Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Коррупцияны кантип атайбыз?


Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити президенттин “Жаңы багыты”, коррупция, ысырапкорчулук ж.б. жөнүндө сөз кылса, “Ачык саясат” гезити президенттик шайлоону, партиялардын калк ичиндеги кадыр-баркын, демократия жана элитанын вазийпасын талкууга алды.

“Кыргыз туусу” гезити президенттин “Жаңылануу багытына” ой-пикирлердин топтомун окурмандарга сунуш кылды. Бул ирет ой-сунуштарын коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова, окумуштуу Абдылдажан Акматалиев айтып чыгышты.

Ушул эле санга президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү боюнча тил комиссиясынын жобосу да жарыяланды. Жободо ар бир талапкер шайлоо алдындагы программасын үч беттен ашырбастан жазуу жүзүндө баяндап жана жазгандан кийин анысын окуп берүүсү каралган. Мамлекеттик тилди билбейт деген тыянакка келүү үчүн талапкердин кыргыз тилинде жаза албастыгы жана аны кыргызча окуй албастыгы, өз оюн кыргзча баяндай албастыгы далил катары каралары көрсөтүлгөн.

“Мен таза болбосом, сен таза болбосоң, коом таза болбой коррупция үстөмдүк кылат” аттуу макаласын Кыргыз-орус славян университетинин доценти Акылбек Үмөталиев коомчулукка сунуш кылды. Окумуштуу “коррупция” деп биз тергеп жүргөн сөздү англис тилинен кыргызча которгондо “бузулуу, чирүү, абийирсиздик, туруксуздук” деген сөз маанилерин берерин, биз бүгүн “коррупция” деп эркелетпей эле так ушул кыргызча маанисинде колдонсок таасири алда канча күчтүү болмогун белгилейт.

Автор коңшу Казакстан коррупцияны – жемкорлук, коррупционерди жемкор деп атап алып күрөш жүргүзүп жатканын мисалга тартат. Окурмандарга “коррупцияны кандайча атасак?” деп чакырык таштайт. Мамлекеттик кызматкерлердин ордун которуштуруу жана алардын маяналарын көбөйтүү менен коррупцияны жоебуз деген туура эмес экендигин кеп кылат.

Гезит мындан тышкары философ Нуркемел Кулматовдун “Сураганыбыз жардам, жыргаганыбыз той же алар тууралуу ой”, публицист Токтогул Сейитбековдун “Ой жагынан болбосо да той боюнча Гиннестин китебине илинебиз” деп аталган макалаларын да сунуштады. Эки макалада тең ашынып бараткан ысырапкорчулук тууралуу баяндалат. Рыноктун шартында үнөмдүү жашоо зарылдыгы, учурда кыргыздын каада-салттары да реформага муктаж экендиги жөнүндө сөз болот.

“Ачык саясат” гезити “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусунун жооптуу катчысы Асылбек Текебаевге каржы полициясынын Ош облустук башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду деп, Алмаз Атамбаев президенттикке ат салышуу үчүн Түркия менен Орусиядан кеңеш сураганы кетиптир деп, Ө. Текебаев күрөштөн баш тарткан соң эми Темир Сариевди сүрөгөндөр көбөйүүдө деп, БЭКтин Ош шаардык штабынын башчысы Абдыкайым Кангелдиевге электр энергиясына, жаратылыш газына жана жылуулукка 35 миң сом карызды төлөгөн эмес деген айып менен кылмыш иши козголгону жатыптыр деп маалымдады.

Эгер мындай күнөө менен кылмыш ишин козгой бере турган болсо, Кыргызстандын жарымы кылмышкер болуп калышы ажеп эмес, мисалы Майлуу-Суу лампа заводунун карызы 1 нече млн. сомдон ашып кеткенине карабастан буга дейре эч кимге кылмыш иши козголгон эмес деп, мурдагы депутат Замир Парманкуловго мындан 5 жыл илгери бир кафеден пивонун кружкасын сындырып койгондугу үчүн “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ушу тапта Ош шаарынын 35 абагында жатканын, ал азыр ачкачылык жарыялаганын бир байлам кабарлары аркылуу "Ачык саясат" гезити маалымдады.

