Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

“Ак жол”: Эл арасында кадыр-баркыбыз өсүп баратат


Президент К.Бакиев "Ак жол" партиясынын III курултайында сөз сүйлөөдө.29-апрель, 2008-жыл
Президент К.Бакиев "Ак жол" партиясынын III курултайында сөз сүйлөөдө.29-апрель, 2008-жыл

“Ак жол” партиясынын төрага орун басары, ЖК депутаты Автандил Арабаев оппозициялык күчтөрдүн мамлекетти башкаруу системасын, баш мыйзамды түп тамырынан өзгөртүү талабы негизсиз экендигин жарыялады.

Анын айтымында, “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши 2007-жылдын 21-октябрында элдик референдум аркылуу кабыл алынган конституциянын редакциясы өлкөнүн өнүгүшүнө толук шарт түзөт деп эсептейт. Ал арада каршы тарап керек болсо “Ак жол” партиясынын өзү легитимсиз экендигин, бул партиянын билдирүүлөрү, иш-чаралары элдин турмушун эч качан оңдобосун айтышууда.


Өзү түзгөн “Ак жол” партиясынын бир жылдык ишмердүүлүгүн президент Курманбек Бакиев ийгиликтүү катары баалады. Бул тууралуу партиянын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Арабаев билдирип, башкаруу системасын, баш мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып жаткан оппозициялык күчтөрдүн талаптары негизсиз экендигин айтты:

- Бүгүнкү Кыргызстандын конституциясы мамлекеттин өнүгүшү, анын бүгүнкү абалы, адам укуктары жана мамлекеттик түзүлүш боюнча эң туура мыйзам экендигин мен сиздерге айта алам.

Ошондой эле А.Арабаевдин айтымында, “Ак жол” фракциясы мурдагы парламенттей болуп өкмөт менен чабышпай, энергетикалык жана каржы кризисинен чыгып кетүү, өлкөнү өнүктүрүү жаатында биргеликте иш алып барууда.

“2006-жылы үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сессиясында 163 мыйзам кабыл алынган болсо, 2008-жылы төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 238 мыйзам кабыл алды”,- дейт А.Арабаев. Анын пикиринде, бул көрсөткүч учурда иштеп аткан конституциянын, аны менен бирге өкмөттүн жана парламенттин биргеликте жакшы иштеп кете турганын көрсөтүп турат.

Ошентсе да Социал демократтар фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов кесиптешинин пикирине кошулбасын, оппозициянын талаптары жөн жеринен чыкпаганын, өлкөнү энергетикалык кризиске, жакырчылыкка кептеген бийлик системасын, баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи. Бүгүнкү күнү Кыргызстан гуманитардык кыйроонун чегине келип такалганын, мындан ары чара көрүлбөсө өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетерин айткан депутат буларды кошумчалады:

- Эгерде турмуш оңолуп, жашоо-шартыбыз жакшырып, экономикабыз өсүп, ишканалар иштеп, электр жарыгбыз өчпөсө системаны, баш мыйзамды өзгөртүү маселесин эч ким көтөрмөк эмес. Тилекке каршы “Ак жол” түзгөн өкмөт, бардыгы биригип Кыргызстанды ушундай абалга алып келишти деген чечимге келдик биз.

Андан тышкары “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү, жер-жерлерде партиянын аброю барган сайын көтөрүлүп баратканын айтышып, муну элдин көпчүлүгү азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын туура деп эсептеше турганы менен байланыштырышты. “Ак жол” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Мурат Жетимишбаевдин ырасташынча, жакында эле жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыктары буга толук далил боло алат. Анын айтымында, бул шайлоолордо “Ак жол” партиясы талапкерлерди чыгарган жок, тек гана партия мүчөлөрү жеке өздөрү талапкерлигин көргөзүшүп, көпчүлүктүн ишенимине татышты:

- Жакында эле өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо бүтүндөй Кыргызстан боюнча болжолу менен 70 пайыз депутаттар жалаң “Ак жолчулар” болду. Мисалы, Ысык-Көл облусунда 70 пайыз райондук кеңештин депутаттары, 68 пайыз айылдык кеңештин депутаттары “Ак жолчулар” болду.

Ал эми оппозиция тарап тескерисинче эл арасында бийликтин кадыр-баркы таптакыр түшүп кеткенин, ал тургай көпчүлүк бийликти кетирүүгө да даяр болуп калышканын айтышат. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев, президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында партия өз мүчөлөрүн чыгарбай турганын айтканын, бирок ал сөзүнө турбай жергиликтүү кеңештерге да өз кишилерин алып келип алганын айтты:

- Жүз пайыз “Ак жол” партиясы келди деп жазып алышсын. Айтпадымбы мен, бул партия чиновниктер менен кошоматчылардын бирикмеси деп. Ансыз деле бул бирикме баарын алып атат. Соттор, айыл өкмөттөр, акимдер, губернаторлор, өкмөт мүчөлөрү, парламент, баары “Ак жол” бирикмесиники. Эми эмне калды? Азыр бала бакчалардагы балдар эле калды. Ошолорду да “Ак жолдуку” деп жазып алышсын.

XS
SM
MD
LG