Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Т.Гфэллэр: Кыргызстан, Орусия, АКШ бирдей утушка ээ болооруна үмүттөнөм


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллэр
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллэр

13-майда АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу жана толук ыйгарымдуу элчиси Татиана Гфэллэр «Азаттыктын» Бишкек кеңсесине келип жамаат менен жолугушту. Анын соңунда радио угармандар үчүн маек куруп кыргыз-америка алакасы жана 7-апрелдеги окуяны көп жоготуулар менен коштолсо дагы өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп баалады. Аны менен бирге Элчи Гфэллэр өз дарегине айтылган өткөн бийлик менен өтө жакын мамиледе болгон деген сөздөрдү четке какты.

- Элчи айым, Сиздин баамыңызда 7-апрелде Кыргызстанда эмне болду?

- Менин билишимде, кыргыз эли эркиндикти жана демократияны сүйгөн калк. Мен 7-апрелде эмне болгонун ийне жибинен бери билбейм, бирок бул демократияны курууда биз дагы өзгөрүүнүн каалайбыз деген жаштардын тобунун эмгеги. Бул абдан суктанарлык нерсе. Албетте трагедия экендигине карабастан силер улут, өлкө катары алдыга карашыңар керек.

Кыргыз-америка алакасында да мен келечекте көп нерсени күтөм. Дагы бир жолу айтаарым, бул трагедия болгону менен ошол эле учурда бул мүмкүнчүлүк, ушундай сонун мүмкүнчүлүк. Борбор Азия чөлкөмү демократияны өнүктүрүү жагынан алдыга кетпегени менен кыргыз эли өз тагдырын өз колуна алып, демократиялык коом куруу мүмкүнчүлүгүн билдирди.

Мен болсо утурумдук өкмөттү адам укуктары, сөз эркиндиги, эркин жана таза шайлоолор, адамдардын ой пикирин камтыган Баш мыйзамды жазуу жана аны референдумга алып чыгуу жаатында билдирген жана жасап жаткан иштерине ичим толуп, кубаттайм. Өткөн шайлоолор таза жана эркин эмес болуп, ЕККУ терең кабатырлануусун билдирген. Мен жетектеген элчилик да ЕКУУнун бул баасына дароо кошулган.

Мен азыр бул жерде кыргыздар менен катар америкалыктар үчүн да «кызматташуунун терезеси» тургандыгын билдирип койгум келет. Бул терезени биз тездик менен пайдалануубуз керек. Тилекке каршы, бул «кызматташуу терезесинин» баасы өтө кымбат – адамдардын өмүрүнө жана элдин кайгы-капасына турду. Ага карабастан мен муну «тарыхый кадам» катары баалайт элем.

АКШ-Кыргызстан алакасы ыңкылаптан кийин

- 7-апрелден кийин АКШ-Кыргызстан мамилеси кандай багытты алууда?


- Дагы эле мен мүмкүнчүлүктөргө кубанаарымды билдирем. Өзүңөр билгендей, АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден тааныган жана кыргыз-америка элинин ортосунда дээрлик жыйырма жылдык чыныгы достугубуз бар. Президент Обаманын атайын жардамчысы Майкл Макфол бул жерде болгондо айткандай, АКШ Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөр менен дагы эки багыттуу иш алып барууну көздөйт.

Бул АКШ-Кыргызстандын өкмөттөрүнөн сырткары жарандык коомдор ортосунда, элдердин ортосунда эки тараптуу, түздөн-түз байланыш түзүп, аларга эки багыттуу мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Соңку 19 жылда биз Кыргызстандын жарандык коому менен алака түзүүнүн сонун үлгүсүн көрсөтө алдык. Чындыгын айтканда кыргыз коому бир канча жолу мамлекеттик түзүлүштөн запкы көргөнүнө карабастан региондогу эркин өлкө деп эсептелет.

Мындай жарандык коомдун калыптанышына АКШ өкмөтүнүн дагы көмөгү бар деп айта алам. Маселен, Эл аралык республикалык институт (IRI), Улуттук демократиялык институт (NDI) сыяктуу уюмдар Кыргызстандагы саясий партияларга, шайлоолор боюнча ар кандай тренингдерди өткөрүп, силерде айтылгандай «үмүттү өчүрбөй» турушту. Ошол эле учурда, башка жагынан караганда, АКШ өкмөтү салттуу болуп калган жардамдарды бердик. Ал экономикалык жардам, акыркы жылдары эле алтымыш миллион долларга чукул көмөк көрсөтүлдү.

Ал эми 7-апрелден кийин болсо биз экономикалык жардамга басым жасообуз керек. Ачка отурган эл демократияны кура албайт, биз менен түшүнүүбүз керек. Ошондуктан биз салттык болуп калган экономикалык жардамды күчөтүүбүз зарыл. Мисалы, үрөн, күйүүчү май, экономикалык реформаларды, бюджетти колдоонун көлөмүн көбөйтүүнү каалайт элем.

Албетте, канча каражат берүүнү Вашингтон чечет, бирок мен болушунча арбын сурайм. Мындан сырткары, биз жарандык коом жана маалымат каражаттары менен кызматташууну өстүрөбүз. Анткени, мурун айрым тоскоолдуктарга кабылсак, азыр Убактылуу өкмөт «мына, эшиктер эми ачык, иштегиле» деп жатат. Дагы айтаарым, биз бул мүмкүнчүктү кетирбей, ачык турган «эшикти» мүмкүн болушунча толугу менен пайдалануубуз керек.

- Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Кыргызстанга инвестициялык жактан бараандуу колдоо берсе (пост-революциячыл Грузия менен Украина сыяктуу), анда Кыргызстан Орусияга экономикалык жактан көз каранды болбой демократиялык өнүгүүгө басым жасайт беле?
АКШ элчиси "Азаттыктын" жамааты менен жолугушууда 13-май, 2010

- Эми бул жерде бардык тараптар: Кыргызстан, Орусия жана АКШ бирдей утушка ээ болгон жагдайдын түзүлүшүнө үмүттөнөм. Мен дээрлик жыйырма алты жылдан бери дипломатиялык ишти аркалап жүрөм, анын көбүн мурдагы советтик өлкөлөрдө иштедим. Орус тилинде сүйлөйм, орус маданиятын жакшы көрөм. Ал эми АКШ менен Орусиянын кайсы бир учурда бири-биринен озуп, кандайдыр бир жеңишке жетүүнү көздөгөн учурлары албетте, уят. Бул XIX кылымдагы «Чоң оюндун» саркындысы болуп саналат. Мындай учурда Кыргызстанбы, же башка мурдагы советтик өлкө болобу, орустар менен америкалыктардын футбол талаасындагы талашындай болуп калат.

Мен мындайдын болушуна өтө каршымын. Бул жердеги орус элчиси Валентин Власов менен жеке мамилем абдан жакшы. Биз көп талашып-тартышабыз, ошол эле учурда бири-бирибизге ишенип жана көп нерсеге чогуу макулбуз. Биз Кыргызстандын бейкуттугуна, гүлдөп-өсүшүнө айныксыз макулбуз, биз экстремизм жана терроризм менен бирге күрөшүнгө макулбуз, биз баңги-трафикти токтоууга макулбуз. Ал Кыргызстандан барган баң-заттардан биринчи орус жаштары жапа чегээрин түшүнөт. Анткени Кыргызстандан барган маң-заттар биринчи эле Орусияга, андан ары Европага, балким АКШга жетет.

Ачык-айкын кызматташуу, донорлордун туура координациясы аркылуу биз Кыргызстан үчүн көп нерсе жасай алабыз. Кыргызстанга көп көмөк көрсөткөн АКШ, Орусия, Эл аралык Валюта Кору, Дүйнөлүк Банк – баарыбыз биргелешип иштеп, ким көбүрөөк жардам бере алат, ким алдыга озот дебей, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн салым кошуубуз керек.

Транзиттик борбордун турушу

- Жакында “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун келишими соңуна чыгат. Келишимди жаңыртуу тууралуу кандай аракеттер болууда?


- Кыргызстанда көптөр Транзиттик борборго өтө кызыгат. Бирок жакында эле болуп өткөн АКШ өкмөтүнүн эки жогорку даражалуу өкүлүнүн, Р.Блэйк – Мамлекеттик катчынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча орун басары жана президент Обаманын Борбор Азия жана Орусия боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфолдун убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүлөрү учурунда Транзиттик борбор тууралуу маселе чындыгында көтөрүлгөн жок. Болгону убактылуу өкмөт бардык эл аралык келишимдерди кароону кийинкиге калтырганы жана Транзиттик борбордун ишин октябрь айында келчү демокартиялык шайланган мыйзамдуу өкмөт карайт дегенин мен да жактырам. Азыркы кезде жеке менин пикиримде, буга көптөр деле макул болсо керек, негизги нерсе - Транзиттик борбордун артыкчылыгы эмес. Артыкчылык жабыркагандарга жардам берүү жана экинчиден, мыкты Кыргызстанды куруу болуш керек.

- Бул жылга келишим узартылды беле? Эгер андай болбосо октябрга чейин Транзиттик борбордун макамы кандай болот?

- Учурдагы келишим узартылган. Мунун башка жагы келишим бир айдан ашыгыраак мөөнөткөт узартылган жана октябрга чейин кала алат. Дагы бир балким көпчүлүк билбеген жагы, эки тараптын бири келишимди токтотууну кааласа, ага алты ай берилет.

Элчиге айтылган сындар, берилген суроолор, алынган жооптор

- АКШ Элчилигинин дарегине бир топ сын-пикир айтылды. Маселен, Өкмөт мүчөсү А.Атамбаев Сиздин мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен жакын байланышта болуп, учурунда адам укуктары жана демократиялык баалуулуктарга көз жумду деп сынга алды. Сиз булардын канчасына макулсуз?


- Жок. Мен буга макул эмесмин. Менимче адамдар биздин күндөлүк жасаган иштерибизге жетиштүү көңүл бурушпаса керек. Анан дагы биз күндөлүк ишибизди жарыялап турбайбыз да. Андан соң айрымдар эмне үчүн ушундай ойдо экенин мен толугу менен түшүнөм. Ал эми жалпы коомчулукка жарыялана турган нерселерди айтсам, адам укуктары тууралуу Мамлекеттик Департаменттин жылдык баяндамасы Кыргызстан тууралуу өтө курч маалыматтарды камтыйт. Ким президент экенине карбастан, биз ар нерсени өз атынан чакырабыз. Бакиев бийлигинин акыркы жылдарындагы биздин баяндамалардан окугандар өтө кескин сынды жана кашкайган чындыкты көрө алышат.

Биздин Демократиялык комиссиянын алкагында жасалган иштер кеңирирээк мааниде чагылдырылып турушу керектигин кошумчалайм. Бул программа башталгандан бери жылына үч жүздөн ашуун гранттар берилет. Биз ар жыл сайын гранттарды берүүнү токтотпостон, демократияны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келебиз.

Албетте, коомчулукка жарыяланбаган жагын айтсам, мен бул жерде эмгектенген эки жылдан ашуун мезгил аралыгында бир да мамлекеттик аткаминер менен кайсы бир нерсеге каршы экенимди билдирбей калган эч бир жолугушууну эстей албайм. Ал тургай кээде өзүмдү меймандостукту билбеген жан катары көрсөткөн учурлар дагы бар. Ар бир журналист сабалганда же тилекке каршы өлтүрүлгөн учурда мындай ишти токтотууга, ким жасаганын аныктоону талап кылып, дүйнө жүзү карап турганын жана мындай жол менен барууга мүмкүн эмес экендигин эскертчүмүн.

Ал тургай мыйзам чыгаруу жаатында, бейөкмөттөр тууралуу мыйзамдын токулушуна каршы болгом, анткени бул мыйзам бейөкмөт уюмдарды чектеген мүнөзгө ээ болгондуктан, мен ачык эле мындай мызамды кабыл ала албайсыңар деп айткам. Кудайга шүгүр, ал мыйзам кабыл алынган жок. Бирок, мен каршы болгон «Дин тутуу тууралуу» мыйзам өтүп кетти.

Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе, азыр мен сиз менен студияда жылуу маектешип отурган «Азаттык» үналгысы болду. Силер кезектеги кайсы бир тоскоолдукка тушукканда кайсы гана жогорку мамлекеттик кызматкер болбосун, качан «Азаттык» обого чыгаарын сурачумун. Бирок өз учурунда ийгиликке жетише албасак да мына азыр силер ободосуңар, мындан ары дагы көп жылдар бою сиздердин үн радиодон жаңырып тураарына ишенем.

- Ал эми мурдагы президенттин уулу менен жакын мамиледе болгон деген сөзгө пикириңизди билсек.
АКШ элчиси "Азаттыктын" Бишкек кеңсесинде, 13-май, 2010

- Мен буга чейин аткандай, биз өкмөт менен алака түзүүбүз керек. Ошол эле учурда мени Максим Бакиев менен жакын мамиледе болчу дегенге макул эмесмин. Бир жолу соода-сатык боюнча чогуу презентация жасадык, ошол жерге ал жаңы түзүлгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси катары келген. Кимди кандай жолугушууга, биргелешкен иш-чараларга жиберүүнү кыргыз өкмөтү өзү чечет. Биз тиги же бул кишини жибер деп айта албайбыз. Максим Бакиевдин АКШга бара турганынын себеби да ушул болгон. Дагы айтаарым, ал кыргыз өкмөтүнүн өкүлү катары бармак.

Биз болсо буга чейин эки өлкө ортосунда боло элек жылдык эки тараптуу кеңешүүлөрдү өткөрүү камылгасын көрүп жатканбыз. Тилекке каршы, биз бул иш чараны артка жылдырууга мажбур болдук жана аны уюштурууга көп эмгек сарпталган. Эгер ал иш-чара өткөрүлсө эки күн бою кыргыз тарап менен абдан интенсивдүү талкуулар жүрүп, эки күн тең адам укуктары жаатында маселе көтөрүлмөк.

Адам укуктары жаатында биздин тынчсыздануу жогорку даражадагы адамдар тарабынан айтылмак. Дагы бир айта кетчү нерсе - Кыргызстанга кызыккан америкалык бейөкмөт уюмдар өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен бетме-бет жолугушуп, адам укуктары жаатында өз тынчсыздануусун тикеден-тике айта алмак. Менин жеке оюмда кыргыз делегациясы анын ичинде Максим Бакиевдин алардын эмне кылып жаткандыгы тууралуу америкалык коомчулуктун пикирин өз кулагы менен укканы жакшы эле болмок.

- Сиздин күйөөңүз Транзиттик борбордо жетекчилик кызматта турат жана ошого байланыштуу сизди кыргыз өкмөтү менен «жумшак мамиле» түзгөнгө мажбур деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

- Жок, бул карандай калп. Бирок мындай суроо бергениң мага жакты. Анткени буга чейин мындай ушакты уга элек элем, жалган сөздү жокко чыгарган кандай жакшы. Менин күйөөм америкалык дипломат, ал да мен сыяктуу 26 жылдан бери бул ишти аркалоодо. Биз Жоржтаун университетин бүтүрүп жатканда жолукканбыз, дипломатиялык кызматка бир күндө кабыл алынып, ал тургай атайын даярдыктан бирге өткөнбүз. Ал азыр генерал Петреуска [АКШнын Аскердик башкы башкармалыгынын жетекчиси] АКШнын Мамлекеттик Департаментинин атынан кеңешчи. Ал Флорида штатынын Тампа шаарында жашайт. Ал жерде генерал Петреус жетекчилик кылган Борбордук башкармалык жайгашкан жана күйөөмдүн Транзиттик борбор менен эч кандай иши жок.

- Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында камакта жаткан мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы О.Малеванаянын атасы АКШ элчилиги аркылуу Мамлекеттик Департаментке кайрылып, Кыргызстанда адам укуктарын коргоого чакырабыз деди. Мындай кайрылуу болсо элчиликтин реакциясы кандай болот?

- Мен азырынча андай кайрылууну эч кимден алган жокмун. Ал эми адам укуктары тууралуу айтсам, биз жыйырма жылдай мезгил ичинде буга абдан көп көңүл буруп келатабыз. Убактылуу өкмөт да өз убадасына бекем турса, бул жаатта сындар азайып, Кыргызстан адам укуктарын урматтаган Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө үлгү болчу уникалдуу өлкө болооруна ишенебиз жана биз ага көмөктөшөбүз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG