Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Косоводогу шайлоого чет элдик байкоочулар ыраазы


Косовонун премьер-министри Хашим Тачи өзү жетектеген Демократиялык партиянын жеңишин жарыялады. 15-ноябрь, 2009-ж.
Косовонун премьер-министри Хашим Тачи өзү жетектеген Демократиялык партиянын жеңишин жарыялады. 15-ноябрь, 2009-ж.

Жекшембиде Косоводо өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары добуш берүү системасындагы техникалык кыйынчылыктардан улам толук жарыялана элек.

Шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо кийинкиге жылдырылганы менен, чет элдик байкоочулар өнөктүк өтө мыкты деңгээлде өттү деп мактоого алышты.

“Азаттык” радиосунун Приштинадагы бюро башчысы Арбана Видишики дүйшөмбүдө кечинде шайлоо жыйынтыгы толук жарыяланбаганын кабарлады. “Борбордук шайлоо комиссиясы азыр эле 36 шаар-калаанын башчысы, же мэрлиги үчүн ат салышууда кимдер жеңгенин алдын-ала жыйынтыктарга таянып жарыялады. 36 жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыктары айтылган жок”.

Шейшембиде Косовонун премьер-министри Хашим Тачинин Демократиялык партиясы жергиликтүү шайлоодо көпчүлүк орундарды жеңип алдыга чыкканы маалым болду. Оппозициячыл “Косовонун келечеги үчүн” альянсы бийликтегилер күткөндөн көбүрөөк добуш алып, Демократиялык лигадан кийинки, 3-орунда келатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөөгө жер-жерлерден маалыматты чөнтөк телефондон SMS аркылуу алуу кыйынчылыктар жаратып, ишти создуктурганына арызданды.

Косоводогу бул жергиликтүү шайлоо – чөлкөм Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан берки эң алгачкы саясий өнөктүк, андан улам косоволук жетекчилер убада кылган “чыныгы демократия” үчүн чоң сыноо болду окшойт. Жергиликтүү албандар ортосундагы курч атаандаштык, Белграддын сөзүн угуп, шайлоого бойкот жарыялаган серб азчылыгы – ушулардан улам шайлоо ойдогудай өтпөй калат деген коркунучтар бар эле.

Бирок, Европарламенттин делегация башчысы Дорис Пак дүйшөмбүдө Косоводогу шайлоо тийиштүү деңгээлде өткөнүн курсанттана белгиледи. “Биз шайлоого жигердүү катышкан косово жарандарын куттуктай кетишибиз керек. Алардын бу жолку мамилеси көз карандысыздык менен кошо косоварлар өз мойнуна чоң жоопкерчилик алып, алдыга жылууга даяр экенин көргөзүү зарылдыгын түшүнгөнүн айгинеледи”, - дейт Европарламент өкүлү.

АКШнын Косоводогу элчиси Кристофер Делл шайлоого катышкан 70тен ашуун саясий партия, кыймылдар өз ара урушуп-талашпай, тынч атаандаштыкта жарышып, эгемен Косово демократия гүлдөп-өсө турган жай боло аларын далилдешти деп белгиледи.

Косовонун бийликтери шайлоого добуш берүүгө жарамдуу калктын 45%ынан көбүрөөгү катышып, Приштинадан чыгыш тараптагы сербдер басымдуулук кылган жаңы райондо элдин 27%ы гана шайлоого барганын маалымдашты. Белград үндөгөндөй, өнөктүккө толук бойкот жарыялоо Косовонун түндүк тарабында жашаган сербдер тарабынан колдоого алынып, чөлкөмдүн борбордук бөлүгүндө жашаган сербдердин бир даары добуш бергени айтылууда.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG