Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

С. Шарипов: Ошту көрүп жүрөгүм сыздады...


Салижан Шарипов Москвадагы кыргыз элчилигинин алдында, 12-июнь 2010-жыл
Салижан Шарипов Москвадагы кыргыз элчилигинин алдында, 12-июнь 2010-жыл

Орусия Федерациясынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов Ошко келип, элди тынчтыкка чакырып, касташкандарды элдештирүү аракетин көрүп жүрөт.

Түбү өзгөндүк белгилүү учкуч-космонавт бул жакта болгон жаңжалдын себептери жана кесепеттери жөнүндө “Азаттык" менен ой-пикир алышты.

Азаттык”: Кыргызстанга качан келдиңиз? Оштогу абалды көрдүңүз да?

Салижан Шарипов: Ооба көрдүм. Жүрөгүм сыздады. Алыстан ар качан да Ошту сагынып келип, кучагын жайып алган туулган жерим онтоп жатыптыр. Кантсе де элге көңүл айтып, бириктирүүгө арка-бел болушубуз керек. Кыргыз туугандарыма бардым, өзбек туугандарыма бардым. “Кандай балакет келди? Эмне болду? Түшүнбөй калдык” дешти. Баягындай берекеси төгүлгөн Ошто үйлөр күйгөн, жөн жеринен адамдар өлгөн. Эмне демек элем, 21-кылымда жашап ушундай болобу деп өзөгүм күйүп капа болуп, таң калып отурам.

“Азаттык”: Сиз менен кошо жүргөн адамдар кимдер? Алар кандай максатта келишти?

Салижан Шарипов: Мен Москвадан өзүм келдим. Жанымда жүргөндөр бул жерде иштеп жаткан журналисттер, Бишкектен кошулган кесиптештерим болот. Чогуу жүрөбүз. Азыр коопсуздук деле анча эмес да. Досторум бирге жүрүп, мага жардам берип жатышат.

“Азаттык”: Түштүктөгү тополоңду өзбек кыргыны деп атап Бириккен Улуттар уюмуна чейин билдирүү жасаган уюмдар болуп жатат. Убактылуу өкмөт бул окуяны Бакиевдер жалдаган террорчул-диверсант күчтөрдүн кара ниеттик менен кан төккөн террордук операциясы деп билдирди? Сиз булардын кайсынысына кошуласыз?

Салижан Шарипов: Бул жерде ал күнөөлүү, бул күнөөлүү деп айтуу кыйын. Андай деп азырынча эч ким айта албайт. Кыргыз-өзбек калкына кан алып келип, кимдер ушундай от жакты, изилдөөлөр көрсөтөр. Азыр ушундай аракеттер жүрүп жатыптыр. Бакиевдердин адамдарынан кармалыптыр го, алар да айтаар. Биздин келиш максатыбыз - элди тынчтыкка чакыруу, колдон келишинче элдештирүү. Эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Кыргызстан көп улуттуу калкы бар өлкө.

“Азаттык”: Сиз алыстан уккан менен келип көргөндөн кийинки айырмачылыктар эмне болду?

Салижан Шарипов: Мен алыстан мынчалык деп уккан эмесмин. Келип көрдүм. Кимиси болбосун менин боордошторум эмеспи. Ошто, андан соң Жалал-Абадда болдум. Эл менен учураштым. Базар-Коргонго бардым. Кудай буйруса, эл биригип, мурдакыдай жашоого түшөт деген ниеттемин. Жагдайды териштире турган укуктук органдар бар эмеспи. Эми териштирүүлөр көрсөтөт да.

“Азаттык”: Сиз космоско кыргыз калпагын алып чыгам деп бир айтканыңыз бар эле! Ошол туурасында айтып берсеңиз. Дагы качан учасыз?

Салижан Шарипов: Кыргызстандын калкы, Кыргызстаным деп жүрөм. Биз ар дайым айтабыз, өзбекпи, кыргызбы, дунганбы - баарыбыз бир кыргыз элинин жараныбыз. Ошон үчүн эмгектенип, жашашыбыз керек деп. Мен ким болбоюн, туулган жерим үчүн кызмат кыламын. Ошон үчүн кыргыз калпагын, кыргыз желегин жана кыргыз үйү бар го, эл аралык космос экипажы менен ишке ашкан. Космоско кыргыз туусун жеткиргем.

“Азаттык”: Ырахмат сизге, Салижан мырза!

XS
SM
MD
LG