Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Көкөлөгөн бааны көтөрө келген эски-жаңы өкмөт


Эки жылдан бери Кыргызстан энергетикалык кризистен чыга элек
Эки жылдан бери Кыргызстан энергетикалык кризистен чыга элек

Жаңы жылдан тарта электр энергия баасы 2 эседен ашуун, жылуулук, ысык суу азыркысынан 5 эсеге көбөйгөнү турат. Өкмөт социалдык аялуу катмарга төлөп бергени эмдиги жыл бюджетине 1,5 миллиард сом каралганын айтууда.

«Азаттыктын» бүгүнкү энергетикалык «бетме-бет» талкуусуна парламент депутаттары, коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев, «Акжол» фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдыразаков катышат.

- Исхак мырза, энергияга баанын кескин көтөрүлүшү коомчулукту таң калтырган өзгөчө окуя болду. Жаңы өкмөт ишти тарифтерди көтөрүүдөн баштады. Мунун максат-мүдөөсүнө токтоло кетсеңиз.

Исхак Масалиев:
- Калыстык үчүн айта кетиш керек, энергия баасын көтөрүштүн себеп-жөнү бар. Бирок өкмөттүн электр энергиясын 2 эсе, жылуулук баасын 5 эсе көтөргөнү мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Ойлогом бул иш акырындык менен жүрөт го деп. Данияр Үсөнов буга чейин бул тармакты сата албай, эч ким албай жатканын айтып кетпедиби. ТЭЦ, бөлүштүрүүчү компанияларды албай жатат, дейт. Өкмөт мына ушул тарифтерди бекитип, бираз убактан соң эл буга көнгөн соң бул компаниялар инвестициялык кызыктуу объекттерге айланат. Тарифти көтөрбөй туруп бул компаниялар сатылып кеткенде эртеңки күнү тарифтерди көтөрүш кыйын болуп калмак. Азыр өкмөт компенсация төлөп, элди көндүрүп коет. Урушабыз, ашканада отуруп капа болобуз, үнөмдөгөндү үйрөнөбүз. Бирок кийинки жайга калбай менчиктештирүү уланып кетет. Энерготармакта, жылуулук тарапта бизде тартип жок болуп жатат. Азыр 40% чейин жоготуулар болуп жатат. Советтер Союзу кезинде эң көп жоготуу болгондо 13% чейин жетчү. Мына менин депутат болгонума 9 жыл аяк басты. Ушул аралыкта бул тармакты сызга отургузган бир да киши сот жообуна тартылган жок. Жарыктын баасы кымбаттагандан кийин калгандары да көтөрүлө баштайт. Бир депутат Д.Үсөновдон нандын баасы канчага көтөрүлөрүн сурады эле “3% көтөрүлөт”, деди. Андай болсо шүгүр дейт элек, бирок бул турмуш да. Сууга таш ыргытсаң ортосунан тегеректелип толкун кетет го, бул ирет да ошондой болот.

- Бейшенбек мырза, тарифтерди көтөрүүнүн кандай экономикалык-саясий кызыкчылыгы болду?

Бейшенбек Абдыразаков: -
Энергосистеманын иштегенине 50-60 жыл болду. Эскирди. Мына ТЭЦти алалы. 50 жыл ысык суу, жылуулукту бекер бердик. ТЭЦ да өлдү. Темир куурлардын баары чириди. Антпей өз акчасына жылуулук сатып, убагында оңдоп келгенде ишкана өлбөйт болчу. ТЭЦтин 24 буу казанынын 8 гана иштейт. Социалдык адилеттик болбой жатат. Мына 7 облус эли менен Бишкектеги жаңы конушта жашагандарды алып көрөлүк. Бир кыштан чыгыш үчүн жок дегенде 5 тонна көмүр сатып алат. Тоннасы 3 миң сом болсо 15 миң сом. Анан отун сатып алат. Ошону менен 20 миңге жакын сом жылуулукка эле кетет. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар 500 сом, 1000 сом менен кыштан чыгышат. 3 бөлмө үйдөгүлөр өкмөттөн 10 миң сом дотация алып өздөрү 3 миң төлөшөт. 2 бөлмөдөгүлөр 9 миң сом өкмөттөн дотация, өздөрү 2 миң сом төлөшөт. 1 бөлмөдөгүлөр миң сомго жетпеген акча төлөйт. Советтер Союзунан бери ушинтип жашап келишкен. Анан көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабаты дүкөн, кафе, дарыкана, офистер. Алар акча табышат. Бүгүнкү күндө Бишкектин борборундагылардын көбү үйлөрүн чет өлкөлүктөргө ижарага беришкен. Алар айына 300 – 500 доллар төлөшөт. Дагы үйүн мейманкана кылып койгондор бар. Саатына 200 – 300 сомдон алышат. Алар айында 3 миң – 4 миң доллар пайда көрүшөрүн мен эсептеп чыккамын. Көп кабаттуу үйлөрдүн баары менчиктештирилип кеткен. Эмне үчүн аларга жылуулук беришибиз керек? Өкмөт аларга жакшы жардам берип жатат да, жер тамда жашагандарды таптакыр карабай жатат? Булар ак сөөктүн, тигилер токолдун балдарындай болуп жатышат. Көп кабат үйлөр 20% эле төлөп, калган 80% дотация эсебинен жабылчу.

- Эми Исхак мырза, минтип жылуулук, электр энергиясынын баасы асманга чыгып жатса, колу жукаларга өкмөттүн берчү жардамы 200 сом болууда. Мындай мамиле социалдык жарылууга алып келбейби?

Исхак Масалиев: - Социалдык нааразылыкты жаратышы мүмкүн. Бирок эл чыдайт дегенге себеп бар деп ойлоп жатам. Мамлекетти сакташ үчүн эл баарына кайыл. Унчукпай чыдайт. Буга чейин баарына эле чыдап келатпайбы. Үйдө, тууган-урук, дос-жар арасында сөгүнүп, капа болуп, бирок анысын сыртка чыгып айта албайт. Чоң нааразылык чыгышына 10-15 жыл керек болорун көрдүк го. 309 миң киши бюджеттик мекемелерде иштерин өкмөт башчы айтып атпайбы. Ошолордун биртобуна 200 сом кошот. Баарына эмес. Анан министр И.Давыдов бир сезондо жылуулук баасы 16 миң сомго чыгарын айтып жатат. Аны бөлө келгенде 3600 сом болот экен. Бул чоң акча. Кеп 200 сомдо эмес, менин коркконум башкада.

- Бейшенбек мырза, ошол эле өкмөттүк жыйында Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев бюджетте отургандардын тапканынын 80% коммуналдык төлөмдөргө кетип каларын айтып, эгер жетиштүү жөлөкпул төлөнбөсө ал социалдык жарылууга алып келерин белгиледи.

Бейшенбек Абдыразаков: - Өкмөт бардык эсеп-чотту тактап чыккан. Социалдык аялуу катмарга компенсация берип жатат. Мугалимдерге, дарыгерлерге 200 сомдон берип жатат. Бул жерден калыстык болду деп атам. Ошол көп кабатта жашагандардын баары эле кедей эмес да. 30% кедей болсо 70% байлар. Алар эмне үчүн дотация алышы керек? Анан бул үйлөр 100 миң доллар турат. Алардын жылуулугун эмне үчүн өкмөт өзүнө алышы керек? Ысык сууга булар бир айга 57 сом эле төлөйт. Бул бир бөтөлкө жасалма арактын баасы. Бир кишиге суткасына 360 литр суу кетет. Жаңы конуштарда биз ичкенге 3 литр суу таппай жүрөбүз. 360 литр сууга түшүш кайда.

- Өкмөт ошол социалдык аялуу катмарга эмдиги жылы 1,5 миллиард сом төлөп бере тургандыгын айтууда. Бирок ошол эле мезгилде электр уурдоолордон өлкө 3 миллиард сом зыян тартат. Ошол 3 миллиардды чогултуп тармактын проблемасын чечсе болбойт беле? Исхак мырза, ошентсе болобу?

Исхак Масалиев: - Мен деле ушуну айттым. Тармактагы жоготууларды 40% эмес, 36% эмес, 20% түшүрсө болот. Ал үчүн саясий эрк керек. Экинчиден өкмөт тарабынан катуу көзөмөл болушу керек. Жабдуулар эскирген, ал жөнүндө сөз жок. Биз жылына 4 миллиард киловат саат электр энергиясын жоготуп жатабыз. 3 миллиард, 4 миллирад сом жок болуп жатат. Ал каякта? Акчасы текшерүүчүлөрдөн баштап эң жогорку кызматта иштегендерге чейин – баарынын чөнтөгүнө түшүп жатат. Тармакка коомдук көзөмөл керек. Аны оппозиция партияларга берип койсо деле болот. Ошого барыш керек. Реформа деп атканыбыз менен мурунку эле жигиттер калып жатышпайбы. Алар кантип өздөрүнө өздөрү каршы чыгышсын. Эрк да, каалоо да азыркы өкмөттө жок.

- Бейшенбек мырза, кеп сизде.

Бейшенбек Абдыразаков: - Жарыктын баасын көтөрбөй эле тармакты тартипке келтирип жагдайдан чыкса болор эле. Жоготуулар 40% болуп атпайбы. Кышында 50% чейин жетип жатат. Бул 6 миллиард сом. Анан да ТЭЦтен үйлөргө жеткенче кыйла жылуулук жолдо жоголот. Газдын жоголушу 25% жетти, бул акчага которулганда 12,5 миллион доллар. Баарын кошуп келгенде 15 миллиард болуп кетип жатат. Ушунун баарын жоготуп, токтотуп туруп анан реформага өтсө жакшы болмок. Социализм тушунда электр 13% чейин, газ 6-7% техникалык жоготууларга учурачу. Ичкен жегенин, коррупциясын токтотпой туруп элдин эсебинен эми 1 сом 50 тыйын кылмакчы болуп жатышат. Анын жарымын дагыле жеп койсо эмне болот?

- Исхак мырза, бул маселени эмне үчүн президент 2-мөөнөткө чыгып жатканда, шайлоо алдында айткан жок.

Исхак Масалиев: - К.Бакиев өкмөт башчы кезинде эле тарифтерди көтөрүүнү айтып жүрчү. Кийин президент болгондо да айтты. Бир күнү отура калып минтип көтөрүлөрүн ким ойлоптур? Эмне үчүн шайлоого чейин айтылган жок? Ал деле түшүнүктүү. Депутатпы, президентпи, эл алдында татынакай болуп чыгышы керек. Ал эми электр энергиянын баасынын 2 эсе көтөрүлүшү артынан баалардын өсүшүн алып келбесе болду.

- Бейшенбек мырза, шайлоого чейин бул маселе айтылган эмес эле.

Бейшенбек Абдыразаков: - Биз кыргызбыз да. Бир кар жаагандан кийин ойлонобуз. Жеке адамдар менен өндүрүшкө кетчү электр акысын 1 сом 50 тыйындан кылып койбодубу. Ошонусу туура эмес болуп калды.

- Исхак мырза, баалардын минтип кескин көтөрүлүшү жаңы түзүлгөн борбордук агенттикке байланыштуу эмеспи?

Исхак Масалиев: - Ошондой деп айтса болот. Өкмөт ал агенттиктен уруксат албай мындай кадамга барбайт болчу. Ал жерде иштеген кишилер ушул кадамга макулдугун берген болуш керек. Бул өкмөт камикадзе болуп атат. Бомбаны оронуп алып чуркап барып атат.

- Баалардын кескин көтөрүлүшү азыркы өкмөттөн да чоң өкмөт борбордук агенттиктин түзүлүшүнө байланыштуу эмеспи? Бейшенбек мырза.

Бейшенбек Абдыразаков: - Жок, буга байланыштуу эмес. Булар инвестиция алып келет. Максаты өндүрүштү көтөрүп, экономиканы өстүрүш керек. Ал эми энергетикадагы абал бүгүн эле козголо калган жок. 30 жыл 50 жыл чогулган маселе. Эми минтип бүгүн жарылып жатпайбы. Эртеби-кечпи, буга барышыбыз керек болчу. Бирок бүгүнкү кризис маалында жаңы тарифтер оор болуп жатат. Анан эмдиги жылдан баштап кыймылсыз мүлк салыгы да кирет.

- Анда эмес кебибизди жыйынтыктайлы. Мырзалар, силерге ишиңиздерге ийгилик!
XS
SM
MD
LG