Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Косово: Армияга бир кадам


Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери, 21-январь, 2009
Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери, 21-январь, 2009

Былтыр өзүн Сербиядан көзкарандысыз мамлекет деп жарыялаган Косово өзүнүн коопсуздук күчтөрүн түзгөнүн билдирди. Бул - өз армиясын түзүүгө жасалган алгачкы кадам. Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептеген Сербия кабарды суук кабыл алды.

Косово бүгүн түзүлгөнүн кабарлаган коопсуздук күчтөрүнүн курамы 2500 жөнөкөй тургундан жана жарым жартылай аскерлерден, ошондой эле аскерий күчтөрдүн запасында турган 800 кишиден турат.

Косово Коопсуздук күчтөрүн генерал Сулейман Селими жетектемей болду. Ал аталган кызматтын түзүлүшү менен Косоводо жаңы мезгил башталды деп ишенет.

Премьер-министр Хашим Тачи коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрү НАТОнун жардамы менен даярдыктан өтүшөөрүн жана ага Косоводогу баардык этникалык топтордун өкүлдөрү, өзгөчө албандар менен сербдер, киришээрин айтты. «Бул мамлекетке жана анын жарандарына кызмат кыла турган көп улуттуу күч болмокчу, - деп билдирди өкмөт башчы. - Ал жалпы эларалык коомчулук тарабынан колдоого ээ болуп, Косовонун Конституциясынын жана НАТОнун стандарттарынын негизинде кызмат өтөйт».

Жаңы түзүлгөн күчтөр буга чейинки Косово Коргонуу күчтөрүнүн оордун басмакчы. Буга чейинки күчтөр да көп улуттуу эле. Бирок анын курамы негизинен 1990-жылдары Сербияга каршы күрөшкөн Косово Боштондук армиясынын адамдарынан жана куралчан жикчилерден турчу.

Мурдагы Боштондук күчтөрү менен жаңы Коопсуздук күчтөрүндөгү окшоштук Косоводогу сербдерди жана расмий Белградды кооптондурганы айтылууда. Бирок өзү мурда Косово Боштондук күчтөрүн жетектеп турган Тачи сербдер коркпой эле койсо болот дейт: «Биз Косовонун көп улуттуу полиция кызматын албан ийгиликтер менен түзө алдык. Мына ушундай эле ийгиликке биз Косово Коопсуздук күчтөрүн курууда да жетишебиз деп толук ишеним менен айта алам”.

Сербия үчүн бул билдирүүлөр жетиштүү эместей. Ал жерде Косовону дале өзүнүн аймагынын бир бөлүгү катары билишет жана былтыр февралда Косово көз-карандысыздыгын жарыялаганын тааныша элек.

Сербиянын Тышкы иштер министри Вук Жеремич Косово коопсуздук күчтөрүн «мыйзамсыз түзүлгөн жарым-жартылай аскерий топ» деп атады. Бул эле эмес, Жеремич аны «жалпы эле региондогу стабилдүүлүккө негизги коркунуч» деп да билдирди.

Ушундай эле позицияны Сербиянын президенти Борис Тадич да ырастагандай болду. «Сербия бул өңдүү нерсени такыр кабыл да албайт, тааныбайт дагы», - деди серб президенти.

Косовонун коопсуздук кызматы Улуттар уюмунун Косово боюнча атайын өкүлү Мартти Ахтисааринин планы боюнча түзүлгөн. Ал план өзү «Эларалык көзөмөл астындагы Косово эгемендиги» деп аталат.

Ахтисааринин планы эч качан Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан толук колдоого алынган эмес. Анткен менен анын айрым жоболору ишке киргизилди. Бул планга ылайык, Косовонун коопсуздук күчтөрү жөн гана жарандык деңгээлде абалды көзөмөлдөй турган күч болушу керек жана толук күчкө ээ армия же полиция болуп түзүлө албайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG