Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Ирак чечүүчү шайлоо алдында


Ирак -- Шайлоо алдында өлкөнүн бир катар жерлеринде бомба жарылып, кырк бештей киши жайран болду.
Ирак -- Шайлоо алдында өлкөнүн бир катар жерлеринде бомба жарылып, кырк бештей киши жайран болду.

Иракта 7-марттагы жалпы элдик шайлоо алдында армия, полиция жана коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн абалга өткөрүлдү. Эртелеп добуш берүү башталган күнү өлкөнүн бир топ жерлеринде бомба жарылып, кырк бештей киши жайран болду, жараат-жабыр тарткандар элүүдөн ашты.

Жекшемби күнкү шайлоо бардык мааниде алганда ирак бийликтери үчүн чоң сыноо болмокчу. Баарыдан мурда быйылкы саясий өнөктүк өлкөнүн толук суверенитетине жеткенге, мусулман мазаптары менен улуттук тайпалар ортосундагы араз-жаңжалдарды басканга, коопсуздук жагдайын өз жоопкерчилигине алганга өкмөттүн,жалпы коомдун даяр же даяр эместигин көрсөтөт.

Кооп-козголоңдун айрым фактыларына карабастан шайлоо шарпасы бардык жерде таасын сезилип турат. Радиостанциялар өнөктүккө арналып чыгарылган ураан ырды саат сайын кайталап уктурушууда. Ырдын текстинде: "Мен добуш берем жана террордон коркпойм", -деп айтылат. Белгилүү ырчылардын бири Мунтазар ал-Нассири депутаттыкка талапкерлер арасынан атын кошуп ырдап кой деп суранып, ушуга эле олчойгон акча сунуш кылып жатышкандар абдан көп экенин ырастап, бирок мындай "бөлкөнтайдан" баш тартып жатканын билдирди.

Иракта добуш берүүгө укуктуу жарандар саны 19 миллионго чукул. Байкоочулар алардын көбү азыркы өкмөт башчысы Нури ал-Маликини колдоп добуш берет деп жосмолдошот. Имам Моктада ас-Садр жетектеген шийиттердин коалициясы, мурдагы премьер-министр Айад Аллауинин шайлоо бирикмеси ал-Маликинин негизги атаандаштары деп аталууда.

Быйылкы шайлоого сүннүлөр да активдүү катышууда. Беш жылда мурда алардын басымдуу көпчүлүгү добуш беришкен эмес. "Менимче, алар сөзсүз катышат болуу керек, анткени саясий процесске ишене башташты, бул иште алардын добушу зарыл экенин түшүнө башташты",-дейт сүннүлөрдүн Салахуддин аймагынан талапкер болуп көрсөтүлгөн Мунаф Али ал-Нада.

Бул жолку шайлоодо талапкер болгон аялдар да баштагыдан арбын. Бирок депутаттыкка алар негизинен партиялык тизме аркылуу көрсөтүлгөн. "Эркектерге дале болсо аялдарга караганда көп артыкчылык берилүүдө, министрлик кызматтарга да партиялар менен саясий бирикмелер ошолорду көрсөтүшөт", –дейт Ирак улуттук алянсынан парламентке партизме менен талапкер болуп көрсөтүлгөн Салама ал-Хафажи.

Чет өлкөлөрдө жүргөн ирактыктар 5-марттан тартып добуш бере башташты. Алардын саны 2 миллионго жетиши ыктымал. Көпчүлүгү Иордания менен Сирияда жашайт.

Ливандын борбору Бейрутта добуш берген ирактыктардын бири "бул шайлоодон кийин, кудай колдосо, өлкөнүн келечеги жакшырат, жаңы өкмөт ирактыктардын муктаждыктарына көңүл бурат деп үмүт кылып" жатканын билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG