Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Түштүктөн түндүккө жер которгондор


Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдан улам өлкө ичинде да жер которуулар болуп, ондогон адамдар түштүк аймагынан борбор шаарга келишкен. Алардын көпчүлүк бөлүгүн балдар жана аялдар түзөт.

11-июнда башталган башаламандыктан улам Ош шаарынын тургуну Жээнбек үй-бүлөсү менен бир күн бою үйдөн чыкпай отурууга мажбур болгон. Эртеси күнү абалдын курчуп жатканын көрүп, үй-бүлөсүн коопсуз аймакка көчүрүү максатында Бишкекке сапар тартууну чечкен. Жолдун жабылганы бир катар кыйынчылыктарды туудуруп акыры борбор шаарга келген:

-Бир суткадан ашык биз блокада сыяктуу эле отурдук, өзүбүз жашаган кварталда. Анан 12си күнү эртең менен эшикке чыгып сураштырсак, ошо Алайдан келген жол толугу менен ачылды дегенинен улам жолго чыгып, жол жүрүп келдик. Бирок Оштогу абал өтө эле татаал болчу. Ошол тегеректеги үйлөр бүт өрттөнүп, өзбек тараптан, кыргыз тараптан атышуулар болуп жаткан. Биз тобокелге салдык. Бир чакырым жер кооптуу жер экен. Ошол жерден жол болуп өтүп кеттик. Ошентип үй-бүлөнү алып чыгуу үчүн Бишкекке келдим.

Оштогу окуялардан улам Бишкекке жер которгонго аргасыз болгондордун так санын аныктоого учурда мүмкүн эмес. Анткени алардын басымдуу бөлүгү көбүнчө тууган-уруктарына гана кайрылып жатышат. Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардан улам жер которууга аргасыз болгондор менен иш алып барып жаткан “Кебел” жаштар клубунун мүчөсү Мирзат Аджиев билдиргендей жер которуп жаткандардын арасында жакындарын жоготуп, психологиялык жардамга муктаж болгондор көп:

-Мен ойлоп жатам. Үч категориядагы жер которгондор болуп жатат. Биринчиси толук үй-бүлөсүн жоготкондор же жалгыз калгандар. Андан кийинкиси болсо үй-бүлөсүндө бир мүчөсүн жоготкондор жана андан кийинкилери болсо үй-жайын жоготуп, материалдык абалын жоготуп туугандарыныкына келип жаткандар болуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей 15-16-июндан бери Бишкекке 200 гө жакын адам түштүктөн келген. Бирок алардын кайсы жерде жайгашып, Бишкектин кайсы аймагында жашап жатканы так белгисиз. Убактылуу жер которууга аргасыз болгондор мүмкүн болгон баардык жолдор аркылуу, алсак жүк ташып барган учактарда, автоунаалар аркылуу Бишкекке жетишкен.

Ал эми 17-июнда Оштон 64 жана Жалал-Абаддан 12 бала Бишкекке жеткирилген. Аталган министрликтин өкүлү Чолпон Калмырзаева берген маалыматка ылайык түштүктө жабыркаган тургундарга жардам берүү багытында Эмгек, калкту жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдында атайын штаб түзүлгөн жана бул штаб аркылуу балдарга көмөк көрсөтүү иштери жүргүзүлүп жатат:

-Биздин эң негизги жумушубуз жалгыз ата-энесиз калган балдарды коргоо боюнча. Андай балдар азырынча жок деле болуп жатат. Көбүнчө Жалал-Абад менен Оштон келген адамдардын арасында же өзүнүн ата-энеси же жакын туугандары болуп жатат. Же жакшы тааныган кошуналарынын балдары менен келип жатышат.

Учурда Ош жана Жалал-Абаддан келген балдарга бир катар медициналык, психологиялык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары Бишкектеги кээ бир үй-бүлөлөр аларга убактылуу жардам берип үйүндө карап турууну каалагандыгын билдирип жатышат. Жер которууга аргасыз болгон балдар менен иш алып барып жаткан “Жалпы билим берүүчү мекемелердин бирикмесинин” өкүлү Гайша Ибрагимова билдиргендей Жалал-Абаддан Бишкекке келген жаш балдар алгач оор абалда болгон:

-Жалал-Абаддан келген балдар оор абалда жеткирилди. Алар терең коркуу жана депрессиялык абалда келишти. Алар бир канча күндөн бери укташкан эмес. Алардын тамак-ашы жок болчу. Бир нерсе алууга акчалары да жок экен. Ошондой эле балдар эч кандай документтери жок келишти.

Учурда убактылуу жер которууга аргасыз болгондордун жашаган жерлерин аныктап, үй-бүлөсүнөн адашып кеткендер болсо табыштыруу иштери башталуу алдында.

XS
SM
MD
LG