Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Б. Жанузаков: 2005-жылдын 24-марты өтө кайгылуу окуя


“Кут” саясий партиясынын лидери Болот Жанузаков
“Кут” саясий партиясынын лидери Болот Жанузаков

Коомдук ишмер, мурдагы президенттин Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков Март окуясын утурлап “Азаттыкка” маек курду. “Кут” саясий партиясынын лидери Болот Жанузаков сөз учугун 2005-жылдын 24-мартын эскерүү менен баштады.

- 24-мартта мен өзүмдүн иштеп жаткан жумуш ордумда болчумун. Окуянын учурунда Бишкектеги Ак үйдө болдум. 24-мартта митинг өткөрүлөт деген кабарлар келген да. Эми митингдерди болсо өткөрүп жүргөнбүз, бул демократиянын шарданы, бирок ошол жерде кандай сөздөр, чечимдер болот, кандай элдин мүдөөсү айтылат – ошого жараша чогуу-чаран иш жүргүзөлү деген гана тилек бар болчу.

- Митингддерди уюштуруп жаткандар менен бийликтин байланышы, ортодо диалог бар беле?

- Диалог бар болчу, сүйлөшкөнбүз. Бир нече жолу аларга түшүндүрүп айтканбыз. Чатактын баары ошол убакта жүрүп жаткан парламенттик шайлоодон келип чыккан. Утулуп калган талапкерлер өздөрүнүн таламын талашып, элди көтөрүп, эки жаат болуп катуу кырчылдашып, абал өтө опурталдуу эле. Ошондой убакытты кээ бир оппозициялык күчтөр, балким сырттан болгон күчтөрдүн жардамын колдонуп, акыры барып ошол 24-марттагы өтө кайгылуу, Кыргызстандын тарыхынын келечегин буза турган окуя болуп калды.
24-мартта өтө кайгылуу, Кыргызстандын тарыхынын келечегин буза турган окуя болуп калды...


- Болот мырза, эмне үчүн расмий бийлик тиешелүү аракеттерди ыкчам көргөн жок? Бийлик өз милдетин аткара алган жок деп айтсак болобу?

- Жок, болбойт. Расмий бийликтин милдети ошол жерде эң башкысы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, Конституциянын, мыйзамдардын жана демократиялык принциптердин негизинде ошол митинг өткөргөндөрдүн талабын туура чечип берүү болчу. Өзгөчө расмий бийлик: президент, президенттин адинистрациясы жана өкмөт шайлоонун ишине түздөн-түз кийлигише албайт деген бар болчу. Талаштуу маселелердин бардыгын мыйзам чегинде сот аркылуу бүтүрүп алгыла деген айтылган.

- Ыңкылап ишке ашкандан кийин Сиз жеке өзүңүз эмнени күттүңүз эле? Эми заман кандай болсо экен тилектериңиз бар эле?

- Мен сиздин сурооңузга үч өңүттө жооп берейин. Биринчиден, эң негизги менин оюм, аттиң ай, биздин өлкөдө ушундай Конституцияны бузган окуя болбой калса жакшы болоор эле. Эми окуя болуп кетти, ушул төңкөрүштүн аягы жакшы менен эле бүтсө болду деген тилек бар болчу.

Экинчиден, бийлик күч менен алмашылып калды, бул биздин келечегибизге өзүнүн терс таасирин тийгизбесе экен. Ушул окуя мындан ары биздин элибизге, биздин интеллигенцияга, биздин саясий жетекчилерге дагы тарыхый сабак болуп, эми мындай ишке барбасак экен деген тилек турду.

Үчүнчүдөн, [кайсы бир тараптар] биздин ички иштерибизге кийинки убакта көбүрөөк кийлигишип, биздин өлкөбүздүн өсүшүнө, элибиздин менталитетине туура келбеген көрсөтмөлөрдү берип, аларды аткарууга мажбурлап коюп жатат – аттиң, ушул канчалык аз болсо ошончолук жакшы болоор эле. Ошонун негизинде биз өзүбүз тандап алган демократиялык жолду мындан ары жакшылап өнүктүрсөк деген үч өңүттө тилектерим бар эле. Дээрлик көпчүлүгү бүгүнкү күндө аткарылбай калды окшойт деген оюм бар.

- Мына андан бери беш жыл өттү. Ушул беш жал аралыгында өлкө өзүнө кандай сабак алышы керек?

Эң биринчиден, биздин элибиз, жетекчилерибиз, саясий жана интеллигенция элитасы үчүн эң башкы сабак - өзүбүздүн тарыхыбызды, элибизди сыйлай билүү керек. Эгерде тарыхыбызды өзүбүз сыйлап, баалай албасак, анда биздин келечегибиз өтө кыйын болуп калат. Жакшыбы-жаманбы, акпы-карабы – бул биздин тарыхыбыз. Ал тарыхты жалгыз президент жазбайт, ал тарыхты жалпы эл жазат.

- Болот мырза, беш жыл ичинде Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр болдубу?

- Ар бир өлкө, ар бир эл өсөт. Ал ошол президенттин, же өкмөттүн жасаган иши эмес. Ал элдин жасаган иши. Эл кечээ күнү начар болсо бүгүн жакшы, эртең андан да жакшы жашоосу керек. Ошон үчүн элдин кылып жаткан эмгегинен позитивдүү жылыштар болду деп айтсам болот. Мына Бишкек шаарында көчөлөр оңдолуп, жаңы көчөлөр, турак-жайлар пайда болуп жатат. Бул элдин жүргүзүп жаткан иши. Ал эми саясий кырдаалда, бийликтин жүргүзүп жаткан ишине караганда өтө көп кемчиликтер орун алып, биздин өлкөбүздүн дүйнөлүк коомчулуктагы орду абдан мерчемдүү болуп калды окшойт деген ой болуп жатат.
...өтө көп кемчиликтер орун алып, өлкөбүздүн дүйнөлүк коомчулуктагы орду абдан мерчемдүү болуп калды окшойт ...


- Кыргызстандын коңшулары, башка өлкөлөр кандай сабак алды?

- Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттердин бардыгы позитивдүү сабак алды. Эч убакта мыйзамды бузуп, чаң-тополоң салып бийликти күч менен алмаштырбаш керек экен. Демократия дегендин өзүнүн мыйзам-ченемдүү жолдору бар, аны туура түшүнүп, туура колдонуу керек экен деген сабак алды деп эсептейм.

- Ошол эле учурда коңшуларда расмий бийлик өзүн-өзү коргой билиши керек, же болбосо Кыргызстандагыдай опурталдуу окуя болуп кетет экен деген дагы пикир жаралган жокпу?

- Бул боюнча өзүмдүн жеке пикирим бар. Күч менен, зордук-зомбулук менен элди убактылуу багынтып алса болот, бирок элден эч убакта урмат-сый көрбөйсүң. Ошондуктан, күч колдонуу бул алсыздыктын белгиси, өзгөчө бул ошол бийликке тийиштүү. Эгерде бийлик канчалык күчтүү болсо ошончолук өз элине жакын болот. Өз элине ок аткан бийлик – бийлик эмес.

- Рахмат, Болот мырза!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG