Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Иракта Саддамдын санаалаштары шайлоодон чыгарылды


Багдадда шийилердин Даава партисынын үгүт плакатын орнотуу учуру. 14-февраль, 2010-ж.
Багдадда шийилердин Даава партисынын үгүт плакатын орнотуу учуру. 14-февраль, 2010-ж.

7-марттагы парламенттик шайлоо алдында Иракта атайын комиссия экс-президент Саддам Хусейнге тиешеси бар деп шектелген адамдардын тизмесин жарыялап, аларды жарыштан чыгарды.

Ирактык суннилердин башкы уюму – Аль-Иракия коалициясы шайлоо өнөктүгүн убактылуу токтотуп, парламентти өлкөдөгү кырдаалды чукул арада талкуулоого чакырды. “Олуттуу кырдаал түзүлгөнүн түшүнүү менен Аль-Иракия шайлоо кампаниясын дароо токтотуп, атайын жыйындын чечимин күтө турууну туура тапты”, - деп жарыялады ирактык суннилердин эң таасирдүү уюмунун өкүлү Майсун аль-Дамалужи.

Ирактын экс-президенти Саддам Хусейн жана ал жетектеген Баас партиясына тиешеси бар 500дөй адамдын ысымын кара тизмеге киргизип, шайлоодон четтеткен комиссия башында шийилердин белгилүү саясатчысы Ахмед Чалаби турат. Суннилер антип ачууланып, парламенттин чукул сессиясын чакырууну талап кылганы менен, шийилерден да далай саясатчылар Баас партиясына кызмат кылган деп шайлоодон чыгарылды.

Аль-Дамалужи андан тышкары Аль-Иракия кыймылы алардын арызы тийиштүү деңгээлде каралбаса, парламенттик шайлоого бойкот жарыялай турганын эскертти. Ал тапта Ахмед Чалаби жетектеген комиссия Иракты мурдагы баасчылардан тазалоо кампаниясын улантып, шайлоого катышууга тыюу салынган 500дөн ашуун кишинин ичинен 67си акталып, парламенттик мандат үчүн жарышка уруксат алганын билдирди. 300дөй талапкер партия тизмесинен чыгарылып, ордуна башка кишилер жазылып, же жөн гана күрөштөн чыга беришти, актанып арызданышкан жок.

Коомчулуктун көңүлү кадалган суннилердин алдыңкы эки саясатчысы – Салех ал-Мутлак жана Дафер ал-Ани – экөө бирдей Ирактын премьер-министри Нури Ал-Маликинин ишмердигин катуу сындаган оппозициячылар саналат. Бул экөөнүн шайлоодон четтетилгени коомдогу араздашууну курчутту.

АКШнын бийликтери комиссиянын шайлоого катышчу талапкерлерди мурдагы башкы партия – Баастын жан-жөкөрлөрүнөн тазалоо аракети Ирактагы кырдаалды чыңалтып, куралдуу эрегишти күчөтөт деген кооптонуусун билдирди.

Азаттыктын кабарчысы менен Багдаддын көчөсүндө маектешкен 30 жаштагы сунни аял да ушундай пикирин айтат. “Биз баасчыларга анча-мынча тиешеси барларды шайлоодон четтетүү опурталдуу окуяларга алып келет деп кооптонуп турабыз. Соңку кездери бомба жарылып, кишилерди уурдалганын укпай кулагыбыз тынчый түштү эле. Антип тыюу салынса, кайра кол салуу, диний бөлүнүп-жарылуу күчөйт деп ойлошкон жокпу?” – деп суроо коет Багдаддын катардагы жашоочусу.

Анткен менен, өзүн шийилердин өкүлүмүн деп тааныштырган жаш жигит башкача көз карашын айтат. “Шайлоодон баасчыларды чыгарып салганы жакшы болду. Аларды өкмөткө, же шайлоого аралаштырып кереги жок. Саддамдын тушунда баарын талкалашкан”, - деп каниет кылат бул жигит.

Ошентсе да, “өкмөт ушул эски саясий оюндарды тим коюп, шайлоого баарын катыштырса болмок. Экономиканы тушаган коррупция, өлкөнү бириктире албаган өкмөттүн алсыздыгын жаап жашырыш үчүн ушундай терең ойлонулбаган кадамга барды” дегендер арбын болууда.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG