Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

И.Исаков: Алгач армияны оңдоюн, анан атамдын үйүн...


11-февралда Исмаил Исаковдун 8 жылга кесилип, УКМКнын абагына түшкөнүнө туура бир ай болду. Исаковдун кичи мекени Алай районунда анын камалышына нааразылыктар күчтүү.

Борошологон кар, тайгак жолдо Сопу-Коргон айылына жетүү жеңил боло берген жок.

Сопу-Коргондо Исмаил Исаковдун атасынын үйү бар. Исаков камалгандан кийин 86 жаштагы апасы Анипа Маматисаева да Сопу-Коргонго келип, Исмаил Исаковду бошотууну талап кылган ачкачылык акциясына кошулган.

9-февралда журналисттер жана саясатчы Топчубек Тургуналиев Анипа Маматисаева баш болгон он адам ачкачылык кармап отурган
үйгө келип, алар менен жолугушуу учурунда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев ачкачылык акциясын токтотууга үндөдү. Ачкачылыкта отургандар ага макул болушту.

86 жашка кадам койгон Анипа Маматисаева уулунун камалышына карата президент Курманбек Бакиевге нааразылыгын жашырган жок:


- Акаев иштеп кетти. Андан кийин муну шайлап алышты. Бул эми жакшы иштейт десе... Бул эми кызматын жакшы кылып жатабы, жаман кылып жатабы айта албаймын. Бирок чыгаан жигиттерди куугунтукка алганы жаман экен. Ушул жерине мен өтө нааразымын. Курманбек өтө нааразымын. Сотко да нааразымын. Ушу балам аппак эле, торго салып койгону эмнеси ботом!? Киши өлтүргөндү, мамлекетти бузган же ууру кылганды торго салчу эле. Ак иштеп, ак жүргөн баламдын бетине көө сыйпап отурат. Кудайга койдум. Аллага койдум. Улуу кудай аны да торго салаар. Бул дүйнөдө адамдар торго салбаса, Кудай өзү торго салып коет, деген Анипа эне уулун бийик болууга үндөдү.

Мүмкүн Исмаил Исаков кээ бир саясатчылар сунуш кылгандай президенттен кечирим сурашы керек беле деген суроого мындай жооп берди:

- Кечирим сурасын деп кантип айтам. Ушундай таптаза, сүттөй таза баламды торго салып отурса. Эмнесине кечирим сурайт? Кудай буюрса, эли бар, журту бар, тууган-уругу бар, жакшы санаалаштары бар. Чыгаар деп үмүттөнүп отурам. Кудай кааласа чыгат. Чыгып алса болду. Бийликти ошол Курманбекке эле бердик.

Топчубек Тургуналиевдин жана журналисттердин келгени тууралуу кабарды уккан сопу-коргондуктар дароо чогулушту. Алардын катарына келген сексен жаштан ашкан, Сопу-Коргон мектебинде убагында тарыхтан сабак берген, Исмаил Исаковду окуткан жана атасынын Сопу-Коргондогу эң жакын кошунасы Сурма эжеке, Исмаил Исаков министр кезинде Сопу-Коргонго келгенде, “ай Исмаил, министр болдуң, жогору кызматтарда иштедиң, мына бу атаңдын үйүн оңдотуп койбойсуңубу?” деп сураганда, эми Коргоо министри кызматына киришкен Исмаил Исаков минтип жооп берген:

- Армияны оңдоюн. Андан кийин атамдын үйүн оңдоймун.

Сопукоргондуктар жолдун алыстыгына жана кар, күн сууктугуна карабай 10-февралда район борбору Гүлчө айылына митингге келишти. Район борборундагы стадиондо митингиде алгачкылардан болуп сексен жаштан ашкан карыя Ороз Мусаев сөз сүйлөп буларды белгиледи:

- Максатыбыз бир гана Исмаил Исаковду бардык чиндери менен кылын коротпой камактан бошотуп алуу. Биз бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин айткан жокпуз. Атап айтканда, жер сатканын айткан жокпуз, кен сатканын айткан жокпуз, жарыкты кымбаттатканын айткан жокпуз, суу сатканын айткан жокпуз жана башка толуп жаткан кемчиликтерин айткан жокпуз. Биз бир гана Исмаил Исаковду ошол жерден аман-эсен бошотууну талап кылып отурабыз.

Ороз Мусаев бул максатта Курманбек Бакиевге көп кайрылышканын кошумчалады:

- Биз Бакиевден суранганбыз, Бакиевге жалынып кат жазганбыз. Чыгарып коюңуз, ушул сиз менен кошо жүрдү эле, үзөңгүлөш болду
эле, сизди бийликке алып келгендердин бири эле, ушуну чыгарып коюңуз деп суранган элек. Эми жалынбайбыз. Эми талап кылабыз.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Нургазы Айдаров жана Ажыбай Калмаматовго нааразылыгын жашырган жок:

- Бул Алайдын эли жөн эле жатат. Беш-алты туугандары менен чүңкүлдөшүп жүрөт деп Жогорку Кеңешке айткан имиш. Оо уяты жоктор, ушундай да болобу!?

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматов баары мыйзам чегинде болушун билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG