Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Израиль: Нетаньяху Либерманды Тышкы иштер министри кылмай болду


Израильдин кийинки өкмөтүн түзмөкчү болгон “Ликуд” партиясынын жетекчиси Биньямин Нетаньяху алгачкы баскычта ашынган улутчул партия менен коалиция түзүү боюнча келишимге кол койду.

Бирок анын мындай кадамы өлкөдөгү арабдар менен чет элдик ырасмий өкүлдөрдүн тынчсыздануусун пайда кылды.

Израилдеги өтө эле улутчул саясатчылардын бири болгон Авигдор Либермандын ишмердүүлүгү эл аралык коомчулук менен арабдар арасында кыйла тартышылып, сынга алынып келет. Буга карабай Либерманга тез арада өкмөттү түзүүгө ашыккан болочок премьер-министр Биньямин Нетаньяху тышкы иштер министрлиги кызматын сунуштап, коалиция түзүү болюнча келишимге кол коюшту.

Либермандын ашынган улутчул “Биздин үй Израиль” партиясы Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы менен коалиция түзүүгө барган алгачкы партия болду. Бирок баарыбир бул коалициянын добушу парламенттик көпчүлүктү камсыз кыла албайт. Андыктан Нетаньяху башка партиялар менен да сүйлөшүүгө баруусу керек болот.

Мурдагы советтик Молдовада туулуп-өскөн Либермандын Израилдеги 1,5 миллион чамалуу арабдарга карата катуу чараларды көрүп, араб шаарларын көчүрүү демилгесин кыйла адамдар колдоп чыгышты. Андыктан, эгерде “Ликуд” партиясы менен биригүү ийгиликтүү аяктаса, анын “тыңчылык жана террорчулук үчүн айыпталган изралдиктерди жарандык укугунан ажыратуу” демилгеси ишке ашып калышы да ыктымал.

Бул биригүү ошондой эле Газа тилкесиндеги ХАМАС уюмунун согушчандарын күч менен жоготуу демилгесин да жандантышы мүмкүн дешет. Анткени Либерман ХАМАСты аесуз талкалоо демилгесин көтөрүп келет. Эл аралык коомчулукта, мындай саясат улана турган болсо Газа тилкесине гуманитардык жардамдарды жөнөтүү аракеттери үзгүлтүккө учурары айтылууда.
Израилдеги араб тектүү Ахмед Тиби аттуу депутат эл аралык коомчулукту Либерманга каршы бойкот жарыялоого үндөп, бир дагы өкмөттүн министри, айрыкча бир дагы араб министри аны менен жолукпашы керектигин айтып чыкты.


Израилдеги араб тектүү Ахмед Тиби аттуу депутат эл аралык коомчулукту Либерманга каршы бойкот жарыялоого үндөп, бир дагы өкмөттүн министри, айрыкча бир дагы араб министри аны менен жолукпашы керектигин айтып чыкты.

Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солананын айтымында, Европа менен Израилдин мамилеси жаңы өкмөттүн палестин чатагын тынчтык жолу менен чечүүгө ынтызарлыгына жараша болот:

- Биз, Палестин мамлекетин түзүү жаатында иштешүүнү уланта ала турган Израиль өкмөтү менен кызматташууга даярбыз. Андай болбосо окуя башкача өнүгөт.

“Ликуд” менен “Биздин үй Израиль!” партиясынын келишими башка орточулдарды да бул коалицияга үндөп турат. Алардын негизгилеринин бири Тышкы иштер министри Ципи Ливни башында турган орточул “Кадима” партиясы.

Өткөн айдагы шайлоодо “Кадима” партиясы Кнессетте 28 орун камсыз кылып, 27 орунга ээ болгон “Ликуд” партиясынан алга кеткени менен Ципи Ливни премьер-министр болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Себеби, өкмөт түзүү үчүн Ливниге өнөктөштөр жетишсиздик кылып, ал Нетаньяхуга кезектешип премьер болуу сунушун киргизген. Соңку парламентте оңчулдардын көптүгүнө таянган Нетаньяху мындай сунуштан баш тарткан.

Эми бул коалицияга шайлоодо аздан добуш алышкан башка майда партияларды тартуу аракеттери уланмакчы. “Кадиманын” лидери Ливни болсо өзүнүн талаптарын коюп, талаштуу жерлер боюнча чегинүүлөргө барып, палестиндер менен тынчтык багытында карым-катнаш жүргүзүү саясатына макул болушкан күндө гана коалицияга кошуларын айтууда.

XS
SM
MD
LG