Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

БШК арыз-даттануулардын үстүнөн иштеп жатат


БШК шайлоонун жүрүшү, добуш берүүнүн жүрүшү боюнча келип түшкөн арыз-даттануулардын үстүнөн текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Арыз-даттануулар каралып бүткөндөн кийин гана шайлоо жыйынтыгы расмий чыгарылат деп билдирди “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов.

- Президенттик шайлоонун жыйынтыгы дээрлик жума күнү эле саналып бүтүп калганы маалымдалып атты эле. Жыйынтыгын бүгүнкү күнгө чейин күтүүгө эмне себеп болду?

- Жер-жерлерде шайлоо жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде райондук комиссиялар, райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде облустук шайлоо комиссиялары, облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, алардын натыйжасын ММКларга жарыялаш керек.

Жума күнү жер-жерлерде ар бир участкада бюллетендерди санап бүтүп, аларга протокол түзүлгөн. Азыр мен айткан тартипте келатат, кечээ Бишкекте БШКга баардык облустардан протоколдор келип түштү. Биз жер-жерлерде жумушчу топторду түзүп шайлоонун жүрүшү боюнча, добуш берүүнүн өтүшү боюнча түшкөн арыз-даттануулардын кароонун үстүндө иштеп атабыз. Мыйзам боюнча арыз-даттанууларды карап туруп, анан кийин гана шайлоонун жыйтынтыгын чыгарып элге жарыялашыбыз керек.

- Шайлоо күнү ар кандай мыйзам бузуулар болгондугун ЕККУнун байкоочуларынын миссиясы да белгилеген эле. Бүгүн эгерде расмий жыйынтык жарыяланып кала турган болсо, ал эми буга чейин шайлоо күнү болгон мыйзам бузуулар боюнча кандайча чаралар көрүлөт. Анткени таанылбай калат деген сөз да бар?

- Биз бүгүн жарыялайбыз дегенден алыспыз, биз бүгүн жыйынтыгын чыгаралы деп атабыз. Үч күңдөн бери шайлоонун жүрүшү боюнча жер-жерлерде мыйзам бузуулар болду, мыйзамга каршы келген иштер болду деген арыздардын, актылардын үстүнөн иштеп атабыз.

Эми өзүңүздөр билесиздер өнүккөн демократиялык мамлекеттерде деле, ошолордун катарында биздин Кыргызстанда да айрым бир түшүнбөөчүлүктөр болот экен, айрым бир мыйзамга туура келбеген иштер жасалат экен. Бирок биз алардын жыйынтыгын карап чечим кабыл алышыбыз керек.

Биздин байкоочулар болобу, жөнөкөй шайлоо процессинин катышуучулары болобу, жөнөкөй шайлоочу кайрылса да биз алардын арызына көңүл бөлүп, алардын мыйзамдуу тартипке келтиришибиз керек.

- Борбордук Шайлоо Комиссиясынын азыркы курамы турган мезгилде эч качан акыйкат шайлоо болбойт деген мааниде аябай катуу эле сын-пикирлер айтылып атат. А.Атамбаев да айтып кетти, Курманбек Бакиевди эл эмес БШК гана шайлады деп. Ушундай сындарга карата сиз кандай жооп бере аласыз?

- Эми БКШ бул коллегиялык орган, бирөөнүн ою же чечими менен кайсы бир маселени жөнөкөй бир киши чечпейт. Жогорку Кеңеш аркылуу шайланган, президент аркылуу дайындалган мүчөлөрдөн турат. Андай бир айткан сын-пикирлер менин оюмча туура эмес. Себеби биз колдо болгон мыйзамдын негизинде, колубузда болгон фактылардын негизинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарабыз. Биз өзүбүзчө велосипед ойлоп чыгарбайбыз. Жер-жерлерде төмөнкү турган шайлоо комиссиялардын пртоколунун негизинде статистикалык орган караты биз жыйынтыгын чыгарабыз. Анткени биз бир нерсе ойлоп чыкпайбыз.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG