Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

"Ак жол" Курманбек Бакиевди президенттикке көрсөттү


“Ак жол” партиясы бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайында өз лидери Курманбек Бакиевди президенттик экинчи мөөнөткө талапкер кылып көрсөттү.

"Ак Жол" партиясы 2007-жылкы парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн. Партиялык курулушту чыңдоо аркылуу мамлекеттик башкарууну күчтөндүрүүнү максат кылган бул партия парламентке дароо эле 71 добуш менен келди. Президент Курманбек Бакиев башында турган бул партиянын курамында азыр 104 миң мүчө бар экендиги маалымдалууда. “Ак жолчулар” муну мамлекеттин кызыкчылыгындагы күжүрмөн аракеттери менен негиздеп келатышат.

Бирок коомдук-саясий чөйрө мындай ишенимдүү көз карашты бөлүшпөйт. Бийликти сындаган көптөгөн саясий күчтөрдүн баамында бул партия идеологиянын эмес, бийликтин күчү менен түзүлгөн. Ага жараша элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга койгон, партиялык башкаруу принциптерин тутунган саясий уюмдардын катарына кошпойт. Мындай көз караштардын жөнүн талдоочу Табылды Акеров “Азаттыкка” берген интервьюсунда партиянын негизделүү табияты менен байланыштырды:

- Бул жерге өтө бай, акчалуу адамдарды тартышып, таасирдүү кландарды киргизишип, азыркы бийликти, сактап, коргоп туруучу бирикмени түзүштү. Адатта мындай саясий уюмдар узакка жашай албайт. Маселен, Аскар Акаевдин учурунда түзүлгөн “Алга, Кыргызстан” партиясы тарап, анын мүчөлөрү кийинчерээк парламентке келгенде партиянын атынан сүйлөгөндөн качып калышкан.

“Ак жол” партиясы адегенде эле парламентке бийликтин күчү менен келип, демократиянын эрежелерин бузду, өкүмзордукка барды деген сынга кабылды. “Ата мекен” партиясына бириккен оппозициялык саясий күчтөрдүн мандат албай калышы далилге тартылып келатат. СДП, Коммунисттер партиясынан алда-канча көп добуш алганына терең ишенген коомчулук өкүлдөрү аликүнчө БШКнын чечимин тааныбай,

“Ак жол” партиясынын депутаттарын мандаттары мыйзамсыз деп келатышат. Жарандык коомдун бир бөлүгү парламентти таратып, демократиянын, партиялык шайлоо системасынын талаптары менен шайлоо өткөрүүнү сунушташууда.

Анткен менен “ак жолчулар” президенттин партиясы түзүлгөнү өлкөдө саясий туруктуулук пайда болду, парламент жемиштүү иштеп, бийлик бутактары ортосунда ыраттуу иш жүрүп жатат деп терең ишенип турушат. “Ак жолчу” депутат Ибрагим Жунусов, маселен, буга далил катары буга чейинки саясий жагдайды эскерди:

- Мурдагы үчүнчү чакырылыштын депутаттары иштетпей, канча аракеттерди жасатты, өздөрүнүн терс жагы менен. Өкмөт менен парламент биргелешип иштеше албай бир топ аркага тартты.

Саясат таануучу Марат Казакбаев “Ак жол” партиясынын мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердүүлүгү алгылыктуу, бирок партия өзүнүн кадырын элден алыс туруп алгандыгы менен түшүрүп жатат дейт.Талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде:

- Бишкектин гана тегерегинде иштешет. Райондордо болсо маселен, “Ак жолдун” көпчүлүк уюмдары акимиаттарда гана иштешет. Ушундай түзүлүп калган.

“Ак жолдун” ичинен президенттик шайлоо алдында “Ак жолго” өзүнүн ичинен акаарат айткан партияны негиздөөгө күжүрмөн катышкандардын бири Элмира Ибраимова болду. Ал партияны элдин кызыкчылыгын көздөө максатынан тайып, үй-бүлөлүк, чакан топко кызмат кылган партияга айланып баратат деп сындады.

“Ак жолго” өзүнүн “Менин өлкөм” партиясы менен кирип, президенттин партиясын уюштургандардын бири болгон мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнөн кийин пайда болгон мындай билдирүү коомчулукта “Ак жол” партиясында бөлүнүп-жарылуу жүрүп жаткандыгы тууралуу аңыз кепти күчөткөндөй болду.

Президенттик шайлоо алдында ушундай жагдайга кирептер болгон партия өзүн күчтөндүрүү камын көрө баштады. Жакында саясий кеңешке чогулуп, партиянын биримдигине доо кетирди деп мурдагы фракция башчысы Элмира Ибраимованы өз катарынан чыгарды. Ал эми бүгүнкү курултайда президенттикке талапкерди көрсөткөндөн кийин курултай уставын өзгөртүү, саясий кеңештин санын кыскартуу, ишмердүүлүктү күчөтүү маселелерин күн тартибине киргизгени кабарланды.

Оппозиция болсо мындай аракетти президенттик шайлоого байланыштырган эле кезектеги көз боемочулук деп, анын келечегине ишенген жери жок. Оппозициялык күчтөр арасында “Ак жол” партиясынын "өмүрү" Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүнөн ары ашпайт деген көз караш айтылып жүрөт.

PS: Макала даярдалып атканда "Ак жолдун" курултайы президенттикке талапкер кылып Курманбек Бакиевди көрсөткөнү кабарланды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG