Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

Кыргызстандын тышкы саясаты кандай?


Кыргызстандын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги
Кыргызстандын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги

Кыргызстандын тышкы саясий багытында олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек. Өлкө утурумдук саясий иш-аракеттерден болочокко багытталган өнүгүү саясатына өтүшү абзел.

Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин 65 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында Кыргызстандын тышкы саясий доктринасы жарыя кылынды.

Министр, губернаторлорго эскертүү

Тышкы саясаттагы негизги багыттарды кайрадан карап чыгуунун зарылдыгы быйыл күздөн тарта айтыла баштаган башкаруу системасын реформалоодон чыкты шекилдүү. Антип тышкы саясий багыттагы олуттуу өзгөрүүгө биртоп шарт-жагдайлар, эларалык террорчулук менен экстремизмдин күчөшү, чөлкөмдөгү суу-энергетикалык кырдаалдын курчушу, Ооганстандагы абалдын жайына келбей жатышы, экономикалык кризис себеп болгонун президент К.Бакиев дипломатиялык кызмат өкүлдөрүнүн алдында жарыя кылды.
Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен макулдашпай аймактык деңгээлдеги эл аралык байланыш-катыштарды жасоону токтоткула! К. Бакиев

Мындай шартта Кыргызстан кайсы бир өлкөгө өзгөчө ылым санап, экинчисин жат көрбөй, баарына бирдей мамиле жасаш зарылдыгына К. Бакиев өзгөчө басым жасады.
- Бизде айрым министрлер өздөрүнүн тышкы саясатын жүргүзүшкөн кездери болгон. Аны жашырганда эмне. Эч ким уруксат бербесе деле аркыл билдирүүлөрдү жасашкан. Ушундайлар болгон. Мындай тажрыйбаны тамырынан жок кылыш керек. Бул биздин айрым регион жетекчилерине да тийиштүү. Бул жерде өкмөт мүчөлөрү отурушат, мен ойлойм губернаторлор да угушат. Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен макулдашпай аймактык деңгээлдеги эларалык байланыш-катыштарды жасоону токтоткула!

Облустагы чек ара көйгөйүн талкуулоо, кыйладан бери чечилбей келаткан соода-экономикалык байланыштарды жөнгө салуу аракетин мындан ары облус губернаторлору тышкы иштер министрлигинин макулдугусуз жүргүзө алышпайт.

Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Ишенбай Абдыразаков антип айрым жетекчилердин тизгинин тартууну туура деп эсептейт.

- Мына губернаторлор өзүм билемдик кылып кетип атат. Анда бул мамлекеттик саясатты чакчелекей кылып жибериши мүмкүн. Эмне деп атат бул? Мына көп министрлер өзүнчө эле тышкы иштер министр болуп алган. Кээ бирлери.

Тышкы саясат - ички саясатка жараша


Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязовдун айтуусунда, ички саясаттын ыраатсыздыгынан тышкы саясатты натыйжалуу деп айтыш кыйын. Кезектеги башкаруу системасын реформалоо кандай жыйынтыкка алып келгенин көргөн көпчүлүктүн тышкы саясатты жаңылоо демилгесине деле чоң үмүт артышы кыйын.

- А жөнөкөй эле бир системасы жок реформа, доктрина деген менен мунун пайдасы жок. Бийлик башында турган адам Кыргызстандын ички экономикасы кандай болуш керек, келечекти көрө билиши керек. Экономикалык-социалдык, финансылык, эларалык маселелерди чечкенге жараша реформа жүрөт. А биз болсо реформа деп коюп, бирок анын дайыны жок болуп жатат.

Жалаң реформа, жаңылануу ириде элдин кызыкчылыгына багытталышы керек.
Бийлик башындагылар майда саясатчы болуп, Кыргызстандын келечегин көрбөй жатышат.М. Ниязов

- Тилекке каршы, ушул бийликтин башына келген адамдар майда саясатчы болуп, Кыргызстандын келечегин көрбөй жатат. Бул реформа, доктриналар деген бийликтин эл менен мышык-чычкан оюнундай болуп жатат. Бирок өздөрү келечегин так билбей жатышат,- дейт Мирослав Ниязов.

Кыргызстандын тышкы саясатынын багытын башка нукка буруп, дипломатиялык мамиле-катыштарды кайрадан аңдап чыгуу милдетин аркалаган кезектеги демилгенин натыйжасы кандай болорун азыртан айтыш кыйын. Бирок да айрым адистердин болжолунда, тышкы саясатка жеткен жаңылануу демилгеси деле башкаруу реформасынын кейпин кийип калышы толук ыктымал.

"Азаттыктын" архивинен: АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу сыналгы берүүсү обого чыгарылып, анда АКШнын “Манас” аскер базасы тууралуу олуттуу сын камтылган. Бирок база жетекчилиги жана ала-тоолуктар сын пикирлер менен макул эмес. ES, MiT, SA

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

XS
SM
MD
LG