Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Израил узак урушка даяр


Газанын түштүгүндөгү Рафай району чабуулдан кийин, 30-декабрь, 2008
Газанын түштүгүндөгү Рафай району чабуулдан кийин, 30-декабрь, 2008

Парижде бүгүн Евросоюздун тышкы иштер министрлери чукул жыйынга чогулуп, Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулашат. Франциянын демилгеси менен чакырылган жыйында жаңжалды жөнгө салуу жолдору каралат.

Израилдин аскери авиациясы Газадагы операциясын улантууда. Акыркы аба жапырыктарынан он киши мерт болду, алардын жалпы саны операция башталгандан бери 350дөн ашты. Дарыгерлер бир жарым миңдей адам жарадар болгонун айтышууда.

Палестин автономиясынын мурдагы премьер-министри Ахмед Куреи израилдиктер аймактагы инфраструктураны, бейжазык адамдарды бутага алып,аёосуз бомбалап жатышканын кабарлады.

Газага жуук жерге Израил армиясын топтоп, аймакка киргенге шайма-шай турат. Коргоо министринин орунбасары Матан Вилнаи өлкө “узак урушка даяр экенин, коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүүнү көздөп жатканын” бышыктады. Коомдук коопсуздук министри Ави Дичтер атайын операция реалдуу бейкутчулук камсыз кылынганга чейин улантыларын, бул үчүн каражаттардын бардык түрү колдонуларын кошумчалады.

Ок атышууну алты айга токтотуу тууралуу быйыл жайда жетишилген келишимдин мөөнөтү бүткөн соң “хамасчылар” Израилдин аймактарын ракетадан кайрадан аткылай башташкан эле. Акыркы бир сутканын ичинде эле жөөттөр жашаган райондордо жүздөн ашуун ракета жарылды, беш адам набыт кетти, онго чукул киши жарадар болду.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эки тараптан тең жаңжалды токтотууну талап кылды. Рим папасы Бенедикт XVI израилдиктер менен палестиналыктарды “гумандуу жана акылдуу болууга”, ал эми дүйнө коомчулугун аларды туюктан чыгарып, сүйлөшүүлөр жолуна салуу үчүн жардамдашууга чакырды.

Ак үйдүн өкүлү Гордон Жондро өз коопсуздугун коргоп жаткан Израилдин позициясын АКШ түшүнө турганын ырастап, ”Хамас” жарашуу шартын кабыл алууга тийиш деп көрсөттү.

Айрым арап өлкөлөрү, өзгөчө Египет,Сауд Аравиясы менен Иордания кырдаалга ак же көк деген позициясын билдиришкен жок. Ал эми палестиналыктарга жан тарткан күчтөр бир катар мусулман өлкөлөрүндө демонстрацияларды өткөрүштү. Ливандын борбору Бейруттагы жыйында “Хезболла” уюмунун лидери Хасан Насралла Израил баары бир “Хамасты” жок кыла албайт деп билдирди.

Мындай пикирге Израилдин өзүндөгү айрым ырасмий өкүлдөр,алардын ичинде инфраструктура министри Бинямин Бен-Элиэзер да кошулат. Министр, маселен, “Хамастын” биротоло түбүнө жетсе болот эсептегендер “катуу жаңылып жатканын” эскертти.

XS
SM
MD
LG