Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Орусия: Сыналгыга гипнозчулар кайтып келүүдө


Анатолий Кашпировский Прагада, 1992-жыл
Анатолий Кашпировский Прагада, 1992-жыл

Орусияда советтик доор урап жаткан жылдары улуттук сыналгы аркылуу белгилүү болгон гипнозчу учурдагы экономикалык кризис маалында кайрадан кайтып келери күтүлүдө. Анатолий Кашпировскийдин ырасташынча, мындай оор кырдаалда орус эли акыл менен түшүндүрүп берүүгө мүмкүн болбогон кубулуштарга муктаж. Орусиялык НТВ сыналгысы Кашпировскийдин берүүлөрүн обого чыгарууга кам урууда.

Анатолий Кашпировский өз берүүсүндө бул сөздөрдү айтчу:

- Көпчүлүгүңүздөрдүн тынчыңыздарды алган жана көп жылдан бери кыйнап келген коркуу сезимдери жок болду. Колуңуздар калтырабай калды. Эң негизгиси көптөгөн адамдардын оорулары жок болду. Айрым адамдарда мен ушул сөздөрдү айтып жатканда кайсы гана жери оорубасын, оорусу тып токтоду.

Анатолий Кашпировскийдин жылдызы жанып турган маалда миллиондогон көрүүчүлөр анын ар апта сайын чыгып турчу берүүсүн көрүү үчүн сыналгынын алдына чогулчу. Көрүүчүлөрдү сыналгыга жакын отурууга чакырган Кашпировский ар бир ооруну айыктыра алам деп ишендирчү.

Орус эли Кашпировскийдин берүүлөрүн жакшы билишет: сыналгыдан бул гипнозчунун берүүсү башталды дегиче, көчөлөрдө баардык кыймыл токтоп, кийинки күнү автобус жана метродо ушул тууралуу гана сөздөр болчу.

Айрымдар Кашпировскийдин мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн санаса да, ал ошол жылдары өтө белгилүү инсандардын бири болгон. 1993-жылы Кашпировский Мамлекеттик Думанын Төмөнкү палатасына депутат болуп шайланган.

Ошол жылдары Кашпировский абдан белгилүү болсо да, анын дагы атаандашы бар эле: бул - өзүн бакшы деп атаган, улуттук сыналгыда чыкчу эртең мененки берүүнүн алып баруучусу Алан Чумак.

Чумак да айрым ооруларды түп тамырынан бери жок кылаарын убада кылган. Чумактын берүүлөрүнө катыша албагандар сыналгынын алдына суу толгон чыныны коер эле. Чумак өзүнүн энергиясын толкундар аркылуу жибергенин, берүү бүткөндөн кийин дубаланган сууну ичкен адам дарттарынан арыларын айтчу.

“Азаттык” үналгысынын Орус кызматына берген маегинде Орусиянын Илимдер академиясынын академиги Исаак Халатников Чумак менен Кашпировскийдин берүүлөрү кайра куруу жылдарынын бир элеси болгонун белгиледи. Халатниковдун айтымында, азык-түлүк аз болуп, дүкөндөр бошоп калганда карапайым калк көңүлүн жубатуу үчүн “жалган илимге” умтулган. “Азыркы экономикалык кризис Кашпировскийдин берүүлөрүнүн жанданышына түрткү болду” дейт Халатников:

- Кишилер кереметке ишенгиси келет. Илим учурда абдан көп укмуш нерселерди сунуштай албайт, ал эми карапайым калк ар кандай кереметке муктаж болуп турат. Менимче, бул – коомдун белгилүү бир катмарынын талабы.

Социо-психология илимдеринин профессору Татьяна Степаненконун пикиринче, орус коомчулугу байыртадан эле түшүнүксүз кубулуштарга жакын болгон, Кашпировский менен Чумактын берүүлөрүнүн эл ичинде ашыкча белгилүү болуусунун сыры мына ушунда:

- Албетте, бул берүүлөр – эң алды коомдун билимсиз катмарына багытталган. Жалпысынан эле биздин сыналгылар өз берүүлөрүн чала билимдүүлөр үчүн даярдайт. Көңүл ачуучу берүүлөрдүн көбүнүн сапаты өтө начар, көпчүлүк адамдар да билимсиз.

Ал эми сыналгы сынчысы Бронислава Тарошхина үналгы берүүлөр тууралуу буларды айтат:

- Бул өлкөдө саясий багыттагы үналгы берүүлөр жок. “Сөз эркиндиги” деген түшүнүк учурда өтө ыплас сөз болуп калды. Карапайым калкты саясий окуялардан алагды кылуу үчүн атайын ушундай бир жол табылган – мыкты сапаттагы сыналгы берүүлөрдүн ордун ушул өңдүү көңүл ачуучу берүүлөр толуктады.

Орусияда үч негизги сыналгы каналы, анын ичинде Кашпировскийдин берүүсүн чыгарчу НТВ бийлик тарабынан көзөмөлдөнөт, же бийлик жүргүзгөн саясатты колдоору маалым.
XS
SM
MD
LG