Кыргызстандыктардын пикирлери боюнча Обаманын кайрылуусу негизинен АКШнын мурдагы президенти Бушка салыштырмалуу кыйла маңыздуу жана мусулман өлкөлөргө карай таштаган тынчтык кадамы экени байкалат.
Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов:
- Буштун кайрылуусунан көрө Обаманын кайрылуусунда бир өзгөчөлүк болду. Бир саатка жакын сүйлөгөн сөзүндө бир да жолу, Ирак маселесинде болсун, Ооганстан маселесинде болсун, терроризм деген сөздү колдонгон жок. Оройлук, корстук, күч деген гана “Унф” деп, араб тилинде колдонду. Ошондой эле экинчи бир токтоло турган маселе, Барак Обаманын Палестина жана Израил мамлекетине кайрылуусунда азыр өзүнүн админстрациясындагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун күйөөсү, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун президенттик кайрылуусуна 90% окшоштук болду, эч айырмасы жок, ошондон эле көчүрүп алгандай. Мына ушул Жакынкы Чыгыш маселесинде. Андан кийин дагы бир токтолуп кетүүчү маселе, ислам ааламында глобалдашуу, ааламдашуу деген маселе курчуп турган учурда башка маданияттардын карама-каршылык эмес, бири-бирин сыйлоо, бири-бирине жакшылык, ийгилик жолунда жардамдашуу, деген маселени колдонду.
Жаш саясат тануучу Мирсулжан Намазалиев:
- Дээрлик Буш келгенден баштап (2001-жылкы терракттан баштап) мусулман элдеринин да, кай бир америкалыктардын да бири бирине көз караштары кооптуу болуп калган. Менин оюмча Обаманын Каирге келип кайрылуу жасаганы, бул АКШнын өзүнүн элинин дагы ички мамилелеринин өзгөрүүсүнө алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда мусулман элдеринин, анын ичинде Кыргызстандагы мусулмандардын да америкалыктарга болгон көз караштарын жакшы жакка бурууга алып келиши мүмкүн. Жок дегенде жүрөктөрүн жылытты го деп ойлойм.
Саясий серепчи Кубан Абдымен:
- Биринчиден, колдоого аларлык сөзүн айтсак, албетте, ар бир сөзүнүн артында талкууланып, иликтенип жасалган иштеринин жыйынтыгы көрүнүп турат. Буларга макул болбошко аргасызбыз. Себеби бир топ ойлорду таразага салып, туура айтылган чечимдердин негизинде сүйлөдү. Ал эми кошулбаганым, чечкиндүү болбой, аягына чейин чыгарыла турган ойлордун элге жеткирилбей калышы. Биринчиси Араб-Израиль мамилеси, экинчиси Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы мамиле, азыр Суад өрөөнүндө болуп жаткан чоң жаңжал. Ошондой эле жалпы Ооганстанда АКШнын жана антитеррордук күчтөрдүн көбөйүшү ал жерде тынчтыкты орноторуна өзү да толук ишенеби, жокпу, көз жаздымда калды. Мына ушулар тууралуу көбүрөөк айтканда биз толугураак жыйынтыкка келмекпиз.