Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

УТРК 50 жылдык мааракесин белгиледи.


Улуттук сыналгынын пикетке чыккан тобун белгилүү шоувумен Ассоль Молдокматова баштап жүрөт.
Улуттук сыналгынын пикетке чыккан тобун белгилүү шоувумен Ассоль Молдокматова баштап жүрөт.

9-декабрда УТРК 50 жылдык мааракесин белгиледи. Мааракеде президент К.Бакиев куттуктады. УТРКнын 40тай кызматкери МелисЭшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акциясын улантышты.

УТРКнын 50 жылдык мааракесине катышкан президент Курманбек Бакиев кыргыз теле көрсөтүүлөрүнүн басып өткөн жолуна токтолуп, жарым кылым ичинде улуттук теле көрүүчүлөрдүн кадыр-баркына ээ болгондугун белгиледи.

Ошондой эле коомдук пикирди жаратууда эбегейсиз ролду ойной тургандыгын белгилеп,УТРК алдыга коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып жаткандыгын айтып, дагы мамлекеттик колдоо болоорун өлкө башчысы билдирди.

Президент кыргыз телесинин айрым кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды. УТРКнын үн режиссеру Элвира Каркотская ”Даңк” медалы менен сыйланса, Абды Сатаров, Бактыбек Чаарбеков жана Зина Аблашимова “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамга арзыды.

Мындан сырткары тележурналистер Байма Сутенова, Олжобай Тостосунов, Төлөбүбү Валиева баштаган кызматкерлерге өлкөнүн Ардак Грамотасы ыйгарылып, мекеменин өзүнө “Мерседес” үлгүсүндөгү бир, “Нива” үлгүсүндөгү үч автоунаанын ачкычын президент К.Бакиев тапшырды.

Ушул эле күнү УТРКнын кыркка жакын кызматкери Горькийдин эстелигинин жанында нааразылык акциясын улантышты. Акция өтүп жаткан жерде 50 жылдыкка карата пикетчилер концерт уюштурушту. Алгач аларга милиция уруксат бербей тоскоолдук кылышты. Акырында милиция аларды жайына койду.

Ушул нааразычылык акциясынын катышуучусу, УТРКнын мурдакы жетекчилеринин бири Бейшенбек Бекешовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда Мелис Эшимкановду кызматтан кетирмейинче УТРКда реформа болбойт.

Ассоль Молдокматова баштаган кызматкерлер 3-декабрдан бери УТРК директору Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акциясында турушат. Аларды колдоп жаш эстрада ырчылары чакан концерт беришти.

Ал эми УТРКнын баяндамачысы Олжобай Токтосуновдун айтымында кыргыз теле көрсөтүүлөрүнө мыкты концепция, мыкты кадрлар жетишпей жана эки тарапты тең чагылдыруудан дагы аксап турат.

Кыргыз телерадиосунун ардагери Жумакадыр Эгембердиевдун эскерүүсүндө алгач кыргыз теле көрсөтүүлөрү жумасына үч жолу 18 мүнөттөн гана кабарларды маалымдап турган.Телеборбор жана мунарасы да кичинекей болуп салынып, бир топ кыйынчылыктарды жараткан.

Улуттук телерадиокорпорациясы 1958-жылы 8-декабрда негизделген.

XS
SM
MD
LG