Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

УКМК: 7-апрелден кийин камалгандардын абалы


Учурда Кыргызстандын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинде мурдагы президент К.Бакиевдин бир нече аткаминерлери камакта болсо, дагы бир катары тергеп-тескөө иштерине тартылган. Көз карандысыз укук коргоочулардын билдирүүсүдө, камакка алынгандардын саны жыйырмадан ашты.

Мурунку бийлик маалында азыр камакта отургандар президент Бакиевдин камчысын чаап жатат деп кескин сындалып келсе, апрель ыңкылабынан кийин алардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу жактоочулары менен жергиликтүү укук коргоочулар коңгуроо кагышууда.

7-апрелдеги Кыргызстанда күтүүсүздөн мамлекеттик бийликтин алмашканы мурдагы президент К.Бакиевди өз мекенин шашылыш таштап кетүүгө аргасыз кылса, анын саясатын ишке ашырган негизги аткаминерлерди укук коргоо органдары менен “тыгыз мамиле түзгөнгө” мажбурлады. Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын 6-майдагы билдирүүсүнө ылайык, Курманбек Бакиевге жакын делген жыйырмадай адам учурда суракка алынууда.

Алардын ичинен мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев Кылмыш жаза кодексинин 307-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 97-берене (атайын киши өлтүрүү), мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге, мурдагы президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяга жана мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороевге 304-берене боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган) жана “Флэкси Комьюникейшн” маалымат агенттигинин жетекчиси, Британ жараны Вугар Халиловго мыйзамсыз жол менен алынган акчаны адалдаштыруу деген негизде айып тагылып, камакка алынган. Булардын катарында мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары, штаб башчысы Данияр Дунганов дагы Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” тастыктап, тергөө жараянында кылмышка тиешелүү делген тараптар тергөө органдарына чакырала берээрин айтты:

- Тергөөдө ачылган кылмыш ишке жараша ошого туура келген, ошол кылмыш иши боюнча кандайдыр бир негиздүү маалымат бере алган адамдардын бардыгы чакырыла берет. Бирок алардын бардыгын биз айта албайбыз. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу көп адамдардын, компаниялардын аттары айтылбайт. Ал эми белгилүү болгондорун биз айтып жатабыз.

Көз карандысыз иликтөө, Жактоочулардын үнү

Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы көз карандысыз комиссия түзүп, 6-7-апрелдеги окуяларды иликтеп жатат. Комиссия мүчөсү, “Жарандык коом коррупцияга каршы” коалициясынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова эми Улуттук коопсуздук кызматтын абагында камакта сурак берип жаткан мурдагы бийликтин өкүлдөрү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатышкандыгын билдирди:

- УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган, мурдагы Бакиевдин мезгилинде иштеген адамдардын саны жыйырмадан ашты. Бүгүн биз коомдук комиссияда иликтөөнү талкуулап, эртең дагы кеңештерди алып, андан кийин өзүбүздүн корутунду чечимди укук коргоочулардын алдына талкууга коёбуз. Андан соң убактылуу өкмөткө өз сунуштарыбызды жиберебиз.

Бирок укук коргоочунун айтымында, ушуга чейин комиссия мүчөлөрү камакта жаткандардын бири менен дагы бетме-бет жолугуша элек.

Апрель окуясы боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагына камалгандардын ичинен мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная бир жумадан бери ачкачылык жарыялап, жактоочусунун айтымында, ага тагылган айыпты негизсиз деп четке кагууда.

Малеванаянын атасы, ардагер журналист Александр Малеваный кызынын укугун коргоо камын башка өлкөлөрдөн сурап жатканын 10-майда “Азаттыкка” берген маегинде билдирген:

- Кечээ мага Москвадан телефон чалышты, анын [Оксана Малеваная] ал жактагы достору Мамлекеттик Дума аркылуу [Кыргызстанга] талап жиберүүгө камынып жатышат. Ошондой эле биз АКШ элчиси аркылуу Мамлекеттик Департаментке кайрылып, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу ойлонууга чакырабыз.

Ал эми мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороевдин жактоочусу Любовь Иванова аны камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук соттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылгандыгын, 18-апрелде иш каралаары күтүлүүдө. Жактоочу Иванова К. Жороевге коюлган айып менен макул эместигин билдирип, "ал өзү эмне негизде күнөөлөнүп жатканын түшүнбөй турат. Мен ага коюлган айыптоо туура эмес жана мыйзамсыз деп ойлойм", деди.

Камакка алынгандардын ичинен мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев аскер госпиталында атайын күзөттүн кайтаруусунда дарыланууда. 6-апрелде Таласта катуу токмок жеген мурдагы министрдин ден соолугу оор абалда экендигин, атайын адистердин тобу ага Москвадагы Бурденко институнда операция жасатууну сунуштап жаткандыгын жактоочусу Рысбек Нагаев “Азаттыкка” билдирди:

- Дарыгерлердин консилиумдары болду, экспертизалардын бардыгы өттү. Мээнин негизги сөөгү жарылган экен, мээсине кичинекей эле жетпей турат. Жетип калса өлүп калышы мүмкүн.

Милициянын мурдагы башчысынын айланасындагыы уу-дуу кеп азыркыга чейин уланып, Таласта кылмыштуу топтун колуна түшүп, алар аны үй-бүлөсүнө көп акчага сатканы айтылып кеткен эле. "Анын бүт баары ушак. Ушак. Казакстанга да чыккан жок. Баягы сабалган түнү эле кайра Бишкекке машина менен жеткиртилген. Ошондо [ИИМ] министрдин убактылуу ордун ээлеп турган Б.Шерниязов менен кезигип алып, дароо госпиталга барган. Ал жерден дары-дармек алып, Майлы-Сууга барган. Эл көрбөсүн деп ошол жакта дарыланып жаткан", деди Р. Нагаев.

Жогоруда аты аталып, учурда Улуттук коопсуздук кызматынын абагында кармалгандардан башка бир нече мурдагы аткаминерлер тергөө иштеринде көрсөтмөлөрдү берип жатса, мурдагы өкмөт жетекчиси баш болгон дагы бир канчасына издөө салынды. Ал тургай мурдагы “үй-бүлө” мүчөлөрүн жана алардын өтө жакындарын кармап келгендер Убактылуу өкмөт тарабынан чоң олжолуу болоору жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG