Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Жаңы конуш тургундары нааразы


Бишкектин четинде жайгашкан Ак-Жар жаңы конушунун эки миңге чукул тургундары беш жылдан ашуун убакыттан бери суу, электр жарыгы жок жашап жатышканын айтып, бул маселелерди чечип берүүнү бийликтен талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразылык акциясына чыккан адамдарды тартип коргоо органдары күч менен таратууга аракет жасап, айрым конуш тургундары тебелендиде калган. Бирок мындай маалыматты ИИМ четке кагууда.

Март ыңкылабынын беш жылдыгына карата Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Ак-Жар жаңы конушунун эки миңге чукул тургундары 24-мартта беш жылдан бери чечилбей келе жаткан суу, электр жарыгы, жерди юридикалык каттоо маселесин кайрадан көтөрүп чыгышты. Алар Бишкек-Кемин айлана жолун тосууга аракет кылышкан. Бирок тартип коргоо органдары аларды күч менен таратууга аракет жасашып, жаңы конуштун тургундарынын айтымында 5-6 адам тебелендиде калды.

Акция катышуучулары үч миң түтүнгө бир гана суу түтүгү болгон үчүн сууну сатып алганга аргасыз экенин билдирүшүүдө. Нааразылык акциясына чыккандардардын бири Гүлбүбүнүн айтымында, акциянын бир гана максаты - жарыкты күйгүзүп, адамча жашоо:

- Ак-Жар тургундарына чечим чыгарып берсе. Суу, жарык менен адамча жашагыбыз келет. Ошол менен эле күрөшүп жатабыз. Бала бакча, ФАБ болушу керек. Биздин чогулуп чыкканыбыз саясатка эч тиешеси жок. Болгону маселебизди чечип беришсин.

Ал эми нааразылык акциясына катышып, милиция кызматкерлери түрткөндө тебелендиде калган Аида Усупбекова бийлик буларды унутуп койгонуна наарызы. Ал Ак-Жар юридикалык каттоодон өтпөгөндүктөн балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу кыйын болуп, мектепке бара албай, ал эми көп аялдар үйлөрүндө төрөгөнгө аргасыз экенин айтты:

- Беш жылдан бери эч ким караган жери жок. Каттоо жок, балдарды мектепке албай кыйналдык. Мектепке араң киргизебиз. Медициналык бекет жок.

Чогулгандарга Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев келип, жер маселеси сот аркылуу гана чечиле турганын, тийиштүү аракеттер жасалаарын билдирди.

- Бул жер менчикке берилген экен. Мага чейин болгон аким менчик жерди сот аркылуу чечүүгө доо-арызын берген. Сот аркылуу менчик деген чечимди жокко чыгаруу максатында. Сот чечет да аны. Эми бул маселе өкмөттүкү болсо жарымын ушул жердин тургундары, жарымын өкмөттүн эсебинен эле чечилмек. Менчик болгон үчүн беш жылдан бери келе жатат.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” ырасташынча, акцияга 100-150дөй адам чогулган. Анын айтымында, нааразылык акциясына чыккан Ак-Жар конушунун 17 жаранына Аламүдүн районунун прокуратурасы мындан ары коомдук тартипти бузбоо боюнча эскертүү берди. Ал ошондой эле тартип сакчылары кармап, сабады деген маалыматты четке какты.

- Ички иштер органдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн улам жол ачылып, жолдогу унаалардын каттоосу кайра ордуна келтирилген. Ички иштер органдарынын кызматчылары тарабынан мыйзамсыз түрдө уюштурулган акциядан эч ким кармалган жок.

Деген менен Ак-Жардын дагы бир тургуну Батма Кадырова милициялардын элге жасаган мамилесине нааразы болуп, Кыргызстандын жараны катары укуктарын коргоп берүүсүн жогорку жетекчиликтен өтүндү.

- Жүздөгөн милициялар келип, бул жердеги аялды тоголото түртүп салды. Колундагы баласы ыйлагандыктан аны милициянын колуна “кармап турчу” деп кармата салдык. Бийлик элди укса карапайым элдин укугун ушунтип коргойбу, армияны алып келип карапайым элди сабатабы!? Бийликтин эч нерсеге башы оорубайт. Ал болгону жер сатыш керек, өздөрүнүн бизнесин жасаш керек.

Ак-Жар жаңы конушу “Дордой” базарынын ылдый жагында жайгашкан. 2005-жылы элдер бул жерлерди басып алып, үй курушкан болчу. Аким Марс Сакараев ушул маселелерге тиешелүү кишилерди алып келип, 24-мартта түштөн кийин эл менен кайра жолугууга убада кылды. Социалдык маселелерди чечүү максатында чогулган конуштун тургундары бул маселе аягына чейин чечилмейинче митинг, пикеттерди өткөрө беришерин айтып жатышат.
XS
SM
MD
LG