Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Израиль Газага чабуулун токтото элек


Израилдин чабуулдары Газаны ойрон кылды, 30-декабрь, 2008
Израилдин чабуулдары Газаны ойрон кылды, 30-декабрь, 2008

Израиль бүгүн Газадагы чабуулдарын солгундатты көрүнөт. Бирок атышууларды тезинен токтотуу боюнча эларалык коомчулуктун талабына көнө элек. Беш күндөн берки чабуулдарда 370 палестиндик тургун набыт болду.

Атышуулардын бешинчи күнүндө Израиль Газадагы чабуулдарын бир аз токтоткондой болду. Ушундан улам, балким, ал ХАМАСтын негизги объектилерин толук ойрон кылган окшойт деген сөздөр айтылууда. Ишембиден бери Израиль Газа тилкесинде ХАМАСтын мимараттарын, курал сакталчу жайларды, Египеттен курал ташылчу туннелдерин, ал эле эмес, бул куралдуу топко жакындыгы менен айырмаланган Газа Ислам университетин да чабуулга алган.

Бул чабуулдар – Израиль Газага каршы урган алгачкы катуу сокку болду. Андан кеминде 370 палестиндик тургун мүрт кетти.

Бул атышуулар башталгандан бери ХАМАС Израилге 250дөй ракета атып, алардан төрт израилдик жаран көз жумганы айтылууда.

Эми Израиль абадан соккусун азайтып, ХАМАСты толугу менен жок кылыш үчүн жер үстүндөгү чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн. Андай болгондо курмандыктардын саны дагы өсүшү айкын.

Азырынча жөөт аскерлери Газа тилкесинин чек-арасына жакын жерге чейин гана жетип, ошол жерде токтоп турушат. Шаарды азырынча бастырып кирише элек.

Франция Газадагы гуманитардык кризисти эске алып, ал жакка жардам жеткириш үчүн азырынча 48 саатка атышууларды токтотуп турууну сунуш эткен. Франциянын Тышкы иштер министри Бернард Кушнер шейшембиде: “Ал жерге гуманитардык жардамдарды жеткириш үчүн атышууларды убактылуу токтото туруу боюнча келишимди карап жатабыз. Бул талап аткарылышы зарыл. Анткени бир канча жолу атышууларды токтотуу боюнча талап эске алынбай келди”, - деди.

Бүгүн Израиль ал планды четке какпай турганын билдирип, бирок “аткарууга мүмкүн эмес план экен” деп атады. Анткени Израиль буга көнсө да, ХАМАС ракета чабуулдарын токтотот деген кепилдик жок деп жатат.

Анын аралыгында, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча арачылар – АКШ, Бириккен улуттар уюму, Евробиримдик жана Орусия – атышууларды тезинен токтотууга чакырышты.

АКШ президентинин расмий өкүлү Гордон Жондроу Вашингтондун позициясын: “Менимче, эки тарап тең конфликтти кантип токтотууну билет: ХАМАС ракета чабуулдарын токтотсо эле, Израиль да өз жарандарын ал чабуулдардан коргомок эмес”, - деп түшнндүрдү.

Газадагы кыргын мусулман дүйнөсүндө жана Европанын бир топ мамлекеттеринде палестиндиктерди жактаган демонстрацияларды жаратты.

Египет, мисалы, бүгүн Газа элине тилектештигин билдирип, Жаңы Жылды расмий түрдө белгилөөдөн баш тартты. Бирок Египеттин президенти Хосни Мубарак Газа элин өзүнүн бейбаш аракеттери менен коркунучка кептеген ХАМАСты да сынга алды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG