Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Өткөөл мезгил оюндары: ким утат?


Бишкекте күн алыс ар кандай көчө жүрүш, митинг-пикеттер өтүп турушу көнүмүш адатка айланып баратат.
Бишкекте күн алыс ар кандай көчө жүрүш, митинг-пикеттер өтүп турушу көнүмүш адатка айланып баратат.

Кыргызстанда абал турукташканы менен өлкөнүн ички саясаты күндөн-күнгө кызып, ар кандай күтүүсүз окуяларга бай болууда.

Телефон тыңшоо себеп болгон Убактылуу өкмөттүн ичиндеги чыр - ар кандай багыттагы коомдук-саясий күчтөрдүн активдешүүсүнө түрткү берип, эми эл ишенимине ээ болгон гана өкмөттүк курамды түзүү демилгеси жаралууда.
Адистер өткөөл мезгилде дагы бир башка өкмөт түзүү мамлекетти туңгуюкка алып келээрин айтышууда.


Өлкөнүн саясий ордосу Бишкекте бийлик алмашкандан бери күнүгө ар кайсы күчтөрдүн орто эсеп менен 2-3 маалымат жыйыны, жумасына 3-5 жолу адамдардын ар кандай багыттагы көчө жыйындары өтөт. Алтургай бул көрүнүш шаар жашоосу үчүн адатка айланып бараткандай.

Адистердин айтымында, мындай көрүнүш бир жагынан ыңкылапчыл коомдун жарандык активдүүлүгүнө байланыштуу болсо, айрымдар үчүн саясий упай топтоого кеңири шарт түзөт.

Убактылуудан коалициялык өкмөткө - эмне өзгөрөт?

26-майда бир ай мурун тушоосун кескен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Өлкөдө мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүүдөгү кечиктирилгис чаралар” деген аталыштагы билдирүү таратты. Анда Убактылуу өкмөт өзүнө алган милдеттерди аткара албай калгандыгы айтылып, башкаруунун “революциялык” ыкмалары адам укуктарын жана эркиндиктерин түздөн-түз бузуп жаткандыгы айыпталат.

Саясий карьерасын оппозициялык депутат катары баштап, 2005-жылдан кийин реформатор-мамлекеттик башкаруучу болуп кызмат өтөгөн Адахан Мадумаров элдин колдоосуна ээ коалициялык өкмөт түзүүнү чукул арада ишке ашырууну сунуштап, андай өкмөт менен иштешүүгө даяр экендигин жарыялайт.

Өткөөл мезгилдеги кыргыз коомунда ким жана кайсы саясий топ элдин ишенимине ээ экендигин аныктоонун жолун саясатчы Мадумаров коомчулуктун түрдүү өкүлдөрүн тегерек столго жыйноо аркылуу ишке ашырса болот деп түшүндүрөт:

- Аны ошол жердеги бейөкмөт, бейтарап уюмдар келип, тегерек столго отуруп алып, биринчи кезекте кол алышышыбыз керек. Бардык саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар, убактылуучуларды да чакырып жатам. Мына ошол жерден биз келип туруп “Улуттук келишим хартиясына” кол коюшубуз керек.

7-апрелде күтүлбөгөн жерден бийликке келип, мамлекеттик башкаруу арабасын тарта баштаган убактылуу өкмөттүн курамы өзү коалициялык мүнөздө экендиги белгилүү. Саясат таануучу Кубан Абдымен жалпы элдик шайлоодө көп добуш алган киши же тарап гана элдин ишенимине жана колдоосуна ээ дегенди туюнтат, ал эми учурдагы Кыргызстандын шартында башка бир өкмөттү түзүү баш-аламандыкка, мамлекетти туңгуюкка алып келет дейт:

- Андан дагы белгилүү адамдар ушундай сунуштарды айтып, ушундай иштерди жүргүзөм деп аракеттенип келаткандар деле бар. Алардын баары өкмөт түзө берсе, анда демокартия эмей эле накта охлократияга [кур кыйкырыкка байланган топтун бийлиги] өтүп кетебиз. Анда көчөдөгү элдин баары ушундай жолго түшүп алат дагы, азыркы абалдан чыгууга мүмкүнчүлүк тап-такыр жоголот.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы тараткан билдирүүдө айтылгандай, Убактылуу өкмөт мамлекетти башкара албай калды деген кооптонууга негиз жок. Мындай пикирин “Туран” партиясынын лидери Таирбек Сарпашев “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Убактылуу өкмөт алты айлык миссиясын толук кандуу аткара тургандыгына көпчүлүк менен бирге эле мен дагы ишенем. Ага реваншисттик күчтөр менен кызматташуунун кереги деле жок. Ал эми Адахан Кимсанбаевичтин айтканын саясий тилден жөнөкөй жалпак тилге которгондо – кызмат берсеңер жакшы болот эле деген сөздүн кагазга оролгон формасы деп айтаар элем.

Коомдук уюмдар: мааниси жана максаты

Ушул эле күнү жаңы түптөлгөн “Эл бийлиги үчүн” кыймылынын өкүлдөрү 27-июнда өтчү референдумга Баш мыйзам долбооруна кошуп дагы эки маселе коюуну сунуштады. “Биз, азыркы күндөгү аң-сезимдүү, патриотмун деген адам биринчи кезекте К.Бакиевди легитимсиз кылып, ошону менен бирге Р.Отунбаеваны легитимдүү президент кылып алышыбыз керек”, деди “Кулатуу” федерациясынын президенти Адамаалы Сулайманов.

Эгер убактылуу өкмөт бул талаптарды аткарып, сунуштар эске алынбаса, анда “Эл бийлиги үчүн” кыймылы көпчүлүккө таянып бийликке таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланаарын эскертти. Бирок ал эмне мүмкүнчүлүктөр экендиги азыр ачыкталбай, сыр тейден калды. Жаңы кыймылдын активисттеринин айтымында, анын курамына жүз алтымыштай коомдук кыймылдар жана беш саясий партия кирди.

Апрель окуясы өлкөдө түрдүү аталыштагы кандайдыр бир саясий багытты көздөгөн коомдук уюмдардын жазгы байчечекейдей жайнап чыгышына түрткү берди. Жалпы элдин атына жамынып алардын койгон талаптары ансыз дагы убайымга батып турган Убактылуу өкмөттүн жашоосун оорлотууда. Адистер болсо мындай көрүнүштүн келип чыгышын эки себеп менен түшүндүрөт:

- Биринчиси, [кайсы бир саясатчы] бир каражат булагын таап, ошону колдонуп, элдин арасында өзүнүн атын чыгарып буга чейинки салымын кошоюн деп жүргөн ишке жеке кызыкчылыгын аралаштырып жаткандыкты көрсөтөт. Экинчиси, ошолорго кызыккан топтор эски бийликтин кишилериби, же чет жактан кызыккан топтор болобу, ошолордун атайын тапшырмасын аткарып жаткан күчтөр болушу мүмкүн. Жөндөн-жөн эле эч ким көчөгө чыкпайт.

Канткен менен ыңкылаптан кийин мамлекеттин башкарууну өз ыктыяры менен колго алган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кандай шартта, кимдин болбосун үнүн угууга жана мүмкүн болгон тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG