Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Массалык малайлык


Гезиттер алдыдагы шайлоо, аянттагы айкелдер, ааламдагы окуялар жөнүндө жазышууда.

“Элибиз эки жүздүү. Ал бүгүн эле эмес, Манас хан болуп тургандан ушул күнгө чейин. Менимче, кыргыздын дээрлик көбү Манас эмес, Абыке-Көбөштүн тукумунан болсо керек. Болбосо мынчалык жалган баатыр көрүнүп, массалык кошоматчылыгыбыз өнүкпөйт эле.” Бүгүн жарык көргөн “Айат пресс” гезитинин баяндамачысы Олжобай Шакир “Чүмбөт” аттуу макаласын ушинтип баштап, “Эми бул жолу президенттик шайлоодо эл өз добушун коргогонго жарабаса, бийлик төбөлдөрү мындан ары эл менен эсептешкенин коет” деген ойду айткан.

ЖК депутаты Бакыт Бешимов “Азыркы бийликти чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда орнотулган бийлиги деп аташыбыз керек” деп мүнөздөдү. Буга удаа эле “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин Атамбаев тууралуу айткандары басылды. Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиевдин маегинин аты: “Калмактар, түндүгүңөрдү аялыңар, түнүңөрдү катыныңар көтөрүп калсын деп каргаган” деп аталат. Аталган гезит эл сүрөтчүсүнүн оюн улап, айрым атуулдарга кайрылып: “Борбордук аянтка орнотулган кыргыз душмандарынын эстеликтерине эмне кебиңиз бар?” деп суроо койгон.

Белгилүү журналист Жаныбек Жанызак: - Манасты, Чубакты, Сыргакты терип жок кылган душмандарды аянтка коет деген эмне кеп? Өткөндө Сейит Жаанбаев “Азаттыкка” – “ Бул - жомок. Орустар Кащей, Жезкемпирдин эстелигин деле орнотуп албадыбы” дейт. А киши кайсы бети менен Манасты Кащейдин деңгээлине түшүрөт. Манас деген кыргыздын деми. Анан ошол демди өлтүрөбүз деп, аянттын чок ортосуна Нескара, Жолой, Шыпшайдар, Коңурбайды коюп туруп, өзү чекесинен ыржайып тургандарды аяйм. Себеби алар байкуштар. Америка базасын жоготом деп аткандар – аянтка Нескараны кургандар. Алардын да аянттагы душман айкелдер менен салмагы бирдей.

“Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев: - Бул Курманбек Бакиевдин шайлоо алдындагы элге жарыя кылган “Жаңылануу курсу”. “Манас” эпосунда айтылган кыргыз элинин келишкис душмандары Коңурбай, Нескара, Жолой жана Шыпшайдар жана башкалардын Борбордук аянтка эстелигин орнотуу акылга сыйбаган иш.

Саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев гезит аркылуу тарыхтын 7 сынагына коомчулуктун көңүлүн бурган. 1-Кокон хандыгынын сынагын, 2-Орусия сынагын, 3-Үркүн сынагын, 4-Совет бийлигинин сынагын, 5-Эгемендикке өтүү доорунун сынагын, 6-Акаев менен Бакиев заманынын сынагын мүнөздөп келип, анын ички жана сырткы маани-маңызын талдоого алган саясат иликтөөчү “Биз эми ким болобуз?” дейт. Тарыхтын 7-сынагы азыр алдыбызда турганын, андан чалынбай, мүдүрүлбөй өтүү үчүн эл ичин иритип-чириткен эки жүздүүлүктөн, казаны оттон түшкөн калпычылыктан арылып, өзүбүздүн жер-сууга, кен байлыгыбызга, улуттук салт-санаабызга өзүбүз ээ болушубуз керектигин белгилеп, өйдө бассак өзбекти өчөштүрүп, ылдый бассак казактын каарына калып, туура бассак кытайдан кагуу жеп, Орусияга оосок – орго түшкөндөй жоголуп, өз үбүлөсүнүн гана камын көргөн, кылмыш дүйнөсү менен чырмалышкан, бийликтин “чынжырынан” чыгалбай турган кулчулук доорго кайтабызбы же эл катары жоголуп кетпей турган өз жолубузду табабызбы деген суроону койгон.

“Учур” гезити президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо алдындагы тезисттеринин программасын жарыялады. “Учурга” интервью берген академик, “Ала Тоо ынтымагы” коомунун мүчөсү Дөөлөтбек Шадыбеков: “Апас Жумагулов өткөндө инилерин ээрчитип алып Бакиевге кирип, Сариевди тымызын колдоп, Чүйдүн добушун экиге бөлүп, анан кайра эле азыркы ажо бийликте калса, биз дагы бийликте калабыз деген “кыйтыр ходдорду” жасап жатат” деп айтты.

“Ала Тоо борбордук аянтына орнотулган айкелдердин чатагы коомдогу Руханий кризистин канчалык деңгээлде тереңдигин көрсөтүү менен президент К. Бакиев жарыя кылган “Жаңылануу курсунун” шайлоо алдындагы эле үгүттүк амал экендигинин далили болду. Анткени аталган документте: “Улуттук эстутум менен салттарды кыйратуудан сактоого карата бабалардын укуктарын сактоо маселеси приоритеттүү багыттардын бири” деп айтылган эле деп жазды ушул эле санга “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев. Автор андан ары азыр өлкөдө бардык иш-чаралар ырасмий тилде гана өтөрүн, бирдиктүү улут болалбай Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүп калганыбызды, Каркыра менен Ысык-Көл жээгиндеги 4 пансионаттын Казакстанга берилиши, АКШнын аскер базасынын тагдырын чечүү укугунун Орусияга сатылышы, улуттук энерготармакты жеке менчикке сатуу боюнча чечимдин кабыл алынышы - мына ушулардын баарын – Кыргыздын улуттук ар-намысынын тепсендиде калганы катары баалап, азыр кыргыздын ар-намысы атайылап жок кылынып, өлкөдө тутумдаш маңкуртташтыруу жүрүп жатканын белгиледи.

“Асман преss” гезити “Алмаз Атамбаевге кызы издөө салат...” аттуу макала, “Темир Сариевдин мугалими эмне дейт?” аттуу маекти жарыялады. Ушул эле санга аңгеме курган белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков: “шайлоону мурдагыдан тазараак өткөрөбүз деген убада бар, элде үмүт болгон менен ишенич жок. Саясый тажрыйбасы тайыз болгондуктан эл өзүнүн жарандык укугун коргогонду үйрөнө элек. Илгерки замандагыдай бийликтин айтканын аткарып, айдаган жагына басып жүрүп көнүп калган” деген пикирин билдирген. Абдуразаков андан ары бийлик менен оппозиция көп жагынан окшоштугун, кызматтан кетсе оппозицияга өтүп, кызматка чакырса бийликтин айтканынан чыкпай иштемиш болорун, саясат бизде акчага байланып калганын, каражаты жок, бирок чыныгы мекенчил атуулдарды колдоп алганга элдин рухий деңгээли, аң-сезими өсүп жетиле электигин кошумчалаган.

Басылма ошондой эле “Жаңы ордо” гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев менен аңгеме-дүкөн курган. Бекен мырза өзүнүн “Бешик” деп аталган аңгемеси боюнча кино тартылганын, аны белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов тартканын, каражатын Жусуп Бакиев атындагы коомдук фонддун агездеги төрагасы Жаныш Бакиев өз мойнуна алганын, мындан башка дагы кыйла акча кеткенин, тасма тартуудагы кездешкен кыйнычылыктар тууралуу банядап берген.

Гезиттердин катарына жаңыдан кошулган “Пресс.Kg” гезитинин экинчи саны жарыкка чыкты. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов маек куруп, алдыдагы шайлоо жөнүндө, бийлик жөнүндө кеңири кеп кылган. Ал күрөшпөй эле жеңилип калгандарга кошулбастыгын, “баары бир бийлик утат” дегендер мамлекет менен элинин келечегине кайдыгер карагандар экендигин, бүгүн тарыхтын бурулуш жолунда турганыбызды же биз бир үй-бүлөнүн хандыгын же келечегибизди тандай турганыбызды белгилеген.

Ушул эле гезит аркылуу айтылуу саясатчы Өмүрбек Текебаев “Президенттин ички-тышкы саясатта калыптанган көз-карашы жок, өзүнүн аппаратындагы политтехнологдордун алмашканына жараша алмашып, ошолордун сөзүн сүйлөп, бир күнү оңго кетсе, бир күнү солго кете бермей адаты бар. Мына азыр аны Украинанын 3-сорттогу политехнологдору келип, сокурду колунан жетелегендей жетелеп, ага өз сөздөрүн айттырып жатат” деп сындады.
XS
SM
MD
LG