- Акбаралы мырза, сиздин аймактардан жыйнап келген кол тамгаларыңызды эсептөө учурунда сизди нааразы кылган кандай проблема чыгып кетти?
- Азыркы убакта кол топтоонун негизги фазасы бүткөн. Кол тамгаларды текшерүү жүрүп жатат. Бирок БШКнын мүчөлөрү, жумушчу топтун жетекчиси Токтогул Султакеев жана мүчөсү Жамиля Алымбековалар Шайлоо Кодексинин онунчу жана алтымыш экинчи беренелерин түздөн түз бузууга жол берип жатышат. 2005-жылкы президенттик шайлоодо дагы биз ушундай кол топтогонбуз. Тагыраак айтканда 72 миң 222 кол топтогонбуз. Ошонун ичинен 66 миң 628 кол туура деп табылган. Бул сапар дагы 74 миң 81 кол топтодук. Анын ичинен 65 546 колду жети областыбыздын жана Бишкек, Ош шаарларынын шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кайра-кайра текшерип, мыйзам түрүндө мөөрүн басып, протоколдорун даярдап, БШКга жөнөтүшкөн. Мыйзам талап кылган 50 миң колдун ордуна, 65 546 кол тапшырдык. Ошого карабай БШКнын эки мүчөсү Султакеев менен Ж. Алымбекова шайлоочулардын жана президентикке талапкерлердин укугун бузууга барып жатышат.
2005-жылы президенттик шайлоого мен талапкер катары катышып, Курманбек Бакиев менен түздөн түз саясий күрөшкө чыккамын. Шайлоонун жыйынтыгында “экзит-пол” боюнча экинчи орунда, БШКнын эсеби боюнча үчүнчү орунга чыккамын. Мүмкүн дагы ошондой болбосун деп кабатыр болуп, же башка ой-максат менен мен үчүн 65 546 мыйзамдуу топтолгон кол тамгаларыбыздын санын азайтууга аракет кылып жатышат.
- Кол тамгаларды эсептөө ишине сиздин ишенимдүү адамдарыңыз катышкан жокпу?
- Султакеев менен Алымбековалар менин ишенимдүү адамдарымды кол тамгаларды эсептөө ишине аралаштырган жок. Ага аракет да кылышкан жок. Бул жерде биз топтогон колдордун протоколдору кандай сакталды, бурмаландыбы деген суроо чыгып жатат. Анткени, протоколдор беш күндөн бери алардын колунда болду. Беш күн өткөндөн кийин Шайлоо Кодексинде каралбаган жаңы эсептөө ыкмаларын ойлоп табышыптыр. Мыйзам боюнча БШКнын бир да мүчөсү топтолгон колдордун санын азайтууга эч укугу жок.
- Эми ушундай кыйынчылыктан чыгуу үчүн кандай кадамдарга барган жатасыз?
- Элге кайрылабыз, шайлоого байкоо салган эл аралык уюмдарга кайрылабыз жана сотко кайрылабыз. Ага чейин мен төмөнкүдөй билдирүү жасап коюшум керек. Мына азыр Бишкекте кечки саат ондон элүү мүнөт өттү. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийге кайрылабыз. Урматтуу төрага, БШКнын эртеңки жыйынына Султакеев менен Алымбековалар даярдаган менин документтерди киргизүүгө мен түздөн түз каршымын. Анткени биз Султакеев менен Алымбековаларды сотко беребиз.
БШК төрагасы дагы Султакеев менен Алымбековалар даярдаган документтерди шашылыш түрдө БШКнын жыйынына киргизүүгө аракет жасаса, анда мен Д. Лисовскийге да ишеним көрсөтпөйм. Кыргыз элине кайрылам, эл аралык уюмдарга, биринчи иретте ЕККУнун жетекчилерине кайрылам. КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын кеңешинин башка катчысы Михаил Кротовго кайрылам. ЕККУнун байкоочулар тобунун башчысы Радмира Шекерицага кайрылам. Урматтуу М. Кротов, урматтуу Р. Шекерица, сиздерди ушул түзүлгөн кырдаалга калыс байкоо жүргүзүп берүүңүздөрдү суранам.
P.S. Боршайком А. Айтикеевди президентикке талапкер каттоо маселесин 13-июнда караган жатат. БШКнын мүчөсү Т. Султакеевдин “Азаттыкка” айтымында, эсептөөнүн жыйынтыгында чын эле А. Айтикеевдин жыйнап келген кол тамгалары элүү миңге чыкпай жатат. Ошондуктан БШК аны талапкер катары каттоодон баш тартышы ыктымал. Т. Султакеев БШКнын чечимин талашып соттошууга А. Айтикеевдин укугу бар экенин белгилеп, БШК сот чечимине баш ийе турганын белгиледи.