жыйында эле карап чыга алат",- деп кошумчалады Хашеми.

Ушу тушта чет өлкөлөрдө жашаган ирактыктар саны төрт миллиондон ашат, алардын басымдуу көпчүлүгү сүннүлөр. Хашеми - сүннүлөрдүн жогорку жетекчиликтеги өкүлү.

Хашеминин бул чечими январга белгиленген шайлоону үзгүлтүккө учуратат же бери дегенде аны өз мөөнөтүндө өткөргөнгө кедерги болот деген пикирге вице-президент кошулган жок.

"Жаңы мыйзамдын үч артыкчылыгы бар,- деп көрсөттү Хашеми. - Анда ачык тизме менен бир канча округда добуш бергенге, калктын санына жараша парламенттен бөлүнгөн мандаттардын санын өзгөрткөнгө жол коюлат. Андыктан алдыдагы шайлоо өз мөөнөтүндө өтпөй калат же такыр эле үзгүлтүккө учурайт дегенге негиз жок".

Вице-президенттин ветосун парламент качан кароого киришет – азырынча белгисиз. Укук маселелери боюнча комитеттин мүчөсү, күрт депутаты Халид Швани вице-президенттин сунуштары келип түшөр замат карала баштайт деп ишендирди. Хашеминин каяшасын жокко чыгаруу үчүн депутаттардын 60 процентинин добушу керек.

Андан бир күн мурда Күрт автоном районунун парламенти да алардын өкүлдөрү үчүн бөлүнгөн депутаттык орундар көбөйтүлбөсө, анда январдагы шайлоого күрттөр катышпайт деп эскерткен эле.

Апта башында президент Жалал Талабани да азчылыктар,алардын ичинде христиандар менен чет жактарда жашагандар үчүн депутаттык мандаттардын санын он беш процентке көбөйтүүнү парламентке сунуш кылган. Азыр бул көрсөткүч беш процентти түзөт.

Шаршемби күнү өлкөнүн Көз карандысыз жогорку шайлоо комиссиясы январдагы саясий өнөктүккө камылга көрүүнү азырынча баштабай турганын ырастады. "Шайлоонун мөөнөтүн так жана бир жаңсыл аныктаган мыйзам колубузга тиймейинче бардык ишибизди токтото турууну чечтик", - деп билдирди комиссиянын жетекчиси.

Январдагы шайлоо өз мөөнөтүндө өтпөй калса, анда эмдиги жылы жайга барып Иракта аскерий операцияларды аяктоону, ал эми жыл этегине чейин контингентти алып чыгып кетүүнү көздөп жаткан АКШнын планы да кечеңдеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG