Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Оппозиция: "Казак коомуна тарыхый коркунуч туулду"


"Казатомпромдун" президенти Мухтар Жакишев камалардан бир апта мурда эле "Азаттыкка" берген интервьюсунда 2100-жылга чейинки уран өндүрүү стратегиясы тууралуу кыялда баккан ойлорун баяндап берген эле.
"Казатомпромдун" президенти Мухтар Жакишев камалардан бир апта мурда эле "Азаттыкка" берген интервьюсунда 2100-жылга чейинки уран өндүрүү стратегиясы тууралуу кыялда баккан ойлорун баяндап берген эле.

Казакстанда улуттук атом компаниясынын жогорку жетекчилери камакка алынды. Алардын баарына өкмөттүк казынанын ири өлчөмдөгү каражатын ээликтеп алганы үчүн иш козголду. Оппозиция болсо бийликтин соңку кадамдарын "казак коомуна тарыхый чоң коркунуч" түзүлгөндөй кабыл алды.

"Казатомпромдун" мурдагы президенти Мухтар Жакишев,анын үч орунбасары жана компаниянын эки кызматкери соттун чечимине ылайык камакка алынганын улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү дүйшөмбү күнү ырастады.

Жакишев Астанага жеткирилди, калган бешөө Алматыда КНБнын тергөө абагында жатышат. Компаниянын бардык кызматкерлерине тергөө иштери бүтмөйүнчө саякаттап же мейманчылап башка жактарга барганга, өлкөдөн кеткенге тыюу салынды.

Мухтар Жакишев банкрот болгону калган "Казатомпромго" 1998-жылы башчы болуп келген эле. Он жыл аралыгында мамлекеттик маанилүү бул компаниянын ишин оңдоп, өрүшүн кеңейткенге жетишти. Кытай, Россия, Индия сыяктуу өлкөлөр менен атом жана атомдук технологиялар чөйрөсүндө ири суммадагы келишимдер түзүлдү. Казакстан ушу тушта урандын запасы жагынан дүйнөдө алдыңкы орундардын бирине чыкты.

Ошону менен бирге компаниянын беделине көлөкө түшүргөн айрым иштер да болду. Атап айтканда, 2000-жылдардын башталышында Пакистандын Кветта шаарынан Казакстанга аткезчилик жол менен уран тартып келаткан автомашина Өзбекстандын чек арасында кармалды. Андан эки жылдан соң Сеулдагы гезиттердин бири Түндүк Корея Казакстандан уран сатып алганын жазып чыкты. Мандемдүү бирөөлөргө уран жана плутоний сатканга аракет кылган бир нече адам колго түштү.

Ошентсе да быйыл февралда БТА банктын башчысы Мухтар Аблязов кызматтан алынып, ага тергөө иши ачылганда Жакишевдин аны менен да жең ичинен байланышы бар экени билинип, анын быкыйы ушундан улам чукулуп калды дешет. Аблязов мурда финансылык аксымдыктары үчүн түрмөдө отуруп чыккан эле. Кайрадан камаларда ал чет өлкөгө качып кетип кутулду.

Быйыл мартта "КазМунайГазда",былтыр ноябрда "Казакстан темир жолы" компаниясында да жетекчилердин былык иштери ачылып,бири - экономикалык кылмыштары,экинчиси – паракорлугу үчүн түрмөгө кесилди. Ушундай эле жүйөө-себептерден улам "Самрук-Энерго" компаниясында, улуттук банкта да жетекчилер алмашты.

Бийлик мунун баарын коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасына чегерип жатат.Ал эми оппозиция булардан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн "өлкөнүн эң мыкты экономикалык активдерин колго ала баштаганын" көрүүдө.

"Элдик бийлик" блогун жетектеген Серикболсын Абдилдин менен Владимир Козловдун коомчулукка арналган ачык катында президенттин акыркы кездеги аракеттери "казак коомуна тарыхый коркунуч туудура баштаганы" айтылды. Ошол себептен алар Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, эл аралык коомчулукка кайрылышып, өлкөдөгү бу "процесске кийлигишүүгө" чакырышты.

"Элге каалаган китебин окуганга да тыюу салып, эркин ойду Назарбаевдин режими кылмыштуу иш кылып жарыялаганын",саясий жана сөз эркиндиги,адам укуктары басылып жатканын көрсөтүшүп,кайрылуунун авторлору Европа өзү ташбыйкат кылган демократияны "кара майга же газга, керектүү башка да чийки заттарга айырбаштап жибербеши керектигин" эске салышты.

Карапайым тургундар болсо бул окуяларды ар башкача баалашууда. "Азаттыктын" кабарчысына алардын айрымдары Жакишевди элди жумуш менен камсыз кылган, калкты баккан камкор жетекчи катары мүнөздөштү. Экинчилери өкмөттөгүлөрдүн баары колкосуна чейин коррупцияга малынып алышканын, аларды түгөл алмаштырмайынча абал өзгөрбөй турганын айтышты. Дагы бирөөлөрү бийликтин кадамдарын айыптап,казактын мыкты,тың чыкма жигиттерин куугунтуктап, камап, курутуп жатканына наалышты.

XS
SM
MD
LG