-Мына кечээ үгүт иштерин жүргүзүү жараяны башталары менен талапкерлер бири түндүккө, бири түштүккө, башкалары башка жактарга барып, үгүт иштерин жүргүзүүнү башташты. Кечээ Таласка барган талапкер К. Бакиевге жергиликтүү бийлик тарабынан чоң урмат-сый көрсөтүлүп, ал эми Токтогул менен Кара-Көлгө барган Алмазбек Атамбаевге жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар болду. Мындай теңсиздиктин аягы эмнеге алып барат?
-Эми шайлоо учурунда Кыргызстанда бул эреже болуп калды, бийлик өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып административдик ресурсту колдонуп, шайлоо эрежелерин одоно бузуп, аракет жасайт да. Эми бул көрүнүш деле ошонун өзү болду. Алмаз Атамбаев буга чейин премьер-министр болуп иштеген, өзүн элге таанытып алган кандидат да.
Ошондуктан бул бийлик бүгүн Алмаз Атамбаевди өзүнүн негизги кандидаттарынын бири катары эсептеп, ар бир жерде бут тосконго аракеттенип жатат. Мына бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жолугушулар, ар кандай иш чаралар болуп өттү бийлик тарабынан. Курманбек Бакиевди жаңы программалары катары көрсөтүлдү.
Мына ошолордун баардыгы эле чын-чынына келгенде үгүт болуп эсептелип жатат да. Ошондуктан мындай окуялар кайталана берет. Атамбаевге карата, же болбосо Сариевге карата башка дагы шайлоо кодексин бузган окуялар көп болот деп ойлойм да.
- БШК бардык талапкерлер үчүн мамиле да, талап да бирдей болот деп айтып жатат. Бирок ушундай окуяларга БШК көңүл бурабы?
-Бул жерде БШК эч нерсени чечпейт. Кыргызстанда 17 жыл аралыгынан бери эле ошондой болуп келе жатат. БШК эмес президенттин администрациясы чечет жана ошол БШКнын бүт аракеттерин алар көзөмөлгө алып турат. Эгерде алар өзүн эркин сезип, кичине эле шайлоону туура жолго алып барууга аракет кылса, бийликтин талапкерин өткөрүү үчүн тигилер аларды тескеп коет. Бүгүнкү күндө БШКнын дээрлик баардыгы эле “Ак жол” партиясынан болуп калбадыбы.
-Мына Ирандагы акыркы шайлоолордун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген адамдар көчөгө чыгып атышат. Кыргызстанда болсо азыртан эле шайлоо акыйкат өтпөйт, барбайбыз деген пикирлер айтылып атат карапайым адамдардын ичинен. Сиз кандай ойлойсуз, ушул быйылкы жылкы шайлоо чындыгында эле адилет өтөөрүнө ишенич барбы?
-Быйыл чынында шайлоо болбойт деп деле айтсак деле туура болот го. Себеп дегенде, административдик ресурс менен колдонуп эле бюллетендерди салып жиберип, участкаларда добуштарды сатып алып бийлик утуп чыгат. Мына беш жыл аралыгында элге, элдин көңүлүңө кала тургандай эч нерсе деле жасалган жок да.
Ошондуктан, азыркы жасалып атакан нерселерди эл түшүнбөй калып атат да. Эмне үчүн буга чейин жасалган жок эле булар деп кабыл алынбай жатат да бийлик тарабынан жасалган иш-аракеттердин баары. Ошондуктан элдин баарынын көңүлү оппозиция тарапта болот. Шайлоого келген элдин көпчүлүгү оппозиция тарапка берет добуштарын. А шайлоону административдик ресурс менен эле өткөрүп бүтүрүшөт да. Анын аягы, албетте, чыр-чатакка алып келет.
-Табылды мырза, сизге чоң рахмат!
-Эми шайлоо учурунда Кыргызстанда бул эреже болуп калды, бийлик өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып административдик ресурсту колдонуп, шайлоо эрежелерин одоно бузуп, аракет жасайт да. Эми бул көрүнүш деле ошонун өзү болду. Алмаз Атамбаев буга чейин премьер-министр болуп иштеген, өзүн элге таанытып алган кандидат да.
Ошондуктан бул бийлик бүгүн Алмаз Атамбаевди өзүнүн негизги кандидаттарынын бири катары эсептеп, ар бир жерде бут тосконго аракеттенип жатат. Мына бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жолугушулар, ар кандай иш чаралар болуп өттү бийлик тарабынан. Курманбек Бакиевди жаңы программалары катары көрсөтүлдү.
Мына ошолордун баардыгы эле чын-чынына келгенде үгүт болуп эсептелип жатат да. Ошондуктан мындай окуялар кайталана берет. Атамбаевге карата, же болбосо Сариевге карата башка дагы шайлоо кодексин бузган окуялар көп болот деп ойлойм да.
- БШК бардык талапкерлер үчүн мамиле да, талап да бирдей болот деп айтып жатат. Бирок ушундай окуяларга БШК көңүл бурабы?
-Бул жерде БШК эч нерсени чечпейт. Кыргызстанда 17 жыл аралыгынан бери эле ошондой болуп келе жатат. БШК эмес президенттин администрациясы чечет жана ошол БШКнын бүт аракеттерин алар көзөмөлгө алып турат. Эгерде алар өзүн эркин сезип, кичине эле шайлоону туура жолго алып барууга аракет кылса, бийликтин талапкерин өткөрүү үчүн тигилер аларды тескеп коет. Бүгүнкү күндө БШКнын дээрлик баардыгы эле “Ак жол” партиясынан болуп калбадыбы.
-Мына Ирандагы акыркы шайлоолордун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген адамдар көчөгө чыгып атышат. Кыргызстанда болсо азыртан эле шайлоо акыйкат өтпөйт, барбайбыз деген пикирлер айтылып атат карапайым адамдардын ичинен. Сиз кандай ойлойсуз, ушул быйылкы жылкы шайлоо чындыгында эле адилет өтөөрүнө ишенич барбы?
Быйыл чынында шайлоо болбойт деп деле айтсак деле туура болот го. Себеп дегенде, административдик ресурс менен колдонуп эле бюллетендерди салып жиберип, участкаларда добуштарды сатып алып бийлик утуп чыгат.