Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Нури Маликиге нур жанды


Ирак улуттук альянсынын жетекчилери. Багдад. 4-май 2010
Ирак улуттук альянсынын жетекчилери. Багдад. 4-май 2010

Ирактык шиилердин Улуттук альянсы Нури Маликинин премьер-министр болуусуна ынанды. Альянс бу кадамга радикал диниятчы Муктада Садрдын үмөттөрү мунасага келгенден кийин барды.

Бул бирок Ирак жети айдан берки саясый камоодон чыкты дегенди билдирбейт. Себеби, альянс парламентте көпчүлүк мандатка ээ болбогондуктан, Маликинин экинчи мөөнөткө өкмөт башында калуусуна башка партиялар да макул болуусу керек.

Ирак шиилеринин альянсы садрчылардын макулдугун алса да 325 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ эмес.


Анти-америкачыл диниятчы Муктада Садрдын тарапкерлери Нури Маликинин премьер-министрликте экинчи мөөнөт калуусуна макулдук берүүсү-жети айдан берки саясый эрөөлдү токтотот деген үмүттү пайда кылды. Садрчылар да Ирактын шии партияларын бириктирген Улуттук альянска кирет. Алардын Маликиге каршы туруу себеби, 2008-жылы өкмөттүк күчтөр Маликинин буйругу менен Садр башындагы Мехди армиясына катуу сокку урган.

Муктада Садрдын партиясынын парламенттеги өкүлү Насар Рубиайи(ортодо) маалымат жыйынында сүйлөөдө.

Садрчылардын чечими тууралуу анын өкүлү Наар Рубаи 1-октябрда Багдаддагы маалымат жыйынында билдирди:

-Улуттук альянс бүгүн жума күнкү жыйынында премьер-министр болчу өз талапкерин талкуулады. Улуттук альянстагы саясый блоктор менен болгон масилеттешүүдөн кийин алар премьер-министрлик кызматка Нури Маликини татыктуу деп табышты.

Рубаи бирок садрчылар эмнеге мурдакы позициясынан тайганын түшүндүрбөдү.

АКШ ирактык саясатчылардын өкмөт түзүү багытында жасаган береги кадамын колдоду. “Парламенттик системада, силердегидей бир нече күчтүү блоктун бири да өкмөт түзүүгө жарамсыз болгон шартта алга сүрөөчү саясый чабандес чыгышы керек. Андай чабандес байкалды. Бул жышаанды биз колдойбуз”-деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули 1-октябрда.

Ал бирок Вашингтондо Ирак өкмөтү башында болсун дегендей сүймөнчүк талапкери жок экенин кошумчалай кетти.

Ирак улуттук альянсынын Маликинин премьер-министр болуусун оң тапканы шии партиялары арасындагы талаш-тартыш токтоду дегенди түшүндүрбөйт. Альянска кирген Ирактын Ислам жогорку кеңеши жана башка партиялар Маликиге каршы жана вице-президент Абдул Мехди премьер-министр болуусун жакташууда. Абдул Мехди өзү болсо мурдакы премьер-министр Аяд Аллавини колдоодо. Аллави башындагы Иракия альянсы жазгы шайлоодо парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон. Бирок дүниябий блокто өз адамын премьер-министр дайындаганга мандаты жетишсиз.

Ал эми шии Альянсы садрчылардын макулдугун алса да 325 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болбогондуктан, күрт партиялары менен келишим түзүшү шарт. Ошондо гана Нури Малики премьер-министр болуп беитилет. А бу соода качан бүтөт? Аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG