Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Оппозиция АКШ аба базасы өлкөдөн чыгарылышына каршы


Өлкөдөгү айрым коомдук кыймылдар "Манас" авиабазасын чыгарбоо тууралу кайрылуу менен чыгышса, дагы бир катар саясий партиялар бул боюнча жакын арада кайрылуулар жасалаарын айтышууда.

Кыргызстандын Элдик-патриоттук революциялык кыймылы АКШнын президенти Барак Обамага кайрылуу жолдоду. Кыймылдын лидери Назарбек Нышановдун айтымында, 3-февралдагы президент Курманбек Бакиевдин Москвадагы билдирүүсү өлкөнүн коопсуздугуна, демократияга, басма сөз эркиндигине коопсуздук туудурууда:

- Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен коопсуздугу коркунучта калууда. Орусиянын аскерий жана экономикалык экспансиясынын айынан биздин улуттук келечегибизге кескин коркунуч туулду. АКШнын элчисинен президент Барак Обамага жазылган кайрылуу катыбызда Кыргызстанды саясий-экономикалык кризистик абалдан, диктатуралык башкаруудан сактап калууга жардам берүүнү сурандык. Расмий бийлик өкүлдөрү "Манастан" аба базаны чыгарууга Орусиянын эч кандай тиешеси жоктугун, бул кыргыз бийлигинин саясий чечими экенин айтышууда. Бирок Курманбек Бакиевдин билдирүүсү Кыргызстан кайрадан Орусияга көз каранды мамлекет болуп баратканын билдирет.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин пикиринде, “Манас” аба майданындагы күчтөрдү кетирүү Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын коопсуздугуна да таасирин тийгизет.

- Биздин өлкөгө антитеррордук күчтөр 2001-жылдын аягында келген. Ал жерде жалгыз эле АКШнын куралдуу күчтөрү турган жери жок, 12 өлкөнүн өкүлдөрү бар. Базанын максаты - Ооганстандагы антитеррордук операцияга кол кабыш кылуу болгон. Учурда Ооганистандагы кырдаал кайрадан курчуп турганда, эл аралык терроризм күчөп турган жагдайда бул базаны кетирүү максатка ылайыктуу эмес. Бул жагдай боюнча АКШ жетекчилерине эмес, биздин парламентке, тышкы иштер министрлигине, президентке кайрылуу керек.

Ал эми Жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “Манас” абабазасын чыгаруу жараяны татаал болгондуктан бул маселени соңуна жеткирүү өкмөт үчүн оорчулукка турмакчы. “Жашылдар” партиясы бул маселени талкууга алып, жакында калкка кайрылуу менен чыкканы турат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде “Манас” аба майданында жайгашкан антитеррордук коалициянын базасын өлкөдөн чыгаруу мыйзам долборун парламенттин комитети колдоого алганы саясый чечим жана бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров "Манастан" базаны чыгаруу Кыргызстандын эгемен чечими болду деген билдирүүсүн өткөн жума күнү жарыялады. Адахан Мадумаров Кошмо Штаттарынын базасы тууралуу Кыргызстан эч ким менен соодалашпаганын, АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кандайдыр бир топ түзүлбөгөнүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымдаган.

Президент Бакиев базаны жабуу чечими жарыялангандан кийин өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдогон. Мыйзам долбоору парламенттин Коопсуздук, коргонуу, тартип комитетинде бүгүн жактырылды. Эми бардык комитет, фракциялар карагандан кийин бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы отуруман коюлат. Бирок ал качан каралаары азырынча ачыктала элек.

Антитеррордук коалициянын алкагында АКШнын "Манас" аскердик аба базасы 2001-жылдын декабрында жайгашкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG