Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

А.Абдрасулова: Милициянын коопсуздугун камсыз кылуу керек


Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, милиция кызматкерлеринин бүгүнкү абалы, 7-апрелдеги окуяларды иликтөө иштери тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маек курду.

- Өзүңүз да мүчө болгон коомдук комиссия 7-апрелдеги кандуу окуяны иликтөөгө кириштиңер эле. Кандайдыр бир баштапкы жыйынтыкка келе алдыныздарбы? Ал жыйынтык канчан жарыяланат?

Азиза Абдрасулова: Азырынча биз алдыга койгон тапшырымаларыбыздын негизин бүтүрдүк. Биз, комиссиянын мүчөлөрү билип турабыз, бул жыйынтыкты көпчүлүк күтүп жатат, ошондуктан биз жакынкы күндөрү комиссиянын алдын ала бериле турган жыйынтыгы менен коомчулукту тааныштырабыз. Анан кийинки толук маалыматын балким бир аздан кийин беребиз. Себеби маалымат өтө чоң, иликтей турган маселелер өтө көп. Ошондуктан баарын дароо камтып кетүү кыйын да, жоопкерчиликтүү да болуп турат.

- Ошол баштапкы жыйынтыктарда силер бул окуянын чыгыш себебинеби, же адамдар кимдин колунан өлгөнүнө көңүл буруп жатасыздар? Эмнеге токтолосуздар?

Азиза Абдрасулова: Баштапкы жыйынтыкта комиссиянын мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, биз мындай жыйынтыкка келдик: негизинен бул кырсык эмнеден келип чыкты, буга алдын ала кандай негиздер болду? Ошол кеткен бийликтен кандай кемчиликтер кетти? Ошол эле убакта оппозиция тарабынан кандай мыйзамдуу, же мыйзамсыз кадамдар болду? Дагы бир башка күчтөрдүн ролу кандай болду? Ошол эле убакта милиция кызматкерлеринин бүгүнкү күндө эл катары эле жабыркап, көпчүлүгү оор абалда калганына эмне себеп болду жана милиция кызматкерлерине кирген программалар канчалык деңгээлде жардам берди? Милиция кызматкерлери 20 жылдын ичинде дайым саясатка аралашып жүрөт, пикет-митингчилерди куугунтуктап жүрүп милиция кызматкерлеринин бүгүнкү күндө абалы кандай болуп калды?

Биз негизинен ушуга, жарандык коомдон жабыркагандар жана ошол эле убакта милиция кызматкерлеринен жабыркагандардын маалыматтарын жана интервьюларын беребиз. Биз бүгүнкү күңдө тез аранын ичинде чечилүүгө тийиш болгон сунуштарыбызды кошо айтып кетебиз. Себеби булар биздин ойлоп чыгарган сунуштар эмес. Биз жер-жерлерде эл жана жабыркагандар менен жолугушканда албетте бардык тараптар өздөрүнүн сунуштарын айтып жатат. Биз ошол сунуштарды камтып, убактылуу өкмөткө өз сунуштарыбызды да берип кетебиз.

- Аксы окуясындагы тажрыйбаны эске алганда да 7-апрель боюнча иликтөөдө комиссиянын иши узакка созулаары белгилүү. Бирок иликтөө толук кандуу болуш үчүн ошол күнү Ак үйдө снайперлер, же башка күчтөр коргогон адамдардын да көрсөтмөлөрү өтө зарылбы? Мисалы, мурдагы президент Бакиев, мурдагы премьер-министр Үсөнов, президенттин күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев өңдүүлөрдүн. Ага кантип жетишүүгө болот деп эсептейсиз?

Азиза Абдрасулова: Бардык тараптын үнүн укканга комиссия аракет кылып атат. Мүмкүн болушунча ошол окуяларга кыйыр, же түздөн-түз тиешеси барлар менен жолугушууга аракеттенүүдөбүз. Коомчулук билсе керек, Төлөйкан айым, башка комиссиянын мүчөлөрү президент К.Бакиев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев менен жолуктук. Молдомуса Конгантиев, Данияр Үсөнов, Болот Шерниязов, Акылбек Жапаров, ошол эле Текебаев, Атамбаев менен жолугушканга аракет жасайбыз.

Биз Мурат Суталинов менен жолугушууну өтө каалар элек. Ошолордун көрсөтмөлөрү бизге абдан зарыл болот эле. Бирок, тилекке каршы, мен атап кеткен адамдардын көпчүлүгүнө бүгүн балким жолугуша да албайбыз.

Балким бул апрель айындагы кайгылуу окуяларды бизден кийин дагы бир нече комиссиялар, керек болсо эл аралык комиссиялар да иликтеши мүмкүн. Ошондуктан биздин комиссиянын жыйынтыгы бул акыркы жана туура маалымат деп айткандан мен алыс болом. Андай деп айтууга укугум да жок.

- Жалал-Абаддагы соңку окуяга кандай көз караштасыз? Мурдагы президент Бакиевдин тарапкерлерин кан төгүлүүдөн кийин кайра кайтып келалат деген ишеними барбы, же бул жөн эле кемени чайкоо аракетиби?

Азиза Абдрасулова: Жалал-Абаддагы окуялар боюнча бардыгыбызда эле маалымат бар. Чынында Жалал-Абадды бүгүнкү күндө стабилдештирүү өтө кыйын. Себеби кандай мыйзам кабыл алынган убакта, убактылуу өкмөт кандай чечим кабыл алган убакта да ошол жердеги коомдук тартипти көзөмөл кыла турган милиция кызматкерлери, бир эле Жалал-Абад эмес, дегеле Кыргызстан боюнча милиция кызматкерлерине моралдык жактан копсуздукту камсыз кылуу, ошолорго социалдык жактан кепилдик берүү, алардын макамы, бүгүн алар кимдин милициясы - ушулардын бардыгын милиция кызматкерлери түшүнүш керек. Кандайдыр бир мыйзамдын деңгээлинде буларга коргоо болуш керек.

Ошолордун бардыгы болгондо гана убактылуу өкмөттүн кабыл алган чечимдери ошол эле тартип, ошол эле мыйзамдуулук, ошондо гана ишке ашат деп ойлойбуз. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери кечээ Акаевден токмок жедим, анан Бакиевден токмок жедим, бул убактылуу бийлик мага эмне кылып берет деп олку-солку болуп турган убак. Анан милициясы жок бизде коомдук тартип болбойт.

- Рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG