Заиди Египетке караштуу менчик "Ал-Багдадия" телеканалында иштеген.Өткөн жылдын декабрында президент Жорж Буштун журналисттер үчүн Багдадда өткөргөн коштошуу жыйынында аны Заиди батинкеси менен эки ирет атып уруп, "ит" деп тилдеген. Эки батинкеси тең кайып өтүп, Бушка тийбей калган. Аны ошо жерден кармап кетишкен жана үч жылга түрмөгө кесишкен. Эми аны "үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн" мөөнөтүнөн мурда камактан бошотушту.
Заидинин үйүндөгүлөр буга көптөн бери күтүнүп жүрүшкөн эле. Анын улгайган эжеси өзгөчө чечекейи чеч боло сүйүнүп: "Бүгүн бизге майрам,бизге эле эмес,жалпы элге,бүткүл Иракка майрам келди",- деп айтты Reutersке.
Бирок анын жоругун жана камактан чыкканын баары эле "майрам" деп эсептешпейт."Эгер Саддамдын заманы болгондо ал ушунтип бут кийим ыргытканга батынмак беле? Албетте, жок. Башкаларга сабак болсун үчүн аны мөөнөтү толук бүткөнчө түрмөдө кармаш керек эле",-деп айтты Багдадда шаардыктардын бири.
Заиди өзү азат болгон соң биринчи күндөрү коопсуздук күчтөрү аны түрмөдө уруп-сабашканын, денесине ток жүгүртүп кыйнашканын айтып, премьер-министр Нури ал-Маликинин кечирим сурашын талап кылды.
"Мен баатыр эмесмин,бу чындык,-деп айтты ал журналисттерге. – Мен болгону өз көз карашы жана позициясы бар кишимин". Былтыркы жоругун ал Ирактын оккупацияда калганына жаны кашайганы менен түшүндүрдү. "Мен эми эркинмин,бирок өлкө дале түрмөдө",-деп ырастады Заиди.
Заиди түрмөдө жатканда ага арап дүйнөсүнүн ар кайсы жактарынан белек-бечкектер келип турду. "Ал-Багдадия" телеканалынын Каирдеги штабы ага арнап атайы Багдадда төрт бөлмөлүү үй куруп берди, жаңы автомобиль тартуу кылды. Түрмөдө отурган тогуз айдын маянасын толугу менен төлөп беришти, жалыйнасын жогорулатышты.
Бир катар адамдар, айрыкча Мароккодо жашаган ирактыктар арасында өз кыздарын Заидиге колукту кылып бергиси келгендер болду. Анын Бушка ыргыткан бут кийимин таберик кылып сатып алганы Сауд Арапстандан 10 миллион доллар, ат башындай алтын сунуш кылган кардалдар табылды. Заидиге Ливиянын лидери Маумар Каддафи өлкөнүн эң жогорку сыйлыгын ыйгарды.
Заидинин жоругу өзүнчө бир саясий салтка айланып да кеткенсиди. Быйыл эле иран президентине, кытай премьерине, грузин лидерине бут кийим ыргытышкан учурлар болду.
Мунун бир себебин адистер тигил же бул лидердин көз караштарына,чечимдерине тике нааразылыгын айтып,каяша кылганга адамдардын мүмкүнчүлүгү жоктугунан көрүшөт. Бул өзгөчө арап дүйнөсүндөгү саясий кырдаалда эрдикке тете иштей көрүнөт.
Башка учурларда болсо ачуусун кармана албаган жагдайдан чыгат. Британиядагы "Манчестер Юнайтед" командасынын тапкөйү Алекс Фергюсон да мындан алты жыл мурда атактуу оюнчу Дэвид Бекхэмди бут кийим менен атып уруп, көзүн көгөртө койгон.Ошондон көп өтпөй Бекхэм Мадриддеги "Реал" клубуна которулуп кеткен.