“Бийлик бүгүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен олчойгон айлык алып жашаган аткаминерлерден тартып, айылдагы мугалимдерден тышкары, 700-800 сом айлыкка бир мекеменин отун жагып, полун жуугандарга чейин “Акжол” партиясына мүчө кылып койду. Баары “акжолчу” болуп чыга келди. Себеби ушундай “тезек терген” заманда ким эле жумушунан айрылгысы келсин. Анан айласыздан “Акжолдун” бутуна бут, колуна кол болуп берүүгө мажбур болот” деп башталган Айбек Шамшыкеевдин “Зордоп ачкан гүлдүн жыты жок” аттуу макаласында саясый партиялардын калк ичиндеги кадыр-баркы тууралуу сөз болот.

Автор бүгүн республиканын кайсыл жерине барбагын бир гана “Акжол” партиясынын кеңсеси барын, ал партияга атайылап имарат берилип, шарт түзүлгөнүн жазат. Мисалы, Кадамжайдын “Ак турпак” айыл өкмөтүндөгү партиянын чакан кеңсесинде президент К. Бакиевдин 7 сүрөтү илинип турганын, бирок ошол эле учурда республиканын айылдарында “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, СДПК партияларынын бир да кеңсеси жоктугуна карабастан эл буларды бир ооздон колдоп жаткандыгына токтолот.

Автор макаласын аяктап баратып, кечээ жакында эле Акаевдин “Алга, Кыргызстан” партиясын эл “Артка Кыргызстан” деген ат менен мыскылдап келгенин, ал партия чындап эле Кыргызстанды артка сүйрөгөнүн, К. Бакиевдин “Акжол” партиясы деле эл кызыкчылыгын көздөбөгөнүн, Каркыраны каратып туруп казактарга бергенин, ж.б. жасап келаткан иштерин жазып чыккан.

Гезитке мындан тышкары экс-депутат Эркин Алымбековдун демократия туурасындагы макаласы, экс-элчи Жумагул Сааданбековдун “Элита” ролуна ой калчаган интервьюсу орус тилинде басылды. Ал эми “Ыплас шайлоо эмне менен бүтөрүн бийлик ойлош керек” деген ат менен саясатчы Темир Сариевдин маектешүүсү окурмандарга ушул гезит аркылуу тартууланды.

Кабарчы:- Оппозиция лидерлерине кылмыш иши улам козголууда. Ошол эле учурда президент оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирүүдө. Мындай шартта сүйлөшүү мүмкүнбү?

Т. Сариев: -
Ушунусу бизге таң калычтуу болуп жатат. Элге да түшүнүксүз. Президент бирди айтат, күч органдары башканы жасайт. Бул жерде же президент оюн кылып атат, же анын сөзү эч кимге өтпөйт. Бийлик органдары, өзгөчө күч органдары аны президент катары санабай… Бийликте бир нече борбор бар деген ошондон келип чыгууда. Анткени президент өзү чечим кабыл албай калды. Анын орудна башка адамдар чечим кабыл алууда.

Кабарчы: -
Президент сүйлошүү үчүн оппозицияны чакырды. Эки тарап орток пикир таба алабы?

Темир Сариев: -
Эгерде биз берген сунуштардын тегерегинде сүйлөшөбүз десе сүйлөшүү мүмкүн. Биз айтып жатабыз таза шайлоо өткөрөлү деп. Таза шайлоо өткөрүү үчүн биз койгон сунуштардын тегерегинде сүйлөшүү жүргүзсө болот. А эгер таза шайлоо өткөрбөйбүз, мурункудай эле кылабыз, БШКнын мүчөлөрүн алмаштырбайбыз, өкмөттүн бардык күчүн Бакиевдин жеңишин камсыз кылуу үчүн жусмшайбыз десе, анда таптакыр башкача болот. Анда шайлонун аягы эмне менен бүтөрүн бийлик ойлош керек.
XS
SM
MD
LG