Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Дүйнө Израилдин ырайымсыздыгын айыптоодо


Израилдин аскер-деңиз күчтөрү газалыктарга гуманитардык жүк алып бараткан "Эркиндик флотилиясын" бейтарап тилкеде басып алды.
Израилдин аскер-деңиз күчтөрү газалыктарга гуманитардык жүк алып бараткан "Эркиндик флотилиясын" бейтарап тилкеде басып алды.

Газага гуманитардык жүк алып бараткан "Эркиндик флотилиясы" деп аталган кемелердин кербенин израил аскерлери кармап алышты. Айрым маалыматтарда он тогуз, экинчи бир кабарларда он киши набыт болгону айтылууда. Түркия Израилди кескин айыптады, Евросоюз окуяны кылдат иликтеп чыгууну талап кылды.

"Эркиндик флотилиясы" газалыктарга он миң тонна гуманитардык жардам, курулуш материалдарын алып, жекшемби күнү Кипрден чыккан болчу жана дүйшөмбү күнү Газага келиши керек эле. Израилдин аскер-деңиз күчтөрү жээктен алтымыш чакырым аралыкта - эл аралык тилкеде – алты кемеден турган гуманитардык деңиз кербенин курчап алышты. Операция учурунда жоон топ киши окко учканын, отуздайы жарадар болгонун израил армиясынын өкүлү ырастады.

"Тилекке каршы, кемедеги кишилер биздин аскерлерге ачыктан-ачык агрессивдүү каршылык көрсөтүштү. Мунун баары алдын-ала пландаштырылган иш, -деп билдирди армиянын өкүлү. – Жүргүнчүлөрдө ар кандай курал бар экен, биздин аскерлерге ок атышты, ошондой эле бычак жана башка курч буюмдарды колдонушту".

Израил тышкы иштер министринин орунбасары Данни Аялон да бир кемеден күн мурунтан камдалып коюлган куралдар табылды деп ырастады. "Израил курмандыктар болгонуна өкүнөт, буга жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасадык. Акцияны уюштурган адамдарды бир канча ирет, анын ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу бул тукурукту токтотууга чакырган элек", - деп кошумчалады ал Иерусалимдеги маалымат жыйынында.

Түркиянын телеканалдарындагы кадрларда израил солдаттары кемедегилерге курал жаңсап, ок атып кармап жатканы көрсөтүлдү.

Окуяны тикелей режимде көрсөтүп жаткан "Ал-Жазиранын" кабарчысын солдаттар кекетип-мокотуп, репортажын токтотуп салышты.

Гуманитардык кемелер кербенин "Газанын эркиндиги үчүн" деп аталган кыймыл уюштурган эле. Анын ырасмий өкүлү Одри Бомсе кемедегилер болгону ооз жүзүндө гана каршылык көрсөтө алмак деп ырастады. Солдаттарга эч ким ок ата алмак эмес, анткени алардын колунда курал жок болчу.

Кемедегилердин көпчүлүгү түрк жарандары эле, айрым кабарларда гректер да бар экени айтылат.

Түркиянын өкмөтү чукул жыйын өткөрүп, Израилди кескин айыптады. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө бул окуянын арты эки тараптын ортосундагы мамилелерге "оңолгус салакасын тийгизери" эскертилди. Аламандаган топ Израилдин консулдугун талкалап сала жаздашты. Анкара Израилден элчисин чакыртып алганы жатат. Мындан тышкары Түркия тезинен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чакырууну талап кыларын билдирди.

Еврошаркеттин тышкы саясатынын координатору Кэтрин Эштон бул ишти толугу менен кылдат иликтеп чыгууну талап кылды жана Израилди гуманитардык жүктөргө кеңири жол ачканга чакырды. Грек өкмөтү, анын соңунан Евросоюздун ушу таптагы төрагасы Испания израил элчилеринен түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Греция нааразылык иретинде Израил менен биргелешип өткөрүлө турган аскерий машыгуулардан баш тартты.

Израилдин деңиздеги операциясы дүйнөлүк лидерлерди да ачуулантты. Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Франциянын президенти Николя Саркози артыкча күч колдонгону үчүн Израилди сынга алышты.

Палестин жетекчилиги бул окуяны ырайымсыз иш катары айыптады. "Газаны камалоого алганы үчүн Израилге кысым көрсөтүүнү өтүнүп, эл аралык коомчулукка эбактан бери кайрылып келатабыз",-деп билдирди автономиянын өкүлү. Хамасчылар Израилге каршы көтөрүлүшкө чакырды.

Израил үч жылдан бери - аймакта бийликке "Хамас" уюму келгенден тартып Газа тилкесин экономикалык камоолдо кармап турат.

XS
SM
MD
LG