Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Ирак партиялары 7 айдан соң өкмөт түзчүдөй...


Ирак президенти Жалал Талабани(ортодо), премьер-министр Нури Малики(солдо), мурдакы премьер Аяд аллави(оңдо) Ирбилдеги жыйында. 8-ноябрь 2010
Ирак президенти Жалал Талабани(ортодо), премьер-министр Нури Малики(солдо), мурдакы премьер Аяд аллави(оңдо) Ирбилдеги жыйында. 8-ноябрь 2010

АКШ менен ирактык ырасмий адамдардын Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү боюнча сүйлөшүүгө болгон үмүтү акталбай жатат.

Дүйшөмбү күнү Ирактын негизги партиялары ортосундагы Ирбилдеги сүйлөшүү 90 мүнөт гана созулду. Сүйлөшүү шейшемби күнү Багдадда улантылат. Ирактын күрт, шиит жана сунни жамааттарынын лидерлери жаңы өкмөттү жети айдан бери кура албай жүрөт. Дүйнөдө бир да өлкө мындай узак мөөнөт өкмөтсүз отурган эмес. 7-марттагы парламенттик шайлоодо мурдакы премьер-министр, шиит Аяд Аллави

“Иракиядан” шайланган 31 депутат Малики башындагы өкмөттү колдоого макулдук бергени маалымдалды.

жетектеген “Иракия” 325 орундуу парламентте 91 мандат алган. Ал эми премьер-министр Нури Малики башындагы шиит альянсы 89 мандатка ээ. “Иракияга” суннилерден башка да түрдүү диний жана дүниябий партиялардын, этникалык топтордун лидерлери кирет.

Аяд Аллави 8-ноябрда Ирбилде майнапсыз аяктаган сүйлөшүүдөн кийин өзү баштаган блоктун талабы тууралуу мындай деди:

-Биздин “Иракия” блогунун көз карашындагы негизги пункт бул: улуттук деңгээлдеги кызматташуунун нукура маанисин тактап алышыбыз керек. Бу деген эч бир жамаат, регион же этникалык топ башкалардан өйдө болбой, баары тең болуш керек. Биз бардык ирактыктар Улуу Ирак деген бир өлкөдө жашашыбыз керек.

Ирактык саясатчылар. Багдад, ноябрь 2010
Вашингтондо “Иракия” өкмөткө кошулбай калса, суннилер арасында бийликке нааразылык өсүп, алардын козголоңчу канаты дагы күчөшү ыктымал деп кооптонушат. АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон 8-ноябрда Австралиянын Мелбурн шаарында сүйлөп, ирактык партияларды тез өкмөт түзүүгө чакырды:

- Чынын айтсак, биз ирактыктарды элдин түрдүү бөлүктөрүнүн муктаждыктарын эске алган жана түрдүү топтор менен индивидуумдарды мыйзамдуу бириктирген өкмөт курууга тынбай чакырып келебиз. Алардын бу багыттагы сүйлөшүүлөрү максатына жакындаганы калды деген үмүттөбүз.

Президент Барак Обама да 7-ноябрда Индиядагы визити маалында: “Өкмөттү курууга өтө эле көп убакыт кетти. Бул бизди да, арийне, Ирак элин да тынчсыздандырууда”, - деди жана акырыкы 7 айда Иракта зобун-зордуктар бир кыйла басаңдап калганын белгиледи.

Соңку маалыматтар боюнча, шииттер альянсы күрт азчылыгы менен сунни блогундагы кээ бирөөлөрдү Нури Маликинин экинчи мөөнөткө премьер-министр болуусуна ынандырганы калышкан. “Иракиядан” шайланган 31 депутат Малики башындагы өкмөттү колдоого макулдук бергенин Ройтерс агенттиги кабарлады. Жүрүп жаткан сүйлөшүүгө ылайык, күрт Жалал Талабани президенттигин улантып, Алавичилерге экономика, коргоо жана тышкы иштер министрлиги берилет. “Иракия”, маалыматтарга караганда, парламенттин төрагалыгын да суроодо. Анткен менен, Маликинин шии альянсы Аллави менен “Иракиянын” башка жетекчилеринин колдоосун алууга тийиш. Аяд Аллавинин “Гардиан” гезитине айтышынча, ал өзү Нури Малики менен чогуу улуттук өкмөт түзүүгө ынабайт. Ошон үчүн, Аллави, сөзүнө караганда, оппозицияга өтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG