Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Назарбаев улут көсөмүнө айланууга азырынча ашыкпайт


Казак президенти Нурсултан Назарбаев президенттиктен улут көсөмүнө мыйзам аркылуу айлануудан баш тартты. Ал парламент өткөн айда кабыл алган мыйзамга кол койбой турганын жарыялаганы менен казак оппозициясынын өкүлдөрү бул маселе биротоло жабылды дегенди туюндурбасын айтышууда.

Казак парламентинин кош палатасы өткөн айда кабыл алган, ага өзгөчө макам берген мыйзамга кол койбой турганын Нурсултан Назарбаев 3-майда кечинде жарыялады. Кызык жери, билдирүүнү президент өзү жасабады. Ал адегенде кагаз жүзүндө таратылды, кийинчерээк мамлекеттик “Хабар” телеканалынан окулду:

-Мен казакстандыктарга эмгегимди колдогону жана баалагандыгы үчүн чын ниетимден ыраазычылык билдирем. Ошол эле учурда улут көсөмү макамын мыйзамдын тамгасы, декрет же башка укуктук актылар аркылуу алууга мүмкүн деп эсептейм. Белгилүү болгондой Казакстан азыр Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы. Башка аймактык бирикмелерди да жетектөөдө. Биз бул ишенимди барктап, ардактуу миссиябызды татыктуулук менен аткарышыбыз абзел. Сенаттын жана мажлистин урматтуу депутаттары, жогоруда айтылгандарга байланыштуу мага жөнөтүлгөн мыйзамдарга кол койбоо жөнүндөгү менин турумумду туура түшүнүүнү суранам.

Изгилик

Назарбаевдин жарыясынан кийин эле 4-майда жалгыз “Нур Отан” партиясынан турган казак парламенти бул маселеге кайрадан кайрылды. Конституция боюнча парламентте президенттин тигил же бул мыйзамга салган ветосун жеңүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок адаттагыдай эле казак парламентарийлери, сенаторлордун бири Тасбай Симамбаев белгилегендей, президенттин изгилик менен жасаган билдирүүсүнө макул болду. Мыйзамга демилгечилик кылган үч депутаттын бири Амзебек Жолшибеков мындай дейт:

-Бул - ал кишинин укугу. Биз ал кишиге (Назарбаевге) ыраазыбыз. Башка эч кандай ой жок. Ал киши ошондой чечим кабыл алгандан кийин бул адамдык да, конституциялык да укугу.

Расмий түрдө “Эл башы жөнүндө” деп аталган мыйзамга ылайык, Назарбаев президенттиктен кеткен күндө деле бийлигинин дээрлик баарын сактап калмак. Кылмыш же административдик жоопкерчиликке эч убакта тартылмак эмес. Анын өмүрүнө кол салуу аракети террордук акт катары бааланмак, ал эми улут көсөмүнүн абийирине, ар намысына шек келтиргендер, сүрөтүн өрттөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылмак. Назарбаевдин жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү кол тийбес болмок.

Президенттин мыйзам боюнча жасаган билдирүүсүндө айтылгандай, анын дарегине улут көсөмү макамын алууга чакырган он миңдеген каттар түшкөн. Ошол учурда казак оппозициясынын өкүлдөрү Назарбаевди мыйзамды четке кагууга чакырып, ал мындай атты жалгыз партиядан турган парламенттен эмес, калктан алуусу керектигин белгилеген эле. Анткен менен көпчүлүк мыйзамга кол коюлат, балким бул кезектеги кызмат мөөнөтү 2012-жылы аяктоочу Назарбаедин президенттиктен кетүүсү үчүн алгачкы кадам деп жатышкан.

Ички жана сырткы факторлор

Алматылык саясат тануучу Андрей Чеботырев мыйзамды казак парламенти Ак ордонун көрсөтмөсү кабыл алганы анык деген пикирлерге кошулат. Бирок азыр анын четке кагылышын ички жана тышкы факторлор менен байланыштырат:

-Эгер мунун саясий жагын эске алсак, чет өлкөлөргө, өзгөчө Казакстан өзү төрагалык кылып жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башка мүчөлөрүнө белги берилди. Мында Казакстан азыр Астанада ЕККУнун саммитин өткөрүүгө кызыкдар болуп жаткандыгын эске алуу керек. Улут көсөмү деген макамды алуу менен биздин мамлекет башчы үчүн ЕККУга мүчө башка өлкөлөрдүн президенттеринен өйдөгө көтөрүлүү дегенди туюндурмак. Бул өз кезегинде алардын көпчүлүгүнүн бул саммитке катышуудан баш тартуусуна алып бармак, анын үстүнө келер-келбесин азыр баары эле ырастай элек.

Бул тышкы фактор болсо, ал эми ички фактор катары саясат таануучу Андрей Чеботырев төмөнкү жагдайды атайт:

-Экинчиден, мыйзамдар парламентте каралып, кабыл алынгандан кийин коомчулукта бул боюнча талкуу башталып, Улут көсөмү макамын алган мамлекет башчысынын кызматынан чегинүү ыктымалдуулугу жөнүндөгү кеп-сөздөр күчөп кетти. Башкаруучу элитанын ичиндеги таасир көргөзүүчү айрым чөйрөлөрдө жагдай ушундай эле нукта өнүгөт деген маанай да жаралып, балким президенттик кызматка талапкерлер мерчемделе баштагандай. Мына ушул жагдай да эске алынды окшойт жана мамлекет башчысы эч жакка кетпей, өз кызматында кала тургандыгы тууралуу белги берди.

Демилге четке кагылганына карабай, Казакстанда катталбаган “Алга” оппозициячыл партиясынын лидерлеринин бири Владмир Козлов ал өлкөнүн жүзүнө көө жапты деген көз карашта:

-Президент эмнегедир өз парламентине бул демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда мен демилге президентти, парламентти, өлкөнү уят кылды деп эсептейм.

Бүгүн болбосо эртең

Казак оппозициясынын чет өлкөдөгү бюросунун башчысы Серик Медетбеков - Назарбаев президенттик кызматы менен катар бийлигин да башка эч кимге ыраа көрбөйт деп эсептегендердин бири. Серик Медетбековдун пикиринде, казак президентинин ага өзгөчө макам ыйгарган мыйзамга кол койбогондугу, ал мындай идеядан биротоло баш тартты дегенди туюндурбайт:

-Дал ушу тапта кол койбогондугу (мыйзамга) анын изгилигинен жана жакшы ниетинен кабар бербейт. Эгер Назарбаевде чын эле ушундай каалоо болсо, ал муну түп тамырынан бери кыркмак. Мыйзам иштелип чыгып, парламентте кабыл алынып, кол коюу үчүн берилмек эмес. Азыр болсо мыйзам калды, тийиштүү процедурадан өткөн. Ага каалаган учурда кол коюуга болот. Андыктан, менимче Назарбаевдин кадамы жөнүндө бир нерсе айтуу же баа берүү эртелик кылат.

Келерки айда туура 70 жашка чыгуучу Нурсултан Назарбаевдин кезектеги президенттик мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Бирок ага биринчи президент катары шайлоого эч чектөөсүз катышуусуна жол ачкан жобо Казакстандын Конституциясында каралган. Алматылык саясат таануучу Андрей Чеботыревдун айтымында, 2012-жылдын маселеси кандай жол менен чечилерин азырынча болжолдоо кыйын. Казакстанда өмүр бою президенттик кылуу идеясы али күн тартибинен алына электигин, ошол эле учурда Назарбаев ага президенттикинен да жогору макам берген мыйзамды кабыл алуудан баш тартканы эске алганда, келерки мөөнөттүн маселеси шайлоо, балким мөөнөтүнөн мурда шайлоо аркылуу чечилүүсү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG