Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Роза Отунбаеванын Москва сапары жана санаасы


Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева Москвада Улуу Жеңиштин 65 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышууга кетти. Бүгүн Орусиянын борборунда КМШнын лидерлеринин бейрасмий жыйынында Кыргызстандагы абал талкууланып, бирок өлкөнүн атынан эч ким ага катышкан жок.


Убактылуу өкмөт башчысынын аппарат жетекчиси Эдил Байсалов Роза Отунбаеванын Москвадагы сапары учурунда Орусиянын президенти Д. Медведев менен жолугушуусу пландалганын билдирди.

- Эдил мырза, Москвада Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева кимдер менен жолугушту. Мурда айтылгандай Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуу болдубу?

- Москвада төрайым Р. Отунбаева бир нече жолугушууларды өткөрүп жатат. Алардын ичинде орусиялык саясий жетекчиликтин жана Москвага келип жаткан башка өлкөлөрдүн делегацияларынын өкүлдөрү менен жолугушат. Азырынча алардын ким экендигин айпай турайын.

Азыр болсо Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде бир аз убакыттан кийин өтө турган кыргыз диаспорасынын, коомдук уюмдардын жетекчилери менен жолугушууга даярданып жатабыз. Ал эми эң негизги программа эртең болчудай.

Эртең аскердик парадга Роза айым катышып, андан кийин Кремлде болчу расмий сый тамакка чакырылган. Ошол жерде дагы бир нече жолугушуулар, анын ичинде Орусиянын жетекчилиги менен дагы жолугушуу болот.

- Демек, Орусия президенти менен жолугушуу эртең күтүлөт экен да?

- Ооба, ал планга киргизилген. Бизге чакыруу жиберилгенде дагы Орусия президенти Д.Медведев менен эки тараптуу жолугушуу болору тууралу айтылган. Эртең Р.Отунбаева мамлекет башчыларынын катарында Кыргызстандын атынан Кремлдеги Александровский багындагы Белгисиз аскердин эстелигине гүл чамбар коюу аземине дагы катышат.

- Бүгүн Москвада Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий жыйыны өтүп жатат, ага Кыргызстан катышпай тургандыгы маалымдалды. Эмне үчүн Кыргызстан бул жыйындан сыртта калды?

- Эми бул түшүнүктүү эле маселе. Анткени бизде революциялык кырдаал, мурдагы диктатордук режим кулаган төңкөрүштөн кийин убактылуу өкмөт бийлик башында турат. Бизде шайлоо өтүп, конситуциялык органдар түзүлүшү керек, муну биз дагы айтып жатабыз. Бул түшүнүктүү эле себеп. Ошол эле учурда Орусия, Батышы, Чыгышы болобу биздин убактылуу өкмөттү тааныйт. Иш жүзүндө Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу Р.Отунбаева жана ал жетектеген убактылуу өкмөттүн колунда.

Бул тууралуу эч бир тараптан эч кандай суроо жок. Бирок, албетте, ар кыл көз караштагы мамлекеттер чогулуп жатканда бул түшүнүктүү нерсе. Маселен, бул жыйынга Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттер Кыргызстанды чакыралы деп турса, ошол эле кезде кээ бир бир мамлекеттер башка пикирде болсо, биз толук кандуу катыша албайбыз. Бирок бул биздин убактылуу өкмөттүн макамына суроо туудурбайт. Убактылуу өкмөттү Кыргызстандын саясий жетекчилиги катары дүйнө жүзү тааныйт.

- Рахмат, Эдил мырза!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG