- Бул сынак жылына Азия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулуп келет. Ага Азиянын журналисттери катышат. Быйылкы сынакка орточо эсеп менен 250 журналист катышып, алардын ичинен он алты адам финалист болушту. Конкурска адамзаттын өнүгүү проблемаларын чагылдырган макалалар тандалат. Мен буга чейин эки жолу IWPR га жазган макаларым үчүн сынакка катышып, финалга чыккам. Быйыл болсо “Азаттыкка” чыккан үй-жайсыз калгандар тууралуу макалам үчүн барганы жатам.
- Борбор Азиядан финалга чыккан башка да журналисттер болдубу?
- Жок, Борбор Азиядан мен жалгыз элемин. Финалга чыккандар Малайзия, Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдөн.
- Сыйлык тапшыруу аземи каякта, качан өтөт?
- Ал салтанат жылыга Токиодо өтөт. Мен 11-ноябрда кеткени жатам. Жылына бара берип, чынын айтсам чарчап калдым. Бирок быйыл биринчи орунду алып, жеңүүчү болом го деген үмүт менен кетип жатам.
- Маегиңизге рахмат, ийгилик каалайбыз.