Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Кремль өкүлүнүн сырдуу сапары


Орусия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкиндин Бишкекке жасаган сапарынын максаты жашыруун бойдон калды.

Кыргыз президентинин маалымат кызматы жолугушуу жабык өтүп, анда эки өлкөнүн социалдык-экономикалык, аскерий жана энергетика багытында кызматташуу маселелери талкууланганын кабарлады. Көз карандысыз адистер орусиялык жогорку даражалуу аткаминердин Бишкек сапары алдын-ала пландаштырылбастан, күтүүсүздөн болгону - эки өлкө ортосунда чукул чечүүнү талап кылган маселелерге байланыштуу экенин айтышууда.

Кремлдин өкүлү Сергей Нарышкин Бишкектеги кыска сапарында өлкө президенти Курманбек Бакиев менен гана жолугушуп, өз мекенине кайтып кетти. Москвалык атка минердин күтүлбөгөн шашылыш сапары Бишкекте ар түрдүү пикирлерди жаратууда.

Көз карандысыз саясат таануучу Кубан Абдымен, “жолугушууда эмне маселе талкууланаарын эч ким ачыктай албаганы - кыргыз бийлигинин бул сапарга даяр эмес экенин көрсөтүп койду”, - деди “Азаттыкка”.

- Ал эми эки тараптуу макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырууга тоскоолдуктар болууда, алардын биринчиси, албетте, жанагы эки миллиард долларлык кредиттин азыркыга чейин берилбей жатканы. Мунун артында көп маселе бар.


Соңку кезде Кремль менен расмий Бишкектин ортосунда экономикалык-аскерий мамиле жандуу өнүгүүдө. Президент Бакиев февралдагы Москва сапарында “Манас” эл аралык аба майданындагы америкалык аскерий базаны чыгаруу чечимин жарыялап, орустардан Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушуна 1700 миллион насыя, ага кошумча 300 миллион жеңилдетилген насыя, 150 миллион каржылык жардам алууга жетишип кайткан.

Андан сырткары Орусия Кыргызстандын 192 миллион доллар карызынын көбүн кечип, “Дастан” акционердик коомунун 38% ээлик кылуу кагазын кармап турат.

Бүгүнкү күнгө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттын ичинен 300 миллиону гана Бишкекке жетип, калганы убада тейден калууда. Кыргыз өкмөтү болсо ушул жылдын декабрында Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизип, Камбарата бирдин техника-экономикалык негиздемесин түзүп, курулушка даярдык иштерин баштайт.

Анткени менен айрым орусиялык маалымат каражаттары 1700 миллион орус насыясы кайсы бир таасирдүү каржылык топтун кызыкчылыгына жумшалып кетиши мүмкүн экендигин жаза баштады. Кыргызстанга келген инвестициянын басымдүү көпчүлүгү мындан ары жакында түзүлгөн Өнүктүрүү кору аркылуу бөлүштүрүлөт. Четтен келген каражаттардын текши баары аталган кордун эсебине түшүп, андан соң иргелген беш жергиликтүү банк аркылуу бөлүштүрүлөт.

Кыргыз-америкалык тарап “Манас” аба майданындагы аскерий базаны транзиттик борборго айлантуу чечимине жетишкенден кийин, расмий Москва дагы Кыргызстанда өз аскерий күчүн жайгаштыруу ниетин билдирген.

Андан көп узабай президенттер Бакиев менен Медведев бейрасмий Ысык-Көл жыйынында Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн жайгаштыруу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Ушул жылдын 1-ноябрына чейин орусиялык экинчи базаны түзүү келишимине кол коюу үчүн даярдыктар аягына чыгышы керек. Билгендердин айтуусунда, Нарышкиндин келген максатынын бири – дал ушул жаатта ишти тездетүүнү кыргыз президентинин өзүнөн тактоо болчу.

- 10-октябрда Молдовада Кишинев саммити болот, ошого чейин Орусия тарап Кыргызстандын түштүкө аскер базасын жайгаштырабыз деген сөзүн далилдей турган кандай кадамдар бар экенин билүү үчүн Сергей Нарышкинди жиберди деп ойлойм, - деген пикири менен саясат таануучу Кубан Абдымен бөлүштү.

Ал эми орусиялык журналист Аркадий Дубнов “Время новостей” гезитине Кыргызстандын башкы аба майданындагы америкалык аскерий базаны транзиттин борборго айлантууга расмий Москва макулдук бергени менен дагы эле ич күптүсү калган деп жазып чыкты.

Орусиянын Кыргызстанда дагы бир аскердик курамын түзүүсү – биринчиден, тоолуу өлкөнүн аймагында АКШ менен аскердик таймаш болсо, экинчиден, кубаттуу мамлекеттер сырткы коркунучка чогуу бөгөт коюу максатын көздөөдө экени айтылып келет.

Татарстандын борбору Казан шаарындагы Эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү корунун президенти Закир Сариевдин айтуусунда, Орусия Кыргызстанда аскердик база ачуу менен биринчи кезекте өз коопсуздугун камсыз кылууда:

- Эгер коркунуч болсо, ал биринчи кезекте Кыргызстандын чек арасында болот. Бирок ошол эле учурда ал коркунуч Орусияга да жетиши толук мүмкүн. Биз тарыхта билгендей, казак орустар коркунучту Орусиянын чек арасына жеткирбестен тосуп турушкан да. Бул базанын да максаты коркунучту Орусияга жеткирбей тосуу болсо, бул туура эле иш го...

Кыргыз коомчулугунда болсо өлкөнүн тышкы саясатында чоң державалардын “оюну” качан токтоп, мамлекет экономикалык көз карансыздыкка жетет деген үмүт-тилек күч. Бул күндөрү тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Вашингтондо кыргыз-америка алакаларын илгерилетүү тууралуу америкалык жетекчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG